Саратан жай аяктап, окуучуларды мектепке даярдоо маселеси башталды. Албетте, мынчалык көп билим берүү усулдарынын ичинен сапаттуусун тандап алууда ар бир ата-энеде кыйынчылык жаралат. Төмөндөгү кеңештер жалпы ата-энелерге тиешелүү болмокчу.
РЕЙТИНГДИН САП БАШЫНДА – №61-МЕКТЕП
Балаңыз мектепти аяктаарда жогорку окуу жайына өтүү үчүн милдеттүү түрдө жалпы республикалык тестирлөө тапшырары баарыбызга маалым. ЖРТнын жыйынтыгы биринчи кезекте балаңыздын жөндөмүнөн жана ал окуган мектептен түздөн-түз көз каранды. Адатта эң жогорку баллдарды алган бүтүрүүчүлөр алтын сертификат алышса, 110 баллдан төмөн алгандар ЖОЖдордон билим ала алышпайт. Алтын сертификаттын артыкчылыгы – абитуриентке каалаган жогорку окуу жайында бюджеттик негизде стипендия алып окуусуна өбөлгө болот.
Бишкек шаарындагы Ефим Якир атындагы №61-мектеп гимназиясынын окуучулары 2012-жылдан тарта өлкө аймагы боюнча физика-математика багытында билим берүү сапатынын артыкчылыгы менен айырмаланып келет. Дал ушул мектепте 4 жыл аралыгындагы эң көп алтын сертификат алгандардын саны 2015-жылы болуп, андагы 17 окуучу өзүнүн лидерлигин көрсөтө алган. Ошондой эле жалпы өлкө аймагы боюнча кыргыз-түрк лицейлеринин билим берүү сапаты талапка жооп берерлик.
Ош шаарында болсо алтын сертификатты куржунуна салып кеткен бир катар мектептер бар. Алар: "Олимп" мектеп гимназиясы, "Агахан" мектеби, "Себат" жана "Сема" лицейлери.
АЙМАКТАРДАГЫ АБАЛ КАНДАЙ?
Ал эми аймактар аралык көрсөткүчтөргө таянсак, албетте, борборго салыштырмалуу жыйынтыктар болбосо дагы, бирин-серин ийгилик жараткандар жок эмес. Алсак, Ысык-Көл облусунда акыркы 2 жылда К.Карасаев атындагы лицей, Л.Толстой атындагы №1-мектеп билим сапаты боюнча айырмалана алган. Чүй облусу боюнча ар жылда ар башка мектеп жакшы көрсөткүчкө жетишкен. Мисалы: 2013-жылы Чүй районундагы Владимир Марков атындагы орто мектеп биринчи орунга жетсе, 2014-2015-жылдарда башкы орунду Кара-Балта шаарындагы №6-мектеп гимназиясы, быйыл Токмоктогу "Ак бата" мектеби мыктылыгын көрсөткөн. Жалал-Абадда кыргыз-түрк лицейи 3 жыл катары менен өзүнүн артыкчылыгын көрсөткөн. Ошондой эле алыскы Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Семетей" лицейинин бүтүрүүчүлөрү жыл сайын жогорку баллдарга ээ болушат. 2015-жылдагы бир жолку алтын сертификатка Нарын облусундагы М.Субакожоев атындагы лицейинин окуучусу ээ болсо, быйылкы жылы Талас өрөөнүндөгү кыргыз-түрк «Мээрим-Себат» лицейинин бүтүрүүчүсүнө алгачкы жолу алтын сертификат ыйгарылган. Мындай статистикага таянсак, Ысык-Көл, Талас жана Нарын аймактарында билим берүүнүн сапаты башка облустарга салыштырмалуу төмөн.
Өлкө аймагында
2013-2016-жылдары жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алгандардын саны:
Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg