Үстүбүздөгү жылдын 8-август күнү түркиялык басылмалар адам өлүмүнө шектелип 21 жаштагы кыргыз жараны кармалганын жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, каргашалуу окуя 2-август күнү Түркиянын Конья шаарындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда 24 жаштагы Муаммер Башак аттуу жарандын өз үйүндө жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү полиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 21 жаштагы Канзада Б. аттуу кыргыз жараны жана Хусейин С. аттуу түрк жараны кармалган.
"ТЕРГӨӨЧҮ КЫЗДЫН КӨРСӨТМӨСҮН АЙТЫП БЕРДИ"
Биз жогорудагы маалыматты тактоо максатында Түркияда иштеген мекендештерибиз менен байланыштык. Аты-жөнүн жашыруун калтыргысы келген мекендештерибиздин бири окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
– Мен Түркиянын Конья шаарында окуйм. Бул шаарда Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин өкүлчүлүгү жок болгондугуна байланыштуу элчиликтин кызматкерлери мага байланышып, бул маалыматты тактоону суранышты. Мен бул ишти карап жаткан тергөөчүгө барып жолугуп келдим. Тергөөчү кыз суракта кандай көрсөтмө бергендигин толугу менен айтып берди. Азыркы тапта элчиликтеги кызматкерлер соттун уруксаты жана кыздын каалоосу менен жактоочу таап беришти, ал жакында келет.
"УКТАП ЖАТКАНДА МОЮН ОРОГУЧ МЕНЕН МУУНТУП ӨЛТҮРДҮМ"
Тергөө учурунда Канзада Б. берген көрсөтмөсүнөн:
– Мен 2016-жылдын башында Түркияга жумуш издеп келгем. Бул жакка келгенге чейин Кыргызстандагы мейманканалардын биринде иштечүмүн. Бир тааныш жигит "жакшы жумуш таап берем" деп Анталияга чакырганынан келгем. Бирок ал менин 3 миң доллар карыз экенимди жана ал карыздан кутулуу үчүн сойкулук менен алектенишим керек экенин айтып, сойкулук ишке мажбурлады. Кийин каза болгон Муаммер Башак менен таанышып, ал мени Конья шаарына алып келди. Экөөбүз бирге жашап жүрдүк. Окуя болгон күнү Муаммер Башак үйгө мас абалда келип, мени ур-токмокко алды. Ызама чыдабай Хусейин аттуу таанышыма чалып, окуя тууралуу айттым. Ал "сени өлтүрө электе, биринчи аны өлтүр" деп кеңеш берди. Анын кеңешин угуп, Муаммер Башак уктап жатканда моюн орогуч менен муунтуп өлтүрдүм. Кийин Хусейинден жардам сурасам, ал жардам берүүдөн баш тартты. Жансыз денени жашырууга аракет кылдым, бирок жалгыз алым жеткен жок. Анан үйдү бекитип, Кайсери шаарындагы таежемдин үйүнө кетип калдым.
"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЭКЕНИ ТАКТАЛДЫ"
Кылмышка шектүүнүн бири чындап эле кыргыз жараны экендигин тактоо максатында Тышкы иштер министрлигине байланышып, басма сөз кызматкери Айымкан Кулукеевадан төмөнкүдөй
жооп алдык:
– Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилиги Конья шаарынын Коопсуздук башкармалыгы менен байланышып, кармалган К.Б. аттуу кыз Кыргыз Республикасынын жараны экенин такташкан. Учурда тергөө иштери уланып, кылмышка шектүү сурак берүүдө. Бул иш эми толугу менен Түркиядагы кыргыз элчилигинин көзөмөлүндө болмокчу.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg