Тауекел Мусилим, актёр: "ИШИМДИН КӨПТҮГҮНӨН ЖАКЫНДА ҮЙЛӨНБӨЙМ"

Белгилүү казакстандык телеалпаруучу, актёр, ырчы, казак кыздарынын сүймөнчүгү Тауекел Мусилим учурда кыргыз режиссёру Руслан Акундун "Апамды издей" тасмасына тартылып жатат. Бишкекке фильмди тартуу иштерине келген актёр менен маек курганга жетиштик.

– Куш келипсиз, Тауекел! Кыргызстанга биринчи жолу келип жатасызбы?
– Саламатсыздарбы, рахмат! Бала кезде Ысык-Көлгө каникул сайын келип эс алып кетчүбүз. Ал эми Бишкек калаасына биринчи жолу келишим. Абдан кооз шаар экен. Көчөлөрү, үйлөрү Алматыга, адамдардын кичи пейилдиги, меймандостугу казактарга окшошуп кетет экен.

– Бишкекте элдер таанып жатышабы?
– Ооба, көбүнчө көчөдөн кыздар таанып жатышат. Инстаграмга Бишкекке келген видеомду жүктөсөм көбү "Куш келипсиз, кайсы жерден сизди кездештирсек болот?" деп сурап жатышат. Бул нерсе мени, албетте, кубандырат.

– Учурда режиссёр Руслан Акундун тасмасына тартылып жатканыңызды билебиз...
– Лос-Анжелесте достор менен эс алып жүргөндө Руслан Акун мага "кино тартканы жаттым эле, макул болсоңуз сүйлөшөлү" деп жазып жиберген экен. Бирок Лос-Анжелесте Руслан менен жолуга албадым. Кийин экөөбүз Казакстандан жолугуп, мен сценарийди окуп чыгып, жактырдым. "Апамды издей" тасмасы жанры боюнча комедиялык драма, буюрса, менин алгачкы толук метраждуу тасмам болот.

– Биз сизди телеалпаруучу, актёр, ырчы катары тааныйбыз...
– Искусстводо артист деген термин бар. Ал бийлегенди, ырдаганды, сахнада роль аткарганды, айтор, өзүн чектебеген адам. Чыгармачылыкта жүргөн адам өзүн искусствонун бардык тармагында сынап көрсө болот. Мага да кызык болду, аракет кылып көрдүм, окшошту. Учурда алып баруучулук жана актёрлук кесип менен жакшы иштеп жатам, ал эми ыр жаздырганга убакыт тар. Бизде атаандаштык күч, таланттуу ырчылар көп. Мени Казакстанда ырчы катары кабыл алыша элек, бирок болбой калды деп эле ырчылыкты токтотуп салгым келбейт. Адам өзүнүн үстүнөн иштесе, бардык тармакта ийгилик жаратышы мүмкүн.

– Романтик жигиттин ролун көп аткарарыңызды байкадык...
– Ооба, мисалы, "Махабатым жүрегимде" сериалында өзүмдү эле ойногом. Бирок романтикалык ролдорго карама-каршы келген ролдорду да аткаргым келет, мисалы, каракчы, бандит, куу, шуулдаган жигиттин ролу болсо ойномокмун. Комедиялык роль абдан татаал, учурда Астанада да бир комедиялык тасмага тартылып жатам. Ал фильмдин продюсери мени башкы ролго бекитерден мурун тааныш-билиштеринин баарына чалса "Тауекелден комедиялык актёр чыкпайт, оюну анча эмес" деген сындарды айтышыптыр. Бирок алардын оюна карабай мени башкы ролго алды, эми ошол туура эмес сындарды айткандар "бизди сөзсүз чакыр, Тауекелдин ойногонун көрүшүбүз керек" деп кызыгып жатышыптыр.

– Сизди кыргызстандык модель, "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева менен жылуу мамиледе деп уктук эле?
– Азыркыга чейин эле жылуу мамиледебиз (күлүп). Жашырганда эмне, ооба, биз кыз-жигит болуп жүргөнбүз, чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү жүктөгөндө "казак кыздар калбай калдыбы?" деп сөз кылгандар болгон. Тилекке каршы, ошол учурда Жамиля окуусу менен чет өлкөгө, мен да өзүмдүн долбоорлорум менен алек болуп мамилебиз үзүлүп калды. Азыр жакшы достордонбуз.

– Чыгармачылыгыңызды модель болуп иштөөдөн баштаган экенсиз?
– Ооба, мектепте окуп жүргөндө боюмдун узундугу 178 сантиметр болсо, студент болгондон кийин 190 сантиметрге жеттим. Өзүмдү аябай ыңгайсыз сезе берчүмүн. Арык, узун, бүкүрөйгөн, уялчаак бала элем. Спорт залга барып салмак коштум. Эжем модель болуп иштечү. Бир жолу аны досу үйгө чейин узатып келип калды, карасам бою узун, келишимдүү казак жигит экен. Мен моделдик кесипке келгенге чейин казак модель жигиттер жок болуш керек деп ойлочумун, модель десе эле түшүнүксүз ориентацияда жүргөн жигиттерди элестете берер элем. Эжемдин досу менен таанышып, сүйлөшүп отуруп ал мени "модель болуп иштебейсиңби" деп чакырып калды. Аны менен Алматыда өтчү мода жумалыгынын кастингине барып, моделдик карьерамды баштагам.

– Көпчүлүк казак басылмалары сизге атактуулукту келбетиңиз алып келгенин жазышыптыр...
– Кастингдерге барганда келбетим жардам берчү, бирок видеопробаларда кулап калчумун. Өзүмдүн үстүмдөн иштедим. Келбетим жакшынакай деп эле ал артыкчылыгыма таянып отургандардан эмесмин. Бош убакта вокалга барам, актёрдук чеберчилик боюнча сабак алам. Чыгармачыл адам бир нерсени далилдеп жана өсүп гана турушу керек. Мисалы, мен жаңыдан телеалпаруучулукка кадам таштаганда "журналистикага такыр тиешеси жок адам эмнени кыйратмак эле?" деген сындар айтылган. Азыр мен мурункуга караганда жакшыраак алып барам.

– Бойдокчулук менен качан коштошоюн деп жатасыз?
– Ишимдин көптүгүнөн улам жакында үйлөнбөйм го. Азыр жеке жашоого алаксууга убакыт эмес деп ойлойм. Мен азыр ушундай жакшы баскычта турам, карьерамда көкөлөп учуп, бийикте отурукташып калгым келет. Буга чейин сүйүп көргөн эмесмин. Эгер сүйүп калсам, эртең үйлөнүүгө даярмын.

– Болочоктогу үй-бүлөңүздү кандай элестетесиз?
– Жашоодо бир жолу үйлөнүп, аны менен өмүр бою жашагым келет. Көп балалуу болсом дейм. Кичинемде ата-энем ажырашып кетишкен, бала тарбиялоодо атанын ролу маанилүү. Жеке мага атанын тарбиясы, колдоосу жетишпей калган. Апам менен эжем тарбиялап, жумшак өстүм. Ошон үчүн үйлөнгөндө ата-энемдин катасын кайталагым келбейт. Ал эми болочоктогу аялым тамакты даамдуу жасашы керек.

Тасма тартуу учурунда "Махабатым жүрөгимде" сериалындагы өнөктөшү менен.


"Жамиля менен ынак достордонбуз".


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
sansho
2016-08-15 12:40:46
Буга чейин сүйүп көргөн эмесмин. Эгер сүйүп калсам, эртең үйлөнүүгө даярмын.
Жогоруда айткан созуно кайра каршы суйлойт да. Жамила менен кыз жигит эмес беле.суйбосо кантип кыз жигит болушмак
+9
evidens
2016-08-15 15:12:15
жон эле ойноп отуруп кыз жигит бп коюшса керекта)))
+8
mumu00
2016-08-17 09:26:22
Красавчик)))Жамиля молочина казак кыздарынан тартып алыптыр)))Эми озуно уйлондуруш керек.
+1
aiba_00
2016-08-17 14:42:38
Ушул интервьюну окуп алып махабаттым журогумдо кинону кордум сонун тартылыптыр, жасалмасы жок чыныгы жашоодой тартылган кино экен мага жакты. [moderated]дан корсонор болот, ото суйкумдуу жигит экен.
0
Nurtilek001
2016-08-21 13:05:45
Кыз-жигит болгонбуз деп туруп кайра буга чейин эч кимди суйгон эмесмин дейт ошондо тиги кызды алдап жургон болуп калабы...?Кыргызымдын кыздары суйом куйом деп койсоле алдана бербей олуттуу мамиледе суйлошсонор.
0
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан