КУЛАГЫҢА КҮМҮШ СЫРГА ЖЕ КРЕДИТ АЛУУЧУЛАР ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ

Кредит менен камсыздоо – кредитор сыяктуу эле карыз алуучу үчүн да тобокелдикти камтыган жооптуу жана татаал процесс. Ошондуктан бул ирет Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн адиси Эркин Маматибраим уулуна жолугуп, кредит алуунун жол-жоболору, шарттары жана талаптарына байланышкан негизги эрежелер тууралуу жооп алдык.


"БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ КАРЫЗДЫ КАЙТАРУУНУ ОЙЛОНУҢУЗ"

 – Кыргызстандын рыногунда финансы-кредит мекемелери тарабынан көптөгөн кредиттик продуктылар сунушталат. Алардын ар биринин түрү, мөөнөтү, пайыздык чени жана башка параметрлери боюнча айырмачылыктары бар. Кредиттөө процессинин татаалдыгына карабастан, алардын негизинде кредиттөө системасы түптөлгөн. Ал эми аны жакшылап түшүнүп-билүү үчүн кредиттөөнүн үч негизги принциби менен таанышып чыгуу маанилүү. Алар:

  • Акы төлөө принциби. Бул кредиттик каражаттарды колдонгондугу үчүн акы төлөө зарыл дегенди түшүндүрөт.
  • Кредитти төлөө мөөнөтүн тездетүү принциби. Бул эки тарап макулдашкан кредиттик келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин гана насыя берилет дегенди туюнтат.
  • Кайтарымдуулук принциби. Бул кредиттин насыя берүүчүгө толугу менен кайтарылып берилиши тийиштигин билдирет.

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, кредитор жогорудагы маалыматтын бардыгын карыз алуучуга түшүндүрүп жеткирүүсү керек. Учурда финансы-кредит мекемелеринин кредиттик портфелинде олуттуу үлүштү жеке адамдар тарабынан ар кандай муктаждыктарга алынган кредиттер түзөт. Кредиттик продуктылардын керектөөчүлөрүнүн ушул сегментинде карыздын ордун жабууда көйгөйлүү жагдайлар улам-улам келип чыгат. Алар кредиттик каражаттар менен иштөө тажрыйбасынын жоктугунан, аз маалыматтуулугунан жана көп учурда финансылык сабатсыздыгынан, башкача айтканда, өз акча каражаттарынын агымын эсептей албагандыгынан улам болуп отурат. Ошондуктан насыя алгандан кийин терс кесепеттерди азайтуу үчүн, керектөөчүлөргө кредит боюнча көйгөйгө кабылбашы, карызга батпашы үчүн жардам бере турган төмөндө бир нече кеңештерди сунуштайбыз.

"КРЕДИТ АЛУУ ЧЕЧИМИ – БУЛ ӨТӨ ЖООПТУУ ЧЕЧИМ"

Кредит алуу тууралуу чечим кабыл алардан мурда биринчи кезекте анын керектигине, муктаждыгына, аны өз убагында төлөө мүмкүнчүлүгүнө баа берүү зарыл. Бардык карыз алуучулар кредитти алуу оңой, кайтаруу кыйын деген чындыкты билип алуусу тийиш.
Кредиттик каражаттарды алууда кредиттик мекемени жана кредиттик сунушту туура тандоо маанилүү баскыч болуп саналат. Финансы-кредиттик мекемени тандоодо төмөнкү негизги өзгөчөлүктөр боюнча алардын сунушун салыштырып көрүү керек:

  • Финансы-кредиттик мекеменин ишенимдүүлүгү;
  • Анын пайыздык чени;
  • Эффективдүү пайыздык чени;
  • Кошумча төлөмдөрдүн суммасы жана башка факторлор.

Белгилүү бир пайызга кредит алууга көмөк көрсөткөнгө даяр болгон көп ортомчулар чыгышы мүмкүн, бирок алардын кызматтарынан колдонбоо керек. Анткени мындай учурда ар түрдүү алдамчылар тарабынан алданып калуу тобокелдиги жаралат. Кредиттик мекеме тандалгандан кийин керектөөчүнүн кредиттер менен андан ары иш алып барууда ашыкча көйгөйлөргө жол бербөөгө жардам бере турган кийинки маалыматты эске тутуу керек.

"КЕРЕКТӨӨЧҮ, ЭСИҢДЕ БОЛСУН!"

– Кредит алууда жеке өзүңүз жана өз кирешелериңиз тууралуу так жана анык маалыматты билдирүү абдан маанилүү. Карыз алуучу кредит берүүчүгө билип туруп чындыкка туура келбеген жана күмөн маалыматты бергендиги үчүн мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылышы мүмкүн.
Кредиттик келишимге кол коюудан мурда зайымчынын мыйзамга жараша келишимдин жана кредиттик мекеменин бардык шарттары менен таанышып чыгуусу үчүн 3 күн убакыт берилет. Бул талаптар кредитти кыйынчылыксыз жана өз убагында төлөөгө жардам берет.
2015-жылдын 24-июнунан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген "Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого ылайык, финансы-кредиттик мекемелер финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча комиссиялык төлөм, тарифтер жана пайыздык чендер, иштөө убактысы жана ФКМ жайгашкан дареги тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Бул маалыматтар керектөөчүлөргө жеткиликтүү болушу жана аны алууда кыйынчылыктар болбошу керек.
Кредиттик келишимге кол коюу менен сиз кредиттик келишимдин бардык шарттары менен макул болосуз. Келишимдин аткарылышы боюнча милдеттемелерди, анын ичинде негизги карыз суммасын белгиленген мөөнөттөрдө кайтарып берүү жана аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кредиттик уюм сотко кайрылууга укуктуу болгон бардык тиешелүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттемелерди өзүңүзгө аласыз. Ошондуктан эгер бардык шарттар сизге түшүнүктүү жана кайсы төлөмдү жана качан жүргүзүү зарыл экендигин түшүнсөңүз, кайра төлөп бере аларыңызга толук ишенсеңиз гана кредиттик келишимге кол коюңуз. Дагы бир маанилүү учур – карыз алуучу кредит боюнча бардык келишимге кол койгондон кийин да акча каражаттарын кассадан алганга чейин кредит алуудан баш тартууга толук укуктуу.

"БАШКА АДАМДАР ҮЧҮН ӨЗҮҢҮЗГӨ ЭЧ КАЧАН КРЕДИТТИ ТАРИЗДЕБЕҢИЗ!"

– Алдамчылар көп учурда ишенчээк адамдарга азыраак акча берип кредитти ага каттатып жана карызды өзүм төлөйм деп ишендирип акчаны (товарды) өзүнө берүүнү сунушташат. Алар төлөбөй жок болуп кеткенден кийин кредиттик уюм карыздын кайтарып берилишин расмий документте катталган негизги карыз алуучудан талап кылышат жана ага кредиттин бардык суммасын төлөөгө туура келет. Ошондой эле эгер сизди (тааныштар, туугандар жана башка ушул сыяктуу) алардын кредити боюнча кепилдик берүүчү болуп берүүнү жана кепилдик келишимине кол коюп берүүнү өтүнсө, сиз бул келишимге кол коюу менен карыз алуучу сыяктуу эле жоопкерчилик тарта турганыңызды билүүңүз зарыл.
Бул карыз алуучу тарабынан кредит төлөнбөгөн учурда, кредиттик мекеме карыз алуучунун милдеттемелеринин толук көлөмдө аткарылышын сизден талап кылат жана сиз кредитти башка адам үчүн төлөөгө тийиш болосуз!

"АЛЫНГАН КРЕДИТТИ КРЕДИТТИК КЕЛИШИМДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН БАГЫТТАР БОЮНЧА ГАНА КОЛДОНУУГА ТИЙИШ"

– Кредиттик каражаттарды максатсыз колдонуу, карыз алуучунун кредиттөө максаттарына жетпей калуу, кредиттик мекеме тарабынан кредиттин ордун мөөнөтүнөн мурда толук жабуу талабы (ФКМ мындай кадамга барууга толук укуктуу) сыяктуу олуттуу терс кесепеттерге алып келет. Тажрыйба көрсөтүп тургандай эле, карыз алуучу тарабынан кредиттик каражаттарды максатсыз пайдаланган жана ФКМ өз тобокелдиктерин азайтуу үчүн кредиттин ордун мөөнөтүнөн мурда толук жабуу тууралуу талап койгон учурда карыз алуучу кредитордун талабын канааттандыра албайт. Бул андан ары сот түйшүктөрүнө жана кредит боюнча камсыздалышын пайдаланууга алып келет.

"КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨН АЖЫРАП КАЛГАН УЧУРДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?"

– Азыркы турмушта карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ажырап калуу коркунучу ар кандай жагдайлардан улам келип чыгышы мүмкүн.
"Жаман айтпай жакшы жок" демекчи, чындап эле карызды кайра төлөй албай калган учурда кредит берүүчү менен жолугушуудан качуунун кажети жок. Тескерисинче, убакытты текке кетирбей кредитор менен жолугушуп, шартты түшүндүрүңүз деп сунуш бермекчибиз! Анткени кредит берүүчү менен сүйлөшүүнү создуктурган сайын сиз өзүңүздүн абалыңызды татаалдаштырып гана аласыз.
Төлөө мөөнөтүн өткөрүп жиберген ар бир күн үчүн сизге туумдар жана айып пулдар эсептеле берет, мунун өзү сизге дагы бир оор жүк болуп каларын эсиңизден чыгарбаңыз. Жаралган көйгөйдү түшүндүрүп, документтер жана конкреттүү фактылар менен тастыктап, кредит берүүчүгө түздөн-түз кайрылуунун өзү сиздин ак ниеттүү мамиле жасап жатканыңызды белгилейт. Мындай жагдайда кредит берүүчү сиз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дайыма даяр. Ушундай ыкма менен иштегенде гана кредитор да, кредит алуучу да бирдиктүү жана маанилүү чечимге келиши мүмкүн.
Ал эми карыз алуучу кредитти мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген учурда ФКМ кредит боюнча камсыздоону (күрөөнү) сатып болсо да карызды өндүрүү укугунан пайдалана ала тургандыгын дайыма эстеп жүрүшү керек. Анткени кредиттик мекемелер – бул кайрымдуулук уюм эмес. Алардын аманатчыларынын, акционерлеринин жана башка кредиторлордун алдында өз милдеттемелери бар жана алардын аманат акчаларын кайтарып берүүгө тийиш!

"КЕРЕКТӨӨЧҮ БИЛҮҮГӨ ЗАРЫЛ ДАГЫ БИР УЧУР"

– Учурда көптөгөн "калп ортомчулар" пайда болууда, алар "кредиттерди жоюп салууга жардам беребиз" деп курулай убада кыла берет (балким, "аз суммадагы" сый акы үчүн). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эч кимдин банктар жана алардын кардарларынын жарандык-укуктук келишимдик мамилелерине аралашууга жана аларга кандайдыр бир административдик чечимди кабыл алууга жазма буйрук берүүгө укугу жок. Кредиттик келишим шарттарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу маселелер келип чыккан учурда карыз алуучу катары сиз гана кредиторго түздөн-түз кайрылсаңыз болот. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу же кабыл алуусуна катталуу), кат жүзүндө келип түшүшү, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, ФКМдин электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттануулар жана сунуштар катталган китепчеде чагылдырылышы мүмкүн. Улуттук банктын талаптарына ылайык, кредитор кат жүзүндөгү кайрылууга жоопту 10 жумуш күн ичинде берүүгө милдеттүү. Өтүнүч ээсинин жеке жана байланыш маалыматтары, ошондой эле жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуусу жашыруун деп эсептелет жана каралбастыгын билүү зарыл.
Ошентип, биз кредиттик продуктылардын потенциалдуу керектөөчүсү милдеттүү түрдө көңүл бурууга тийиш болгон маанилүү учурлардын бир нечесине жооп алдык. Сиз кредит алуу керекпи деп дагы ойлонуп, эгер кредиттик каражаттар чындап эле зарыл болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн кеңештер сизге кредит алууда керек болот деп ишенебиз!

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nurkyz1977
2016-08-15 10:33:31
Кридит албаганга аракет кылыш керек эгер толоо моонотун кечиктирип кыйналган учурда банкка кайрылып арыз жазып шартынды тушундурсон албетте тушунуп жок дегенде убактысын узартып берет экен туум пеня деле кошушпайт онгого ишенип журо бербей андан коро банкка барып суйлошкон эн туура жол.
0
alaibekovich
2016-08-15 15:40:53
Албаш керек Арам Арам Арам!!!
0
xnurgul_gul
2016-08-15 18:30:33
Лично биз менин уй булом албайбыз коркобуз
0
№ 719, 12-август-18-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан