«Супер сулуу-2016» сынагынын 1-турунан өтпөй калган селкилерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берилди. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин SUPER.KG порталы аркылуу жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан алдыңкы беш кыз финалга өтөт. Финалда жеңүүчү болгон бийкеч алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып саякаттап келүүгө жолдомо алат.