АК СҮТҮН БЕРГЕН ЭНЕСИН ӨЛТҮРҮП...

“Эненин ак сүтүн актай албайсың”, “бейиш энелердин таман астында” деген сөздөр көп айтылат эл арасында. Кандай гана адам болбосун, өзүн жарык дүйнөгө алып келген энесине сый көрсөтүп, ак сүтүн актоого ашыгат. Бирок ошол ыйык деген эне затына сый көргөзмөк түгүл көрбөгөндү көрсөтүп, атүгүл өлтүрүп cалгандар да жок эмес...

ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛҮҮ
Зарлык үй-бүлөдө жалгыз уул эле. Үч бир туугандын кичүүсү болуп эрке чоңойгон. Эки кыздан кийин эркек бала көрсөк деп зарлап жүрүп көргөн ата-эне уулуна Зарлык деген ысым ыйгарышкан. Өзүнөн улуу эки эжеси орто мектепти аяктагандан кийин жогорку билим алышып, турмуштан өз жолдорун таап кетишкен. Зарлык орто мектепти аяктаары менен ата-энеси коңшу айылдагы тааныштарынын кызын алып берип, үйлөндүрүп коюшат. Алгач үйлөнбөйм деп жаа бою качкан жигит баары бир атасынын сөзүнөн чыга алган жок. Себеби атасы “мен көптөн бери ооруп жүрөм. Жаман айтпай жакшы жок, эртең ары карап кетсем, келинчегиңди көрбөй каламбы?” деген суроону койгон. Ошентип атасын ойлогон Зарлык да жаш үй-бүлөлөрдүн катарына кошулган.
Оозуна сала бергендей, баласынын үйлөнгөнүнөн беш-алты ай өтүп-өтпөй оорулуу ата көз жумат. Аска-зоодой тиреги болгон атасынан айрылуу Зарлык үчүн чоң сокку болуп, өзүн арак менен алдай баштайт. «Атам жок эми үйгө мен ээлик кылам» деген кыска түшүнүк менен апасынын да, аялынын да сөзүн укпай каалаганын кылат. Көргөндөр «эрке өстүрүп коюшкан, өздөрүнөн көрсүн...» деп ата-энесин күнөөлөшөт. Ал эми Зарлыкка жашоо арак менен кызыктуу болуп жаткандай сезилет.

АПАСЫ УУЛУНА ӨЧӨШҮП...
Жалгыз уулунун ичкиликке ооп баратканын көргөн эненин кабыргасы кайышып, көп жолу тыйган эле. “Балам, жаман уул атасы өлгөндө көбөт болбой, ичкениңди токтотсоң боло! Минтип отурсаң элге шерменде болобуз го” деген энесинин сөздөрү Зарлыктын оң кулагынан кирсе, сол кулагынан чыгат. Акыры тажаган эне эч нерсе деп айтпай калган. Айыл-апада өткөн той-топурда уурттап-татып койгону эле болбосо, Зарлыктын апасы ичкиликтен алыс эле.
Эмне себеп болду, эч ким билбейт. Уулунун ичкич болуп кеткенине күйдүбү же мен деле ичип кетейин деп уулуна өчөштүбү, айтор, күйүттүү эне күн өткөн сайын ичкиликке ооп баратканын өзү деле байкабады. Ошентип, бир үйдө эки ичкичтин пайда болушу жаңы келген келинге оор тийди. Таң эрте жумушка кеткендей үйдөн чыккан күйөөсү түш оой мас болуп келет. Кайненеси болсо дүкөнгө барып ичет, жетпей калса үйүнө ала келип ичет. Кыскасы, күндө үйдө эки мас. Ак эмгеги менен пенсияга чыккан Зарлыктын апасы болбогон пенсия алчу эле. Акыркы кезде анын пенсиясы арактан ашпай калган. Шаардан кыздары келип айтса, “макул, ичпейм” деп аларды жолго салат да, кайра эле баягысы кайталанат...
Эне кыздарынын тилин алып, ичкилигин тыйса, каргашанын алдын алат беле? Ким билет... Бирок аракка абдан көнүп калган эне анте албады.

“АЯЛЫМДЫ СЕН КЕТИРДИҢ...”
Мындай турмуштан ким болсо да тажаары бышык. Зарлыктын келинчеги алты айлык боюнда бар экенине карабай, тиги экөө “аң уулап” кеткенде төркүнүнө баса берген. Анын кеткенин билгенден кийин эне-бала мас бойдон алып келебиз деп артынан барышат. Бирок келиндин ата-энеси “кызыбызды силердей ичкичтердин колуна салып бере албайбыз. Өзүбүз эле төрөтүп, баласын багып алабыз. Экинчи келбегиле!” деп жолго салышат. Мындай жоопту уккан Зарлыктын аракка болгон кызыгуусу мурдагыдан да артып, көчөгө сулап калгычакты ичкенге өтөт. Ичкенде эч кимге ооз ачпаган Зарлык аялы кеткенден кийин “аялымды сен кетирдиң” деп апасына асылмай өнөр таап алат. Баласынын аракты токтотпосуна көзү жеткен эне өзүнө-өзү көзөмөл кылып, ичкиликти аз-аздан азайта баштайт. Бирок үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы болуп, таптакыр ичпей коюуга кудурети жетпейт.

ӨКҮНҮЧТҮҮ ӨЛҮМ...
Ошол күнү Зарлык адаттагыдай мас болуп келген. Коңшу айылдан келген бирөөдөн “келинчегиң кыз төрөптүр” деген сүйүнчү уккан. Үйгө келген соң “мен аялыма бармакмын, мага акча таап бер” деп энесин кыйнай баштайт. “Бүрсүгүнү пенсия тиет, ошондо чогуу баралы” деген апасынын сөзүнө сооронуп калат. Күттүргөн күн келип, көчөдө жүрүп “пенсия таратып жатат” дегенди уккан Зарлык кызуу болуп үйгө ашыгып келет. Кыялында аялына барып, кызын көрмөк. Тилекке каршы, ошол күнү апасынын пенсиясын дүкөнчү аял толугу менен карызына алып койгон эле. Бардыгын түшүндүрүп айткан апасын укпай, ызырынган бойдон “үйдү өрттөйм!” деп жулуна баштайт, Зарлык. «Бүгүн болбосо эртең акча таап берем, үйдү өрттөбө» деп какшаган энесин алка-жакадан алып, “баарына сен күнөөлүүсүң. Сен ичпесең аялым кетмек эмес! Сен ичпесең дүкөнгө карыз болбой, пенсияң тиймек” деп түртүп жиберет. Камгактай болгон эне байкуш эшиктин алдындагы бетонго кара кушу менен тийип, ошол эле жерден жан берет.

БААРЫНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
Ызы-чуу болуп жатканын уккан кошуналар чогулуп келип, энесин кучактап ыйлап отурган Зарлыкты көрүшөт. Бирөөлөр энеге боор ачып шыпшынышса, бирөөлөр ушул каргашага жеткирген ичкиликти каргап, айтор, кеп-сөз көп. Акыры эл милиция чакырып, “буга чейин эле бул үйдө кыйкырык-өкүрүк боло берчү. Баласынын ичип келип энесин сабаган күндөрү да болгон. Энесине жакшылык кылбаган киши кимге жакшылык кылмак эле? Мындай адамдын айылга кереги жок!” деп Зарлыкты укук коргоочуларга салып беришет.

СОТТУН ЧЕЧИМИ
Жогорудагы кылмыш иши боюнча териштирүүлөр беш айга созулган. Жыйынтыгында «Зарлык апасын атайлап өлтүргөн эмес, бул кокустук» деген тыянак менен 7 жыл­га эркинен ажыратылган. Кантсе да эне деген эне эмеспи. Зарлык жаза мөөнөтүн өтөө менен энеси алдындагы күнөөсүн сезип, башын муштап жүргөн чыгар.

Амантур Султанкулов
Ренат Мамытбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bais
2010-03-11 16:31:46
Адамдардын бири-бирине кылган мамилесин коруп кудай кечирбейт болуш керек, же бизди коруп бул жактарды таштап кетип калса керек! Менин жеке ойум.
0
kg-toxa
2011-07-26 03:40:44
уруш буткон сон кылычынды ташка чап демекчи!эми Зарлыктын окунгону бекер(ар бир кунолорубузду Аллах кечирсин)
0
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан