Кыргызстанда азырынча анча популярдуу эмес, бирок дүйнө жүзүн каптап келе жаткан Pokemon GO оюну тууралуу сиз билесизби? Бул оюнга ар бир онунчу адам кызыгат. Анда эмесе мезгилден артта калбай, бул оюн жөнүндө кененирээк билип алыңыз. Анткени бул оюн жакында Кыргызстанды да капташы ажеп эмес.
Покемон (Pokemon) деген сөздүн мааниси англис тилинен которгондо "рocket – чөнтөк, мonster – монстр же жырткыч" дегенди билдирет. Pokemon GO – бул "кошумча реалдуулук" технологиясына негизделген бекер тиркеме, мында реалдуу дүйнө менен виртуалдуу дүйнөнүн айкалышуусу бар. Анткени бул оюндун эң башкы максаты – покемонду кармоо, ал эми смартфондун бетиндеги покемон реалдуу чөйрөнүн түсүндө көрсөтүлөт. Бул оюнда башкы каармандар – түрдүү жөндөмдөргө ээ покемондор же "чөнтөктөгү монстрлар". Оюнчулар чыныгы дүйнөдө аларды кармоого аракет кылышат, ал эми кармап алган оюнчуга сыйлык катары "момпосуй" берилет.
Кантип ойноого болот?
Оюнчу оюндун аккаунтун (каттоо) түзгөндөн кийин чачынын,терисинин жана көзүнүн өңүн тандап алып аватарды (колдонуучунун графикалык сүрөтү) түзөт. Андан кийин оюнчунун географиялык жайгашкан жери көрүнөт. Картадагы покемондорду көк өң менен көрсөтүүчү – бул PokeStops болуп саналат. Оюнчу канчалык покемондорго жакындаган сайын ал формасын өзгөртүп, кубикке окшоп калат. Картадан покемондорду байкаган оюнчу аны реалдуу жашоодо издеп баштайт.
КИМДИН ИДЕЯСЫ?
Покемондорду чыныгы дүйнөдө жайгаштыруу "Nintendo" компаниясынын президенти Сатору Иватанын жана "The Pokemon Company" компаниясынын өкүлү Цунэказу Исихаранын идеясы болуп саналат. Жогорудагы эки инсан бул идеяны ишке ашыруу үчүн чөнтөк телефондорго оюндарды ойлоп табуу менен алектенген "Niantic" компаниясы менен биргеликте
30 миллиондун тегерегинде инвестиция жумшашкан.
Бир жума аралыгында эле компаниянын жумалык таза кирешеси 1,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми азыркы учурда бул көрсөткүч мындан 5 эсеге ашты. Бул оюнга кызыккандардын саны геометриялык прогрессиянын тездигинде өсүп жатат. Японияда ар бир төртүнчү адам Pokemon GО оюнун ойношот. Бул оюн Японияга чейин АКШда атактуулугу артып, ар бир онунчу адам оюнду колдонуп келишкен. Ал эми Бишкекте Pokemon Go оюнун ойногондор шаардын бул башынан тиги башына чейин жөө келип калганын билбей калышууда.
ОЮНДУН ОҢ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ
Оң жактары
Терс жактары
ОЮНГА БАЙЛАНЫШТУУ ОЙГО КЕЛБЕГЕН ОКУЯЛАР
Уулкан Бактыбекова
koom@super.kg