ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

МАРКЕТИНГДЕ

Нейминг
– жаңы ишкана, товар, кызмат же сайт үчүн ысым ыйгаруу. Англис тилинен «name» – ат, ысым деген сөздөн келип чыккан. Нейминг уникалдуу, туура айкалыштырылган, оңой айтылган жана киреше алып келгендей коюлат. Маркетологдордун айтымында, кыска жана оңой айтылган ысымдар кирешелүү болуп, брендге айлануусуна мүмкүнчүлүктөрү жогору. Нейминг өзгөчө креативди талап кылат, андыктан бир катар маркетолог жана юристтердин көзөмөлүнөн өтөт. Жаңы коюлган ысым юридикалык жактан бекитилип, расмий түрдө ишке кирет. «Apple», «Google», «Hitachi», «Subaru» жана башка ири компаниялардын ийгилиги нейминг менен байланыштуу.

МОДАДА

Жоггер – шымдардын бир түрү. Алгач жоггерлер чуркоо үчүн ыңгайлаштырылган шымдар болгон. "Jog" – англис тилинен которгондо "желип чуркоо" дегенди туюнтат. Анын башкы өзгөчөлүгү болуп жең учтары чоюлчаак кездемеден жасалып, кызыл ашык бөлүгүндө резиналары бар. Заманбап жоггерлер спорт жана фитнес үчүн гана эмес, көчөгө кийүүгө да ылайыкташтырылган. Спорттук стиль менен айкалышкан мындай шымдар кийгенге абдан ыңгайлуу. Мода серепчилери жоггерлер үч нерсени: стиль, мода жана ыңгайлуулукту айкалыштырат деп белгилешет.






КООМДО


Дауншифтинг
– бул сөз англис тилиндеги "downshifting" – кандайдыр бир процесстин акырындашы, солгундашы деген сөздөн келип чыккан. Ошондой эле өзү үчүн жашоо деген маанини да камтыйт. Башкача айтканда, ири кирешенин же олуттуу жумуштун артынан чуркабай, өзүнө эмне жакса, ошону кылып жашаган адамдарды дауншифтер деп атап коюшат. Бул термин алгачкы жолу АКШда 1990-жылдарда гезит бетине чыгып, дауншифтинг кулач жая баштаган. Сурамжылоонун көрсөткүчтөрү боюнча, учурда Америка жана Австралиянын дээрлик 30 пайыз эли "өзү үчүн жашап", карьера, киреше табуу, ийгиликке жетүү тууралуу ойлонушпайт.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан