АТАСЫ ӨЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 5-август күнү Баткен ШИИБине 43 жаштагы аял кайрылып, 16 жаштагы кызын өз атасы зордуктап жүргөндүгүн билдирип арыз жазган. Жергиликтүү милиция кызматкерлери бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан чагы. Төбө чачты тик тургузган жогорудагы окуя тууралуу иликтеп көрдүк.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮГӨ ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ"

Жогорудагы окуя тууралуу билүү үчүн ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовго кайрылып, төмөнкүдөй маалымат алдык:

– Арыз ээсинин айтымында, окуя 2015-жылы болгон. Ошол убакта ал аял ооруп, шаарга 2 айга дарыланганы кеткенде 1973-жылы туулган күйөөсү өзүнүн 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Кийин кызынын боюнда бар экенин билип, өткөн жылдын декабрь айында Орусияга кетип калган. Учурда ал кайсы шаарда экени белгисиз. Кылмышка шектүүнүн апасы небересин Тажикстандын аймагына алып барып, дарынын жардамы менен төрөтүптүр. Ымыркай тирүү же өлүү төрөлгөнү азырынча белгисиз. Наристе Кадамжай районуна караштуу Марказ айылына алып келинип, жерге берилгени айтылууда. Кийин 16 жаштагы кыз катуу ооруп калып дарыланган, бул тууралуу кеп айылга тарап, окуя тууралуу белгилүү болгон.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү качып кеткендиктен, ага эл аралык издөө жарыяланды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, биздин кызматкерлер Тажикстанга да жиберилген. Алар кыздын кайсы ооруканада төрөгөнүн жана ымыркай тирүү же өлүү төрөлгөнүн, кайсы жакта жерге берилгенин иликтеп чыгышмакчы.
Бул үй-бүлө окуяны жашырууга болгон күч-аракетин жумшаган. Бул тууралуу айылга белгилүү болгондон кийин гана өспүрүм кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Кылмышка шектүүнүн ата-энеси 70 жаштан өтүп калган, окуя тууралуу бирин айтса, бирин жашырышууда. Азырынча арызда айтылган арыз ээсинин сөздөрүнөн башка далилдер жок. Жакынкы убакыт аралыгында баары белгилүү болот, бул иш боюнча башка да жагдайлар чыгышы мүмкүн.

"КЫЗЫМ АТАСЫНАН ТӨРӨП, ЧАРЧАП КАЛДЫ"

Жабырлануучу кыздын апасы, 1976-жылы туулган А.К. күйөөсүнүн мыйзам чегинде жаза алышын суранып, окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 3 кыз, 1 уулдун энесимин. Кыздарымдын эң улуусу 16, ортончусу 14, ал эми кичүүсү 4 жашта. Уулум болсо 8 жашта. Өзүм 2-топтогу майыпмын. Күйөөмдүн ур-токмогуна кабылып жүрүп, күчтүү тамак-аштын болбогонунан улам кургак учук менен да ооруп калдым. Шарт жок болуп убагында дарыланган жокмун. Эң кичүү кызымды төрөгөндө бутум ооруй баштады. Акыры сол бутума протез койдуруу үчүн 2015-жылдын март айында Бишкек шаарына кеткем. Ооруканада 2 ай жаттым. Үйдө менин жоктугуман пайдаланып күйөөм улуу кызымды зордуктаптыр. Кызымдын айтымында, алгач ал «жүр, кызым, талаага күчүктү таштап келебиз» деп унаасына салып талаага алып барып, унаанын ичинде зордуктаптыр. Мен Бишкектен келген соң төркүндөрүмө конокко кетип, көпкө жүрүп калдым. Анда да күйөөм кызымды зордуктаптыр. Ал кызымды кааласа мектепке жөнөтүп, кааласа жөнөтпөй, «бирөөгө айтсаң өлөсүң» деп коркутуп койсо, кызым коркуп айтпай жүрө бериптир.
Ошентип ал өз кызын аялындай колдонуп жүргөн экен, а биз аны билбейбиз. Арадан убакыт өтүп, кызымдын мугалими «апаңдан кургак учук оорусу жугушу мүмкүн, ошондуктан анализ тапшырышың керек» деп анализ тапшыртканда 6 айлык боюнда бар экени жана ден соолугу начарлап кеткендиги аныкталган экен. Бул тууралуу алгач сиңдим мага телефон чалып, «кызың кош бойлуу экен, кимден деп сурасак «атамдан» деп жатат» деп айтты.
Кызымдан бул тууралуу сурасам, чынында эле ошондой деп моюнуна алды. Мен угарым менен бул тууралуу күйөөмдүн туугандарына билдирдим. Кайненем "эл-журтка шерменде болбойлу" деп кош бойлуу кызымды Тажикстандын Худжант шаарына алып кеткен. Кызым ал жакта 7 айлык кыз төрөптүр. Наристе төрөлгөндө аман-эсен төрөлүп, аз убакыттан кийин чарчап калганынан кызым менен кайненем сөөгүн Баткенге алып келишет. Аны кайнатам барып көмүп келген.

"КЫЗЫМДЫ ОКУТУП АЛСАМ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ"

– Күйөөм кызыбыздын боюнда бар экенин билгенден кийин 2015-жылдын декабрында Орусияга качып кетиптир. Угушубузча, ал азыр ал жактан башкага үйлөнүп алыптыр. Кызым да, мен да анын жаза алышын каалайбыз. Кызым жогорудагы окуядан кийин мектепте окубай калды. Ал келечекте билим алып, жакшы кесиптин ээси болууну кыялданат. Колдон келсе аны борбор калаага алып барып психологго текшертип, андан соң мүмкүнчүлүк болсо жогорку окуу жайга окутуп алсам жакшы болот эле.
Майыптыгым боюнча жөлөк пул алайын деп ушул жылдын апрель айында Баткен шаардык социалдык башкармалыгына документтеримди тапшыргам, бирок азыркыга чейин жөлөк пулдан дайын жок. 4 баламды эптеп жакындарымдын берген жардамы менен багып жатам. Экинчи бутума да протез койдурушум керек эле, каражатым жок, жардамга муктажмын. Күйөөм татыктуу жаза алышын каалайм.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (73)
mister-kim
2016-08-17 05:59:09
Тообо кылдым.мындай куноонун азабы отоо кыйын болсо керек(((
-2
Izdeim_seni.
2016-08-17 13:30:23
Акыр заман келип каоыптыр да кыргыз жериме
-1
begai93
2016-08-17 14:27:06
Аллахым сактасын ошондой аталардан! Кантип оз канынан жаралган кызына колу барды (((
-1
Sultanova.J
2016-08-17 19:58:33
Мындайлардын кудай өзү жазасын берсин
-1
Perim
2016-08-17 20:25:42
Кудай сакта
-1
Blume_gul
2016-08-19 01:18:20
Ushundai atadan koro JETIM oskon artyk!
0
Blume_gul
2016-08-19 01:18:39
Kudai oz jazasyn bersin!
-1
Blume_gul
2016-08-19 01:19:27
Biz bilgen okuya bir ele, a bilbegenibiz kancha?!
-1
Naazziikkaa
2016-08-19 02:43:58
AstagfurAllah
0
Tenirova
2016-08-19 16:17:23
Урматту супер инфо ушул аял менен кантип байланышсам болот. Бизден алыс эмес айылдарда экен.Кызымды окутам дептир келечегине кам корууго жардам берсем дейм. Окуусуна каралашып контрагына жардам берейин. Озум мугалиммин кайсы бир денгээлде психологиясын озгортконго аракет кылып короюн. Жашоо карангы болуп отургандыр.
+1
nargiza2016
2016-08-19 20:08:21
оо кудай адамдар эмне болуп баратат....
0
Lora80
2016-08-20 16:38:49
Козун жаппай жузу ачык корунгон чон суротун чыгарып койсонор жакшы болмок. Мындай айбандын жузун эл корсун
0
Biinura
2016-08-21 18:09:09
98-жылы биздин айылда да ушундай окуя болгон. Бирок кыз асынып алган. Атасы жаза албады. Ал киши жакында гана каза болду. Аябагандай кор болду. Каза болгонго чейин ата-эне бирге жашашты.
0
Erkem
2016-08-21 23:05:41
жузун корсотсо кыздын келечегичи?
0
Erkem
2016-08-21 23:13:36
жузун корсотуп издейт бирок башка жактан башка жол менен болуш керек
0
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан