Күркүрөгөн күз айы жакындап, кожойкелер кыям, салаттарды жасап кышка камылга көрө баштаган учур. Эгерде сиз салаттын кайсы түрүн жасоону билбей баш катырып жатсаңыз, төмөнкү салаттын түрлөрү сиз үчүн.
"БАКЧА" САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Бардык жашылчаларды жууп-тазалап алгандан кийин түстүү капустаны майда бөлүктөргө бөлөбүз. Бадыраң, сабиз, болгар калемпирин жана помидорду чоң-чоң кылып узунунан туурайбыз.
2. Бууланган банкага лавр жалбырагын, тоголок кара мурчту салып, үстүнө кесилген жашылчаларды, аягында сарымсак менен петрушканы салабыз.
3. Жашылчалар салынган банкага кайнак сууну куюп, оозун кайнатылган капкак менен жаап, 15 мүнөт тыныктырабыз. Андан соң банкадагы сууну мискейге куюп кайнатып, кайра банкага куябыз. Муну эки ирет кайталоо керек. Эми ошол эле сууну мискейге куйгандан кийин ага туз, кумшекер, уксусту кошуп маринад даярдап алабыз.
4. Маринадды банкага куюп, оозун капкак менен бекитебиз. Банканы көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз. Муздагандан кийин салкын жерде сактоо керек.
"ЧОУ-ЧОУ" САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Капуста, болгар калемпирин тазалап, туурайбыз. Пиязды тазалап, жарым шакекче түрүндө кесип алабыз. Баарын аралаштырып мискейге салабыз.
2. Лимондун ширесин кошуп, туздан себебиз. Баарын аралаштырып 1 саат жылуу жерде, андан кийин 3-6 саат муздаткычта сактайбыз.
3. Горчицаны жана тоголок мурчту майдалап жанчыйбыз.
4. Башка мискейге бардык татымалдарды жана кумшекерди аралаштырып, уксус кошуп кайнатабыз. Даярдалган аралашмага туздалган жашылчаларды салып жай отто 10 мүнөт кайнатабыз. Бул убакытта жашылчалар жумшарып калышы керек.
5. Бышкан салатты бууландырылган банкаларга салып, оозун бекитебиз.
ТӨӨ БУУРЧАК КОШУЛГАН ЛЕЧО
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Төө буурчакты чанагы менен кайнап жаткан туздуу сууга 5 мүнөттөй салып, сүзүп алабыз.
2. Сабизди аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Помидорду кабыгынан ажыратып эзип, өсүмдүк майын куюп аралаштырабыз. Буга сабиз, туз, кумшекерди кошуп 25 мүнөт кайнатабыз.
4. Эми аралашмага тууралган болгар калемпирлерин, сарымсакты жана төө буурчакты салып, 10 мүнөт кайнатабыз.
5. Соңунда уксусту куюп аралаштырып, бууландырылган банкаларга куюп, капкак менен бекитип коёбуз.
Тазагүл Эмилбек кызы
kenesh@super.kg