Жабырлануучу: «КЫЙНАШКАНДА ЖАСАБАГАН КЫЛМЫШТЫ МОЮНУМА АЛГАНГА АРГАСЫЗ БОЛДУМ»

Адам баласы канчалык цивилизациялуу коом курганга аракет кылбасын, кыйноо кылмышты моюнга алдыруунун жолдорунун бири болуп келген жана болуп келет. Эгерде милиция бөлүмүндө дубинка же башка курал жок болсо, бул эч нерсени билдирбейт. Калем, тамеки, ийне же кадимки целлофан баштыгы кыйноо куралы болуп бериши мүмкүн. Бул буюмдар да кылмышка шектүүнүн "чын дилинен кылмышты моюнуна алуусуна" жардам бере алат.

АТТИШ ДА КУРАЛ

Көптөгөн фактылар аныкталбай калып келгендиктен Кыйноолор тууралуу расмий статистика чыныгы абалды түшүндүрбөйт, себеби көптөгөн фактылар аныкталбай келет. Ошондуктан коомчулукта кыйноолор тууралуу арыздануу пайдасыз, ал тургай коркунучтуу деген түшүнүк жашап калган. Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин өткөн айда берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 2011-жылдан бери кыйноо боюнча 46 кылмыш иши сотто создугуп келет. Анын айтымында, кыйноо боюнча айыпталган милиция кызматкерлерине карата 2 гана өкүм чыккан. Алардын бири 10, экинчиси 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Башкы прокуратура тарабынан кыйноо боюнча 2014-жылы 16, 2015-жылы 34 кылмыш иши козголгон.
Тилекке каршы, кыйноонун айынан ден соолугунан ажырап калган учурлар да жок эмес. Мисалга, 2016-жылдын 29-июнунда Кадамжай районунун тургуну Нургазы Сартаевдин милиция кызматкерлеринин ур-тепкисинен улам эки бөйрөгү жабыркап, ага 2 жолу операция жасалган. Ошондой эле 2015-жылдын 30-декабрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун милиция кызматкерлери үндүк уурдаганга шектелип кармалган Урмат Кубанычбековду сабап, колдорун аттиш менен кыпчытып кыйнашкан.

"КЫЙНАП, КЫЛМЫШТЫ МОЮНДАРЫНА ИЛИШКЕН"

Башкы прокуратуранын кыйноолорго каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кетиренов кыйноо фактысы боюнча төмөнкү окуяны айтып берди:
– 2015-жылдын октябрь айында бизге "милиция кызматкерлери күнөөсүз жаш баланы кыйноо жолу менен кылмышты моюнуна алдырышыптыр" деген маалымат түштү. Мен Бишкектин СИЗОсуна барып, 17 жаштагы Адилет Иманкулов деген жигитке жолуктум. Сүйлөшсөм, "Байке, мени жөн эле коюңуз, кылмышты моюнума алдым. Зонага кете берейин. Мага ден соолук керек",- деп чыкты. Мен ага жакшылап түшүндүргөн соң гана эркиндикке чыгарына ишенип-ишенбей жатып болгонун айтып берди. Ал "2015-жылдын 21-апрелинде Токмок шаарында жана 21-июлда Ысык-Ата районунда болгон каракчылык кылмыштарды кыйноо жолу менен моюнума илип коюшту, мен ал убакта Орусияда жүргөм" деди. Биз да маалымат топтоо үчүн Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын Чек ара кызматтарына кайрылдык. Бардык тараптан Адилет Иманкулов кылмыш болгон убакта Орусиянын Казань шаарында болгон деген жооп алдык. Бул ишти текшерип жаткан убакта Иманкулов менен кошо кармалгандар Жеңишбек Кенжебек уулу, Уран Асанов жана Рамазан Беласан дегендердин да бул кылмыштарга тиешеси жоктугу, милиция кызматкерлери кыйнаганда аргасыз кылмышты моюнуна алгандары билинди. Текшерип көргөнүбүздө, кылмыш болгон убакта бири оор абалда ооруканада дарыланып жаткан болсо, дагы бири мурун кылган кылмышы үчүн абакта жазасын өтөп жүргөнү аныкталды. Аларды кармап, кылмышты моюнуна илген милиция кызматкерлери алардын кылмышка тиешеси жок экендигин билсе да көрсөтмөлөрдү бурмалашкан. Ошондон кийин айыпсыз жарандарды уруп-сабап, коркутуп, зордук-зомбулук көрсөтүп, кордоп, жасабаган кылмышты моюнуна алдырган Токмок ШИИБинин 2, Ысык-Ата РИИБинин 2 опер кызматкеринин үстүнөн 305-1 (кыйноо), 326 (далилдерди жасалмалоо) жана 325-берене (көрсөтмө берүүгө мажбурлоо, кордоо көрсөтүү менен коштолсо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери аяктап, далилдер толук топтолгондо иш 2016-жылдын 24-июлунда Аламүдүн райондук сотуна кароого жиберилди. Бул иш биздин көзөмөлдө, соттун чечими чыккан соң кошумча маалымат беребиз. Ал эми күнөөсүз эле кармалган 4 жигиттин иш-аракеттеринде кылмыш аракет жок деген жүйө менен тергөөдө кыскартылып, эркиндикке чыгышкан.

"КАЙРА КОРКУТУП ЖАТЫШАТ"

Жабырлануучу Адилет Иманкулов:
– Бишкектеги "Орто-Сай" базары жакта баратсам, милиция кызматкерлери келип кармап кетишти. Алып барган соң "2 кылмышты моюнуңа аласың" деп целлофан баштык кийгизип сабап, ийне сайып, электрошокер менен басып кыйнай башташты. Суу да беришкен жок, 3 күн болгондо айла жок кылбаган кылмышты моюнума алууга аргасыз болдум. Жалпысы 5 айдай абакта отурдум. 1 айдай СИЗОдо жалгыз жаттым, ошондо түнү деле келип чыгарып кетип сабап жүрүштү. Мени сабаган милиция кызматкерлери моралдык жактан төлөп бербей эле коюшсун, кечирим сурап кетишсе деле сүйүнүп калат элем. Кечирим сурагандын ордуна телефон чалып алып "соттолуп кетсек таарынба" деп коркутуп жатышат.


"ИЙНЕ САЙЫП, ДУБИНКА МЕНЕН САБАШЫПТЫР"

Кабылбек Иманкулов, жабырлануучунун атасы:

– 2015-жылдын 22-август күнү кечки саат 9дарда мага "Ысык-Ата РИИБинин тергөөчүсүмүн, балаңыз бизде камакта, келип калыңыз" деп бирөө телефон чалды. Эртеси аялым экөөбүз барсак, уулубузга жолуктурбай эле аны Токмокко алып кетип калышты. Тергөөчү мага "уулуңуз башкалар менен кошо таксистти бычактап, машинасын айдап кеткен. Кылмышын моюнуна алды",- деди. Мен "силер эмне үчүн жашы жете элек баланы жактоочу же ата-энеси жок суракка алдыңар?" десем, "өзү эле моюнуна алды" деп койду. Уулумду алып кеткен Токмок ШИИБине барсак, Тариел уулу деген тергөөчү "уулуңуз 2 жолу каракчылык кылыптыр" деди. Уулума жолуксам, ал "ата, үйгө барып паспортумду караңызчы. Милиция кызматкерлери кылмыш кылгансың деп жаткан убакта мен Орусияда болчумун",- деди. Үйгө келип карасам паспортунда 21-июль күнү Орусиянын аймагынан чыкты деп мөөр басылыптыр. Уулум ошол күнү Орусиянын аймагынан чыгып, дагы 2 күн Казакстандын аймагы аркылуу келсе, анан кантип кылмышка катышмак эле? Уулум таксистти тоногон балдардын жанында болуптур, бирок берки эки кылмышты жасаган эмес. Айтсам эч кимиси көңүл бурбай коюшту. Айла жок прокуратурага барып арыз жаздым.
Көрсө, уулум Орусиядан келгенден кийин бирөө карыз акчаңды берем деп чакырса барган экен. Анан анын жанындагы жигиттер баламды кошуп алып таксистти тоношуптур. Уулум болсо коркуп, кете албай алардын жанында жүрө бериптир. Аны бизге да айткан эмес. Биринчи уулумду ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармап сабап, бир кылмышты моюнуна алдырыптыр. Андан соң алар Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлерине салып беришиптир, алар болсо целлофан баштык кийгизип, табарсыгына дубинка менен уруп, тырмагынын астына ийне сайып кыйнап ачылбай жаткан кылмышты моюндарына алдырышыптыр да, Токмок РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришиптир. Алар өз кезегинде дагы бир кылмышты моюнуна алдырышыптыр. Азыр уулумдун үстүнөн козголгон каракчылык боюнча кылмыш иштери жабылып, таксистти тоногон кылмышты жаап-жашырган деп айыпталып жатат.
Прокуратуранын тергөөчүсү 16 милиция кызматкерине кылмыш иши ачылат деп жаткан, алар бириндеп азайып отуруп азыр төртөө эле калыптыр. Адамдарды кыйнаган кызматкерлер жоопко тартылбаса, дагы канча кишинин убалына калат билбейм. Анысы аз келгенсип бирде жактоочу, дагы биринде жабырлануучулардын бири келбей калып жатып 16 жолу соттук отурум болбой калды. Сот деле акыйкат чечим чыгарарына көзүм жетпей калды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Милициялар башыма целлофан кийгизип, ийне сайгылап кыйнашты"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Mirkgz-1990
2016-08-15 09:54:35
Милиция кызматкерлерине ушул үчүн сый жок .. чыныгы кылмышкерлер сыртта жыргап бирөөнү тоноп жан багып жүрөт.а булар бир кедей кембагалдын баласын камап. Күнөөсү жок 5 жыл отуруп өмурун талкалаган бирөө чыгып жазаңарды бербесе силер карга карганын көзүн чокупайт экен
+16
MIRBOLOT
2016-08-15 10:18:20
Үндүк уурдаган таяк-тепки жеп, кыйноолорго дуушар болууда, ал эми миллиондоп жегендер-акчанын күчүнө салып кутулушууда.Акыретте жооп бересиңер, ар бир нерсенин акысы бар. "Эч ким жазасыз калбайт!"Акыйкат-аркы дүйнөдө!
+17
Nurkyz1977
2016-08-15 10:47:47
Кудайдан коркпогон жырткычтар азыр тоок уурдаса камалат а миллиондорду уурдап жеп тойбогондор жаза алышпайт адам олтурсо да акча болсо акталат анын ордуна акчасы жок бир бечара чыркырап чындыктын бетин ачалбай турмого кете берет. Аллахым баардык пенделерин туура жолунан адаштырбасын.
+6
leilekstan_1987
2016-08-15 12:31:39
Акыретте Аллах сенин жазанды берсин.
+7
AykaMer
2016-08-15 13:29:15
Ии Кудайым врач менен милицияларга кунубузду корсотпосун. Ооруп калсан врачтар озунон кетет бой которуп,асмандагы акчаны сурап,курук тооматка кабылып акыйкат издеп келсен милиция,адвокат,соттор озунон кетет. Кой алыс эле болсун бизден. Кыргызстанда акыйкат нерсе жок,местаны ээлеп элдин акчасын жегенден башканы билишпейт...
+9
kyrgyz_girl
2016-08-15 23:05:57
Качан бизге тартипти темирдей кармаган, акыйкат ажо келет,умутум деле калбады...
+5
Daldachka
2016-08-19 16:23:57
kyrgyz_girl,мен сизге кошулам онугубузго козум деле жетпей калды
0
vangolu
2016-08-15 23:06:02
Иса омуркуловдун баласы камалган жок ээ
+3
mirlaane
2016-08-16 11:19:25
militsialar baary ele militsya emes arasynda mentteri kop u4urait! gerseyip suylogon mentterdi tumwugun turo koygum gelet kyiamat jakyndaganda uydun kuyrugun karmagandar koboyot jana goop ketiwet!
+2
Shef87
2016-08-16 22:45:25
милициянын башында тургандарга наалат
+2
sadirov
2016-08-17 17:40:20
admin media видеолор корсотпой жатат ко
0
kuba1985
2016-08-17 23:59:57
ТОЙГОНЧО ЖЕП ОЛГОНЧО КАРГАНАТ БУЛАР,
+1
osmonsheraliev
2016-09-30 02:49:37
Милициялар план толтурушту. Алардын аркасы менен прокурорлор дагы. Карга карганын козун чукубайт. Тиги милиционерлердин жакшы крышасы жок болду го. Болбосо прокурорлор болушмак аларга.
0
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан