– Ичиме катылган бул сырды акыретте да айтпайм дечүмүн. Бирок ал оюмду базардагы карапайым сатуучу өзгөрттү. 7 айга жаңы толгон кызымды көтөрүп азык-түлүк алып жүргөм. Колум талыганынан баштыгымды коюп саамга токтоп калдым. Ал ортодо жашы 50нү таяп калган бейтааныш аял "кызыңды сүрөткө тартып алайынчы, уруксат бересиңби?" деп ар жактан шашып басып келди. Балапанымды колумдан жулуп алчудай боорума кысып "жок, эмне кыласыз?" дедим чочулап. Аянычтуу карап, "жаш балдарды жакшы көрөм. Болбойбу, ээ?" деп телефонун бооруна кысып үмүттүү карап бурулуп кетти. Кайра келип билгизбей сүрөткө тартып алчудай шашып жөнөдүм. Артыма бурулганымда эже дагы үн катты.
– Токтой турсаң,- деп колуна бир нерсе көтөрүп келе жатканын көрүп ачуум келди. Карабай кетип калайын дедим, бирок улуу киши чакырып жаткан соң анте албадым.
– Бул алма-өрүктү кызыңа кайнатып бер, витамин болот,- деп колундагыны сунду. Сатуучулардан уялып, өзүмдү ыңгайсыз сездим.
– Эже, рахмат! Тим эле коюңуз,- дедим менин жалгыз жашаганымды билип алгандай кызаңдап. Анткени мени бирөө аяп, боору ооруса арданып, башка адамдардан өзүмдү кем сезип кетем. Коомдон бөлүнгүм келбейт. Кызымды атасыз төрөгөнүм үчүн өзүмдү кылмышкер катары көрбөйм. Бейкүнөө наристени "алдырып сал" деп басып кеткен алсыз эркектен көрө менин абийирим таза. Өзүмдү дал ушундай эсептейм.
– Эмне мынча асылып алдыңыз, албайм!- маңдайымда турган эже ачууланганымды көрүп кетенчиктей түштү.
– Кызым, кечирип койчу, жаман оюм жок эле. Наристе жытын искебегендиктен кызың көзүмө жакшы көрүндү. Өмүрлүү болсун,- деп көзүндөгү жашын жашырып жүзүн бурду. Денемди калтырак басып, базардан чыкканча шашылдым. Үйгө баргандан кийин эмне үчүн минтти, улуу кишини какпай деле койсом болмок деп өзүмдү күнөөлөдүм. Болгон окуя эсимди бийлеп алды. Анын "наристелүү болбой калгам" деп айтканы жан дүйнөмө тынчтык бербей койду. Себеби жигитим баладан баш тартканда мен дагы ага өчөшүп алдырайын деп чечкем. Гинекологдун "биринчи балаңды алдырсаң, наристелүү болбой каласың" деген сөзүн уккандан тартып ичимдеги тирүү жандыкка кам көрүп, аны коргогонго көнгөм. Эч кимге тийгизбей, бөпөлөп багууну максат кылгам.
Ичимдеги уйгу-туйгу ойдон арылып, эженин эмне себептен наристе көрбөгөнүнө жооп алгым келди. 2-3 ирет базарга барып, бирок сатуучу аялдын жанына бара албай койдум. Уялдым. Антсе да анын мээримдүү жүзүнөн жаман адам эмес экенин, барсам "эмнеге келдиң?" деп кубалап жибербешине көзүм жетти. Бир нерселерди сатып алымыш болуп эже отурган катарга жеттим. Мени тааныганы дароо билинди. Өңү өзгөрүлүп:
– Кел, кызым, эмне аласың?- деди.
– Өткөндөгү кылганым үчүн кечирип коюңузчу,- андан ары сүйлөй албадым. Менин ыңгайсызданганымды байкап:
– Келегой. Менин кылганым да туура эмес болду окшойт.
Эреркеп кеттим. Жакын адамымдай көпкө сүйлөштүк. Жигити боюнда болтуруп таштап кеткенин, намысына чыдабай боюнан алдырып, андан кийин наристелүү болбой калганын айтып көз жаш төктү. Эженин айтканын угуп, куру намыска алдырып наристемди өлтүрбөгөнүмө өзүмдү бактылуу сездим. Бала деген ушунчалык жыттуу, таттуу. Ал тирүүлүктөгү бакыт. Аларды бейажал өлтүрбөйлүчү!
Мээрим