Никита Малинин: “ЖЕКСОН МЕНЕН ЫРДАСАМ ДЕП КЫЯЛДАНЧУМУН”

“Аккан арыктан суу агат” дейт элибизде. Бүгүнкү биздин конок Орусиянын атактуу ырчысы, Александр Малининдин уулу Никита Малинин. Никита 1-март күнү Бишкектеги "Platinum" түнкү клубуна конок болуп кайтты. Учурдан пайдаланып биз Орусиянын жылдызы менен маек курууга үлгүрдүк.

КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП

– Туулган жылыңыз, күнүңүз?
– 1981-жыл, 4-сентябрь.
– Туулган жериңиз?
– Орусия, Москва шаары.
– Досторуңуздун арасындагы лакап атыңыз?
– Ник, Ники, Никитос, Никитон жана башка.
– Боюңуз, салмагыңыз?
– 180 сантиметр, 70 килограмм.
– Кумириңиз ким?
– Майкл Жексон.
– Жакшы көргөн тасмаңыз?
– М-м-м… “Матрица”.
– Жакшы көргөн жыл мезги­лиңиз?
– Жай.
– Жактырган түсүңүз?
– Көгүш (күлүп). Жок, чын эле айтып жатам.
– Мектепте жакшы көргөн сабагыңыз?
– (Күлүп) Дене тарбия менен музыка.
– Кайра-кайра окуган ките­биңиз?
– Чынын айтайынбы? М-м-м, «Камасутра».
– Кайсы музыкалык аспаптарда ойной аласыз?
– Гитарада жана форте­пьянодо.­
– Эмнеге өкүнөсүз?
– Майкл Жексондун дүйнөдөн өтүп кеткенине. Мен аны менен дуэт ырдасам деп кыялданчумун.


– Никита, биздин баш калаабызга куш келипсиз! Бул алгачкы сапарыңыз болсо керек...
– Ооба, Кыргызстанга биринчи жолу келишим.
– Бишкек тууралуу кандай ойлорго чулгандыңыз?
– Орусиянын бүт аймагын кыдырып, КМШнын көптөгөн өлкөлөрүндө, Европанын бир нече жерлеринде болгом. Бирок Бишкектегидей өзгөчө энергияны бөтөн жерден байкаган эмесмин. Элиңер башкача экен. Мага кезиккен адамдардын аябай ак көңүлдүгү жана жөнөкөйлүгү таң калтырды. Ошол эле учурда бул жактагы ар бир адамдын жоопкерчиликтүүлүгүн баа­ладым.
– Тарбиянын башаты ата-эне эмеспи. Сиздин атактуу ырчы
Александр Малининдин уулу экениңиз баарыбызга маалым. Дегеним, атаңыздын фамилиясынын канчалык жардамы тийди?
– “Жылдыздар фабрикасы” долбоо­руна киргенде баары эле “атасынын жардамы менен жүрөт” деген ойдо болушту. Бирок кийинчерээк мен талантымды далилдеп бере алдым. Албетте, менин эл оозуна алынганыма атамдын аброю бир топ эле себеп болду. Кыскасы, долбоордун бүткөнүнө көп убакыт болсо да, кээ бир катышуучулардай өчүп калбай жанып келатам.
– Окуган маалыматтарга таянсам, сиз жарыкка келгенде ата-энеңиз эки ача жолго кетишкен экен. Сизди тарбиялоодо кимисинин ролу чоң?
– Мен апамдын колунда чоңойдум. Атамдын ордуна таятам мага ата болду. Атадан алчу кеп-кеңешти таятамдан алдым. Өгөй атам да жакшы киши. Мага өз баласындай мамиле кылып, жылуу сөзүн аяган жок.
– Сөзүңүзгө караганда, өз атаңыз менен мамилеңиз орточо окшойт...
– Орточо дегенден да, ысык дегенден да алысмын. Атам экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестиктер көп болот. Бирок сүйлөшүп, түшүнүшүүгө аракет кылабыз.
– Сиздин “Котёнок”, (“Мышыгым”) “Вс­пышка в ночи” (“Түндөгү жарык”) аттуу ырларыңыз чынында учурунда хит ырларга айланган. Бирок кийинчерээк мурунку алоолонгон илебиңизден кайткандай туюласыз...
– “Жылдыздар фабрикасын” жеңип чыккандан кийин бир топ популярдуу болдум. Ар бир адамдын жылдызы жанган мүнөтү болот. Мен ошол мүнөттө өзүмдү мыкты сезип, ишти таштап койдум окшойт. Бирок азыр кайрадан сахнага бет алдым. DJ Nejtrino менен “Seviyorum” (“Сүйөм”) аттуу ырды баарыңар уксаңар керек. Бул алгачкы гана ишибиз болду. Биз дагы мыкты хит ырларды жаратууга камынуудабыз.
– Түнкү клубдарга барасызбы?
– Клубдун кишиси бул – 16-21 жаш куракка чейинки жаштар. Канчалык кайнаган энергия болсо, ошону клубда бийлеп сарптайсың. Бир кезде клубдун кишиси болгом, бирок азыр бул менин жумушум деп гана айтар элем.
– Баңгизатты колдонгондорго кандай карайсыз?
– Учурда түнкү клубда эс алган жаштардын баңгизатты колдонуп жатышканы жүрөгүмдү өйкөйт. Мындай көрүнүштү силерден байкаган жокмун, Кудай анын жүзүн ары кылсын! Бирок, тилекке каршы, Орусияда мындай көрүнүш көнүмүшкө айлангандай. Баңгизат колдонуу бул – өмүргө кол салуу.
– Сиз мындай жаштарга кандай кеңеш берер элеңиз?
– Мен кандай кыйынчылык болбосун, аны йоганын жардамы менен жоюуга аракет кылам. Мисалы, терең дем алып, кайра демди чыгарасың, муну бир нече жолу кайталаганда кадимкидей жеңилдей түшөсүң. Ачууңду да кармап каласың. Анан да бардык кыйынчылыкта “мен күчтүүмүн, мен мыктымын, менин колумдан баары келет” деп кайталай берсең, чын эле жеңиш сен тарапта болот.
– Бардык жылдыздардай эле тамак тандап жесеңиз керек. Кайсы ашкананы өзгөчө жакшы көрөсүз жана биздин улуттук ашкананын даамын таттыңызбы?
– Мурун такыр тамак тандачу эмес элем. Куурулган жумуртка, түрдүү макарон, дегеле ашказанды алдап коюп жүрө берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен ден соолук керек экенин түшүнөт экенсиң. Кандай азыктар пайдалуу болсо ошону гана жейм. Азыр майлуу, куурулган тамактардан качып калдым. Андан көрө жашылча-жемиштерден түрдүү салат жасап жегенге аракет кылам. Ал эми кыргыздардын улуттук ашканасын татыганга убактым болбоду. Төрт жолу учак которуп катуу чарчаган экемин, Бишкекке келерим менен уктап калдым. Азыр интервью берип дегендей... Ошентсе да сөзсүз улуттук тамак заказ кылам го (күлүп).
– Негизи, эс алуу­ңузду кандай өткө­рөсүз?
– Машинаны чоң ылдамдыкта айдап эс алуудан рахат алам. Анан мурун үйдө камалып уктаганды жактырсам, азыр жаратылышка чыгып, шишкебектин жытын буркуратып бышырып, аны сыра менен ашказанга ыргытам.
– Жеке жа­шооңуз тууралуу кеп козгоодон баш тартасыз. Бирок күйөрман­да­рыңызга үй-бүлө­лүк абалыңыз кызык. Үй­лөнгө­нүңүз чынбы?
– Ооба­, чын. Мен көп­төн бери сүйлөшүп жүр­гөн Наташа аттуу сүйгөнүмө үйлөнгөм. Азыр биз бактылуу өмүр сүрүп жатабыз.
– 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы эмеспи. Бул майрамда апаңызга берген оригиналдуу белегиңиз эмне болгон?
– Мен, негизи, белек берүүнү аябай жакшы көрөм. Апама көп эле белек бергем, бирок оригиналдуусу эсимде жок. Ал эми аялыма бул жылы алдын ала эле майрамың менен деп 5 000 евро таштап келдим. Бирок мен гастролдон барганда сүйүктүүм аталган суммадан эки эсе көп аларына шек жок.
– Узакка күттүрбөй шаарыбызга бат-баттан келип туруңуз...
– Сөзүңдү бөлсөм болобу? Учурдан пайдаланып назиктиктин жана сулуулуктун символу болгон аялзатын алдыдагы жаркыраган майрамы менен куттуктап кетким келет. Ошондой эле “Супер-Инфо” гезитинин бардык окурмандарын жаз майрамы менен куттуктайм.
– Рахмат сизге. Сизден супер хит ырларды күтөбүз. Жолуңуз байсалдуу болуп, аман-эсен жетип алыңыз.

P.S. Никита Малинин менен интервью уюштуруп берген «Platinum» түнкү клубунун арт-директору ырчы Микаэлге ыраазычылык билдиребиз.

Бактыгүл Сокушова, Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан