ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (15-августтан 21-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Август айынын ортосу кой жылдызындагылар үчүн урушка, кармашууга, ар кандай жаракат алууга жакын болот. Ошондуктан өзүңүздү колдон чыгарбаганга, абайлап жүрүүгө аракет кылыңыз. Ошого карабай сиздин аракеттериңиздин баары оң жагынан чыгат. Эң башкысы, кандай баарлашууга барбаңыз чектен ашпаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үй-бүлөдө опурталдуу маселелер жаралат. Аялдарга байланыштуу маселени чечүүдө чечкиндүү болушуңузду жылдыздар эскертишет. Эчак болуп өткөн окуялар козголуп, кайрадан талкууга алынат. Жашооңузда өзгөрүү болот. Андыктан даяр болуңуз, кандай өзгөрүү болбосун өзүңүзгө таяныч издеңиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Болор-болбос нерсеге эле жиниңиз келе берет. Мунун баары психикалык жактан чарчагандыгыңыздын белгиси. Өзүңүздү колго алуу менен эс алыңыз, жеңилдеңиз, баш аламан ойлордон кутулуңуз. Жайдын акыркы айынын ортосунда сизди көптөгөн кызыктар күтөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жетекчилик менен карама-каршы пикирлер жаралат. Сизге азыр маселелерди чечүү, кызматтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү оор. Ошондуктан аракеттериңиздин баары жөн гана убаракерчилик болуп калышы мүмкүн. Жакындарыңыз менен болгон баарлашуу сизге жакшы маанай тартуулайт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Арстандар эки гана ой жашаарына ишенишет. Бири туура эмес, экинчиси өздөрү гана ойлогондой. Өзүңүздүн ойду гана туура дей бербей, элдикин дагы угууга аракет кылыңыз. Ар кандай чыр-чатактарга себепкер болуп калышыңыз ыктымал. Акча жаатында маселе жаралат. Той-топур да көп болот.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиздин активдүү кыймыл-аракетиңиз жакшы жыйынтык алып келет. Сизге финансы жагынан чоң колдоо керек болот. Жакындарыңыздын да кеңешине муктаж болосуз. Анткени алдыда өзүңүз көптөн бери пландап жүргөн ишти ишке ашырууга мезгил келип жеткенин сезесиз. Андыктан көп эмгек кылуудан жалкоолонбоңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сизде жакшы иштеп, көп акча таба турган мүмкүнчүлүк бар. Кызматтык жаңы таанышуулардын аягы мыкты долбоорлорго сунуш түшүү менен аяктайт. Бирок аягы көрүнбөгөн иштерди чечүүдө абайлаңыз. Сизде мүлк сатып алуу кубанычы болот.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптаны жаңылануу аптасы деп атап алсаңыз болот. Анткени кийинген кийимиңизден стилиңизге чейин өзгөртүүнү чечесиз. Чыгармачыл адамдарда башкача стилде иштеп көрүү идеясы келет. Бул мыкты чечим. Андыктан артка жол жок.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Оор учурдун күбөсү болосуз дешет жылдыздар. Энергияңыз түгөнүп, жумуш деп жулунбай, шалдырап отуруп каласыз. Бир сөз менен айтканда, энергия кризисине кептелесиз. Көйгөйү бүтпөгөн жашоодо 18-августтан тарта баары жеңилдей баштайт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жакын адамдарыңыз алыска эс алууга чакырат. Канчалык баргыңыз келсе да ден соолугуңуз тоскоол болот. Ооруканага жатып калууга аргасыз болушуңуз ыктымал. Ошондо баарынан ден соолук бийик турарын сезип, өзүңүзгө карай баштайсыз. Бул учурда сизге ким жакын экенин билесиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта окуяларга өтө бай. Кызыктуу жолугушуулар, жаңы таанышуулар, эс алуу. Кыскасы, такыр зерикпейсиз. Ошого жараша маанайыңыз да жакшы болот. Бул апта өмүрүңүздөгү унутулгус апталардан болорун жылдыздар эскертишет.

БАЛЫК(20.02-20.03)
Карызга акча бербеңиз да, албаңыз. Аягы чыр-чатак менен бүтүшү күтүлөт. Жаңы жашоого кадам таштаңыз. Өзгөрүүнү башкадан эмес, өзүңүздөн баштаңыз. Стереотиптерден кутулуңуз. Сүйүүдө жолдуу болосуз. Досторуңуз аркылуу жаңы таанышууларга кабыласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан