БАРГАН АДАМ КЕТКИСИ КЕЛБЕГЕН АБШЫР-АТА ШАРКЫРАТМАСЫ

Түштүк жергесине болгон сапарыбызда бизге бул ирет Борбор Азияга аты угулган Ноокаттын Абшыр-Ата шаркыратмасын көрүү буюрду. Биз барган учурда ат арытып келген зыяратчылардын саны 200дөй экен. Биз да шаркыратманын жана булактардын суусун татып, бул жердин жаралуу уламышы, касиети тууралуу шайыктар жана келген эл менен баарлаштык.

Жайгашкан орду
– Ош облусундагы Ноокат районунун Кулатов айылы. Ош шаарынан 70 чакырым алыстыкта. Шаркыратма жайгашкан Абшыр-Ата өрөөнү деңиз деңгээлинен 1500-2000 метр бийиктикте орун алган.
Шаркыратманын диаметри – 1,5 метр
Бийиктиги – 15-17 метр

"ШАРКЫРАТМА – ПАЙГАМБАРДЫН КЕРЕМЕТИ"

60 жаштагы Кулатов айылынын жашоочусу Абдижамил Таштемиров, шайык (мүрзө же ыйык жерлерди кайтаруучу):
– Бул шаркыратманын суусу кайдан жаралып, кайдан келгенин эч ким билбейт. Илгери окумуштуулар 40 чакырымга чейин изилдеп көрүшүп, таба алышпаптыр. Шаркыратма Идирис пайгамбардын касиетинен жаралган делет. Анткени ал ушул жерде жашап, ушул жерден элди ислам динине үгүттөгөн. "Мен пайгамбармын" дегенде эл ага ишенбей, "анда бир керемет көрсөт" дешет. Ошондо пайгамбар таягы менен тоонун боорун урса, ал жактан сүт агып чыгыптыр. "Абшыр" фарс тилинен которгондо "сүт суу" дегенди билгизет дешет. Кийин кыз-келиндер ошол сүткө кир жууп, эл күнөөгө бата турган иштерди жасай баштаганда сүт сууга айланып калыптыр. Андыктан шаркыратма – пайгамбардын керемети.
Негизи Абшыр-Атада ташка жазылган араб сөздөрү бар. Кечинде бул жерде жалгыз калгандардын кээ бирлерине узун ак көйнөкчөн чачын жайган аял көрүнөт экен. Бул жерге Кыргызстандын төрт тарабынан тышкары Өзбекстандан, Тажикстандан жана чет өлкөдөн туристтер келишет. Шыпаа-Булактын касиетин айтсам, аялымдын гастрит оорусу бар, ушул суудан ичкенде оорусу басылат.

"БАЛА ТИЛЕП КЕЛГЕНДЕР КӨП"

Сапаралы Сулайманов, 70 жашта, Ай-Тамга айылынын жашоочусу, шайык:
– Союз кезинде шаркыратманын жанында жайгашкан үңкүрдү адамдар жашоочу кепеге айлантмак болушкан. Бирок курулушунда иштеп жаткан адамдардын биринин колу-буту иштебей калган, дагы бири жол кырсыгынан улам каза болгон соң ишти токтотуп салышкан.
Мурун шаркыратмага катар жайгашкан даамы ар бөлөк 7 булак бар эле. Кийин ал жерге темирден боз үй тигебиз деп бешөөсүнүн көзүн жаап салышты. Буюрса, алардын көзүн тазалап, ачабыз деп турабыз. Эми бул жакка тарыхый музей курулат. "Мурун ушул жерге келип сыйындым эле, балалуу болдум же оорумдан кутулдум" дегендерди көп эле угабыз.

"АЙРЫМДАР ЫРЫМДАП БУЛАККА КҮЗГҮ ТАШТАШАТ"
Токтокан Арапова, 66 жашта, Ноокат шаарынын тургуну:
– Биз үй-бүлөбүз менен ушул жерге 1 жылда 1-2 жолу келип эс алып кетебиз. Сыйынып, тилек кылабыз. Шыпаа-Булакка кээ бирөөлөр кайра да келели деп ырым кылып күзгү, тыйын ташташат. Бул жакка келип кеткен соң ыйык жайдын касиетинен улам өзүңдү бир нече ай жакшы сезип жүрөсүң.


"АБАСЫ БРОНХИТ МЕНЕН АСТМАНЫ АЙЫКТЫРАТ"

Мээриниса Шаамырзаева, 76 жашта, Кулатов айылынын жашоочусу:
– Мен бул жерде 17 жылдан бери майда-чүйдө, анын ичинде желим бөтөлкө да сатам. Ыйык жердин, күндө ичкен булак сууларынын касиетиби, айтор, көп оорубай, алдуу-күчтүү жүрөм. Бул жакка бир келген адам кайра да келгиси келе берет. Сыягы, бир касиет тартып турат го.
Шаркыратмадан тышкары мында 2 булак бар. Шыпаа-Булак мурун Котур-Булак деп аталчу. Анын суусу ала, котур, терисине жара чыккандарга дары. Андан тышкары ашказан-ичеги, баш, жүрөк оорусу барлар көбүрөөк ичсе жакшы. Шаркыратманын тегерегиндеги аба жөтөлдү, астманы айыктырат экен. Көз-Булактын суусуна көзү ооругандар көзүн жууса жакшы болуп калышат.


Шаркыратманын жанындагы үңкүр жана анда зыяратчылар куран окутуу кезинде.


Шыпаа-Булак жана анда ташталган күзгү менен тыйындар.


Чакан базар жана зыяратка келген эл.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
leili1
2016-08-15 19:56:12
Соонун жер
0
kanu
2016-08-15 22:28:56
сагындым туул ган жеримди Кок Жар
0
nur2006
2016-08-15 23:03:17
Биздин айыл кандай кооз, керемет жер
0
tima01
2016-08-16 00:54:40
Ооба Абшыр-Ата Кыргызстандагы эн кооз жана ыйык жерлердин бири. Бирок биз ошондой ыйык жердин кадырына жетпей жатабыз биринчиден мас болуп жургондор коп экинчиден ал жердеги тунку клуб ошол клубду жабыш керек анан учунчу маселе даратканлар жолдун боюнда жайгашып эс алуучуларга бир топ ынгайсыздык жаратат.
+2
Shurik
2016-08-16 10:05:03
Абшыр-ата туулуп оскон жерим ,сагындымго сени Абшыр - сай.
0
qwert
2016-08-16 10:19:33
Алтын балык бар дешет го бирок биз барганда көрбөдүк
0
KGstan1981
2016-08-16 17:47:42
Апшырдын табияты, шаркыратмасы кооз суусу тунук.Бирок обслуживаниеси начар сорулорудогу тошоктору кир, иштеген адамдары орой мамиле жасашат.Жергиликтуу эли келген туристерге тийишип тоношот.Уч-Коргондо(Кызыл-Кыяга жакын жайлашкан) Золотой мосто табияты Абшырдай кооз болбосо дагын обслуживаниеси ж-ку денгелде таптаза,иштеген адамдары кобусу жергиликтуу тажиктер энкейишип Мехмон Хуш келипсиз нима колайсиз деп козунду карап турушат.С.Инфо ошол Золотой Мост жон-до дагын мааламат берип коюнуздар.
-4
Uhtishka.
2016-08-16 19:00:03
KGstan1981,Сакен туугандарды мактатып эле койсо ,азыр андай корунуш жок ! Ооба мындай корунуш да болгон ,азыр эмес бирок .
0
Uhtishka.
2016-08-16 18:58:37
Улууларыбыз бир аз эски тушунукто калганын ,ушул жерден байкасак болот .Азыркы жаштар Абшыр -ата жонундо мындай ойдо эмес деп умут кылам . Менин туулуп оскон жерим ,козумо ушунчалык жылуу ,жумшак корунот .Аллаха чексиз шугур ушундай кооз ,абасы таза ,суусу тунук жерде торолуп осуп калганыма .
+2
Manas1983
2016-08-18 02:45:07
Ээхх туулган жердин топурагы алтын демекчи.Он жылдан бери жетеалбай журом Абшыр-Атага!!!Кандай соонун.Балалык кез откон жер!!!
0
Aisanur_89kg
2016-08-18 09:20:34
Кыргызстандын эн кооз жерлеринин бири,абасы таза,суусу тунук,золотой мостту Аллахым жараткан жерге тенебе
0
anyaza
2016-08-18 12:50:51
Мен быйыл жайында досторум менен биринчи жолу бардым.Абшыр атаны коруу учун мээнет кылып барат экенсин жолдорунда багыт коргозулбогондуктон ар башка айылдарга кирип кете бердик адашып,жолдорунун абалы ото начар жана мейман куткон жерлери талапка жооп бербейт.Сойгон жандыктардын кандары туш тарапта чымын баскан,каарындары суу аккан сайда илинип турат,туалеттерге соз жок.Кемчилдигин жойсо коноктор дагыда кобойот.Жаккан жери Шыпаа булактын суусунун даамы,жумшактыгы жакты каймагы бардай сезилди.
0
Uhtishka.
2016-08-18 21:16:37
anyaza,Сизге кошулам ,ондоп тузоо иштери жок .Окмот же мамлекет же эр азаматтарыбыз чыгып ондоп-тузоо сиситемасын карап койгон адам болсо кана эми?!...
0
Hankeldi
2016-08-18 14:12:10
Аябай соонун жер.
0
zairbek09
2016-08-18 22:47:00
сын эле ак койнокчон аял корунобу.
0
muhsina
2016-08-20 11:10:23
Суперден суппер кабар го... Биздин жерлер соонун.
0
88inara88
2016-08-20 23:03:50
Кантип эле кузгу таштап,анан бала тилеп ой тобоо,бир кудайга сыйынгыла ал жака барып эс алып куран окуп койсонор эле болот.
0
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан