5-август күнү белгилүү орусиялык рэп ырчысы Мот (Матвей Мельников) украиналык модель, "Капкан" деген ырынын клибинде тартылган Мария Гуралга үйлөндү. Эки жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүшкөн жаштар никесин Москва шаарындагы бакыт үйлөрүнүн биринен каттатышкан. Кубанычтуу кабары тууралуу ырчы инстаграмдагы баракчасына сүрөт жүктөп жарыялады. Түгөйлөр шаан-шөкөттүү үлпөт той өткөрүшкөн эмес, бакыт үйүнө жынсы шым, ак футболка кийип келишкен. Сүйүшкөндөр үйлөнгөндөн кийин бал айын өткөргөнү Сингапурга учуп кетишти.