5-август күнү Рио-де-Жанейро шаарынын "Маракана" стадионунда Олимпиада оту жанып, оюндар расмий түрдө ачылды. Мелдештин биринчи күнүнөн тарта бүйүр кызыткан беттештер орун алып, алгачкы жеңүүчүлөр аныктала баштады.
КАРНАВАЛ КОШТОГОН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ
Учурда Бразилиянын экономикалык жагдайы көңүл толорлук эмес, андыктан Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине ашыкча каражат коротулбаганы байкалды. Анда Бразилия карнавалдын мекени экендигин көрсөтүп, шаңдуу ыр жана самба бийи тыным алган жок. 200дөн ашык өлкөнүн спортчулары өз өлкөсүнүн желеги астында чыгып, өлкөбүздүн желегин мушкер Эркин Адылбек уулу көтөрүп чыкты.
Салтанаттын ток этер жери да келип, көрүүчүлөр Олимпиада отун Пеле жандырат деп ойлошкон. Бирок мындай мүмкүнчүлүк марафончу Вандерлей Кордейруга берилип, кезинде атактуу болгон жеңил атлетчи Олимпиада отун жандырды.
ОТАР БЕСТАЕВДИН АРАКЕТИ ЖЕТИШСИЗ
6-август күнү кыргызстандык спортчулардан биринчи болуп дзюдочу Отар Бестаев татами үстүнө чыгып, 60 килограммга чейинки салмакта Африканын учурдагы чемпиону египеттик Ахмед Абелрахман менен кезикти.
Теңине албай койгон атаандашын спортчубуз беттеш ортосунда көтөрүп жыкты. Иппон! Бул дзюдо тилинен таза жеңиш дегенди билдирет. Андан соң Отар дүйнөлүк рейтингде 3-орунда турган азербайжандык Орхан Сафаровго уттуруп жиберди. Олимпиадага биринчи жолу катышып жаткан 24 жаштагы спортчубуз күйөрмандардын үмүтүн актай албай калгандыгы үчүн кечирим суроого жетишти.
КЫРГЫЗ БОКСУНУН КЕЙИШТҮҮ АБАЛЫ
Кыргыз мушкерлери 8 жылдан кийин кайрадан Олимпиада оюндарында. 81 килограммга чейинки салмакта Эркин Адылбек уулу колумбиялык Карлос Каррилього каршы турду.
Желек көтөрүп күчүн жоготконбу, айтор, биздин мушкер алгачкы раунддан тарта мыкты беттеш өткөрө алган жок. Тажрыйбанын жоктугу 2-раунддан тарта даана байкалып, беттеш Каррильонун жеңиши менен аяктады. Эл аралык карьерасы башталганына 1 жылдан ашык гана убакыт болгон Эркин үчүн бул Олимпиада тажрыйба үчүн ири мектеп болгону күмөн жаратпайт. Бирок кыргыз боксу канчалык артта калганы жана жаңы чемпиондор качан чыгары белгисиз болгону кейитпей койбойт.
ДАРЬЯ ТАЛАНОВА 33-ОРУНДА
7-август күнү сууда сүзүү боюнча мыкты спортчуларыбыздын бири Дарья Таланова 100 метр аралыкка брасс стилинде күчүн сынады. Атактуу атаандаштарынан эч тартынбай сүзгөн Дарьянын көрсөткүчү 1 мүнөт 10,94 секундду түздү. Муну менен Дарья 43 спортчунун ичинен 33-орунга гана татып, тилекке каршы, мелдештен четтеп калды.
Бул аралыкта жеңүүчү аталган америкалык Лилия Кинг "жеңүүчү болуп колуңду өйдө көтөрөсүң, бирок сенин допинг колдонгонуңду баары билишет" деп күмүш медаль алган орус спортчусу Юлия Ефимовага тийишип өттү. Белгилей кетсек, кезинде Юлия эки жолу тыюу салынган каражат колдонгону үчүн мелдештерден четтеп калган болчу.
КЫРГЫЗ СПОРТУНУН ТАРЫХЫНА КИРГЕН ЖАҢЫЛ ОКОЕВА
Жаңыл Окоева Бразилияга барары тууралуу 2 апта калганда гана билинген. Албетте, бул убакыт аралыгында татыктуу машыгууга жетишүүгө мүмкүн эмес эле. Биздин спортчу 6-август күнү оор атлетика боюнча 48 килограммга чейинки салмакта чыкты. Муну менен Жаңыл оор атлетикада алгачкы жолу Олимпиадага катышкан спортчу кыз катары кыргыз спортунун тарыхына жазылды.
Жаңыл Окоева жулкуп көтөрүүдө 72 килограмм, түртүүдө 97 килограмм салмакты көтөрүп, жалпысы 169 килограммды түздү. Жыйынтыгында Жаңыл 10-орунга илинип, медалга жетпей калды. Ал алдыңкы сегиздикке киргендерге сыйлык убадаланганын билди болду бекен?..
ИЗАТ АРТЫКОВ КОЛО БАЙГЕ УТТУ
9-август күнү Кыргыз өлкөсүнүн Олимпиададагы медалдар саны ачылды. Бул күнү оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта Изат Артыков кыргыз намысын талашты. Бул салмак ченинде дүйнөнүн мыкты делген 21 спортчусу катышты. Өзүнө башынан эле ишенген спортчубуз жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды көтөрүп, 5-орунга жазылды. Кезек түртүп көтөрүүгө келип, Изат 188 килограммды көтөрдү. Муну менен ал бардык кыргыз күйөрмандарынын маанайын көтөрдү. Себеби спортчунун жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчү 339 килограммды түзүп, Изат Артыков 3-орунга татыды. Кыргыз желеги Бразилияда көтөрүлдү!
"Кыргыз күйөрмандардын үмүт-тилегин орундатууга бардык күч-кубатымды жумшадым. Эң биринчи Москвада иштеп жүргөн мен үчүн эң кымбат адамым — апамды, ушундай даражага жеткирген устаттарымды, кыргыз элимди кубанта алдым деп ойлойм",- деп кубанычы менен бөлүшөт атлетчи.
ЖАШ СПОРТЧУБУЗ ТАТЫКТУУ КҮРӨШТҮ
16 жаштагы суучул Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс стилинде жарышка 9-август күнү чыкты. Эң жаш спортчулардын катарына кирсе да, өзүн татыктуу көрсөткөн спортчубуз болгон аракетин жумшады. Анын көрсөткөн жыйынтыгы 2 мүнөт 16,57 секундду түзүп, 38-орунга илинди. Жогорку деңгээлдеги бул мелдештер спортчубуздун келечеги үчүн чоң сабак болору шексиз.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg