Атантай Акбаров, акын, обончу: "ЖУБАЙЫМДЫН КАЛЫҢЫН ЫР МЕНЕН ТӨЛӨГӨМ"

Окуучу кезде ойноктоп "чачыңды сүйдүм, кашыңды сүйдүм, өзүңдү да, сөзүңдү да сүйдүм" деп бир кызга ыр арнай коём деп уят болгон элем. Классташым "Атантай Акбаровдун ырын айтып жатасың, калпычы турбайсыңбы" деп бетимди жер караткан. Ошондон улам бул ырдын тарыхы, кимге арналганы, качан жазылганы мага кызык болуп келген. Көрсө, бул акындын болочоктогу жубайына арналып, ашыктыктын деми менен калем шилтеткен ыр экен.

– Бул ырдын жаралуу тарыхы өзгөчө. Ыр менин жашоом менен түздөн-түз байланышта. Студенттик кезде обонун да, сөзүн да жазууга түрткү берген ырдын каарманы – мени бүткөн бою менен сүйдүрүп алган өмүрлүк жубайым Өктөм болду. Ал экөөбүз бир тайпада чогуу окуганбыз. Жаштыктын жалындуу күчү менен жеңеңерге болгон сезимим артып, аны болочоктогу жарым болушун эңсеп жүрөгүмдөн орун берип койгом. "Көз жүрөктүн күзгүсү" демекчи, Өктөм сулуу көздөрү менен жагымдуу карап койгондо өзүмдү коёрго жер таппай калчу элем. Бир ирет ага белек бермекчи болуп, бирок тартынчаактыгымдын айынан алган белегимди үч күн бере албай жүргөм. Анан ашыктыктын деми менен сүйкүмдүү, буудай ыраң курсташ кыздын көз карашына арбалып "Көзүңдү сүйдүм" аттуу ыр жаздым. Бул ырдын кантип жазылганын билген досторум "Атантай, сен ушул "Көзүңдү сүйдүм" деген чыгармаң менен жубайыңа өзгөчө калың төлөдүң" деп айтып калышат. Көздөрүнө жипсиз байланып ыр жазып, тартынып белек бере албай жүргөн тайпалашымдын жүрөгүн багынтууга ушул ырым да себеп болсо керек. Кудай кут кылсын, өзүн, көзүн сүйгөн жарым менен бактылуу жашап, бала-чакалуу, неберелүү болдук.
Бул ырды алгач сахнага Айчүрөк Иманалиева алып чыгып, андан кийин Элмира Кайып кызы, "Айкөл" тобу ырдап чыгышкан.

Ырды калың журтка жайылткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева чыгарманы кандайча аткарып калгандыгы тууралуу буларга токтолду:


Айчүрөк Иманалиева: "КӨЗҮҢДҮ СҮЙДҮМ" РЕПЕРТУАРЫМДАН АЛЫНБАГАН ЧЫГАРМА"

– 1995-жыл болсо керек, ырчылар менен Таласка гастролго барып калдык. Жолдо баратып Каныкей Эралиева "Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм, асели тамган сөзүңдү сүйдүм" деп ырдаганда дароо жактырып калдым. Гастролдон келгенден кийин аранжировка жаздырып ырдап чыктым. Чыгарма элге бат кабыл алынып, эбегейсиз популярдуулукка жетип, айрыкча жаштар "көзүңдү сүйдүм, өзүңдү сүйдүм" деп кыңылдап ырдап калышкан. 1995-жылы Казакстанга барып "Мыскыл жана тамаша" берүүсүндө аталган ырды ырдагам. Казак туугандарга жагып калып, ошол учурда телеканалдарынан байма-бай беришкенин уккам. Кээ бир ырларды бир эле жолу ырдайсың, айрымдарынын өмүрү узун болот. "Көзүңдү сүйдүм" репертуарымдан алынбаган чыгармалардын катарында. 20 жылга жакын убакыттан бери концерттерде, тойлордо ырдап жүрөм.


"Көзүңдү сүйдүм"


Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм,
Асели тамган сөзүңдү сүйдүм.
Сен десем жаным карлыгач болуп,
Серпилип учуп өзүңдү сүйдүм.

Кайырма:

Ээ-х, көзүңдү сүйдүм,
Сөзүңдү сүйдүм.
Карлыгач болуп
Өзүңдү сүйдүм.
Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм,
Асели тамган сөзүңдү сүйдүм.
Кагылган канат – кашыңды сүйдүм,
Агылган булак – чачыңды сүйдүм.
Көңүлдү көккө көтөрүп учкан
Көркөмдөй лаззат атыңды сүйдүм.

Кайырма:

Жүзүмдөй жүзүң бир көрүп сүйдүм,
Жүрөктө кызыл гүл өнүп сүйдүм.
Өлүмдү жерден алыска айдап,
Өзүңдү келет түбөлүк сүйгүм.

Кайырма:

Э-эх, бир көрүп сүйдүм,
Гүл өнүп сүйдүм.
Өзүңдү келет түбөлүк сүйгүм.
Жүзүмдөй жүзүң бир көрүп сүйдүм,
Жүрөктө кызыл гүл өнүп сүйдүм.
Өзүңдү келет түбөлүк сүйгүм.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
oilonchu92
2016-08-15 14:15:01
ушу агайдын ырлары абдан жагат....
+1
Tiguuchu
2016-08-15 18:11:49
Чаткалдын кулуну.
+1
Arslan12
2016-08-17 19:52:11
Азамат, чыгармаларынызга таазиам кылам!
0
Shat.88
2016-08-17 23:17:24
Оо биз бул ыр менен чонойгонбуз Айчурок Иманалиеваны туурап
+1
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан