АЧУУНУ ӨЗҮМЧҮЛ, ТАТТУУНУ БООРУКЕР АДАМДАР ЖАКТЫРЫШАТ

Кайсы бир адам таттууну жакшы көрүп, чөнтөгүн томпойто момпосуй салып жүрсө, кээ бирөөлөр тескерисинче, ачуу тамак дегенде үзүлүп түшүшөт. Андан сырткары оозундагы ар бир күрүчтү санагансып шашпай жеген кыбырлар, эки чайнап бир жуткан шашмалар да бар. Адамдардын тамакка болгон табити кайсы бир деңгээлде анын мүнөзүнөн кабар берет. Төмөндө тамакка жараша мүнөзүн чечмелегенге аракет кылабыз.

АЧУУНУ СҮЙГӨНДӨР

Окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, натыйжада ачуу тамакты жактыргандар көбүнчө өзүн өтө жогору баалаган жана сүйгөн (нарцисс), манипуляцияга жакын, керекпи садизмдин учкундары байкалган адамдар деген жыйынтыкка келишкен. Бир калыптагы жашоону жактырышпайт, дайыма жаңылыктардан кабардар болуп, дүйнөдө эмне болуп жатканы тууралуу маалыматтарга кызыгы күч. Мындай адамдарды бир үйгө камалбай, ар кайсы шаарга, керекпи ар кайсы мамлекетке орун которуп жашоо кызыктырат.


ТАТТУУНУ СҮЙГӨНДӨР

Ашказанын таттуу тамак менен сүйүнткөндөр башкалар менен бат тил табышкан, жан дүйнөсү назик, жардамга алды-артын карабай бара берген боорукер келишет. Бирок өзүн-өзү анализдеп, көзөмөлдөп, кумурсканы пил кылып көрүүчүлүк сапатынын айынан көп кыйналышат.

СҮТ АЗЫКТАРЫН СҮЙГӨНДӨР

Куйкум сөз таап куудулданган шайыр, энергиясы жанына батпаган адамдар сүт азыктарын жактырышат. Ошондой эле алар бардык нерсенин жаңысы жакшы деп ойлошот. Жер кыдырып саякатка чыкканды баалаган, табиятка суктанган романтиктер. Ден соолугуна кылдат көңүл бөлүшөт, алар үчүн эски, шек жараткан тамак ичүүдөн көрө кезерип ачка отуруу артык.

ЭТ АЗЫКТАРЫН СҮЙГӨНДӨР

Жаратылышынан лидер адамдар. Активдүү, шайыр, ачык-айрым, кээ бир учурда оройлугу менен да көзгө түшүп калышат. Тобокелчиликке баруудан коркушпайт, андыктан мындай адамдар көбүнчө карьерасында ийгиликке бат жетишет. Өзүнө карата айтылган сынды оор кабыл алат же "билгениңди кыл" деп моюн толгоп баса беришет. Кызуу кандуу болгондуктан биринчи жасап, андан кийин ойлончу сапаты да бар.



ТАМАКТЫ ЖАЙ ЖЕГЕНДЕР

Тамакка элден биринчи отуруп, шашпай элдин аягында жеп бүткөндөр өзүн сүйгөн, баасын билген адамдар. Көпчүлүк учурда өзүнүн кызыкчылыгы үчүн катаал, анча-мынчага баш ийбеген адам болуп чыга келишет.

ТАМАКТЫ ШАШЫП ЖЕГЕНДЕР

Алдына келген тамакты чагылгандай тез убакытта жеп бүткөн адамдар өзүнө эмес, өзүн курчап жүргөн адамдарга көбүрөөк убактысын, энергиясын коротушат. Жакындарымдын бактысы – менин бактым деген принципти карманышат.

ТАМАКТАГЫ АЗЫКТАРДЫ ТАНДАП, ТЕРИП ЖЕГЕНДЕР

Тарелкадагы азыктардын бирин аркы бурчка, бирин берки бурчка түртүп, ар бирин өз-өзүнчө аралаштырбай жеген адамдар жоопкерчиликтүү, уюштуруучулук жөндөмгө ээ келишет. Алар үчүн эң негизгиси – бардык нерседе тартип болушу керек.

БАРДЫГЫН АРАЛАШТЫРГАНДЫ ЖАКТЫРГАНДАР

Жеген тамагына лаза, ар түрдүү соус, салат, уксус, мурч жана башка кошумчалардын баарын кошуп, өзгөчө даамдарды жактыргандар ачык-айрым келип, эксперимент жасаганды сүйүшөт. Мындай адамдардын дагы бир жакшы сапаты – достукка бекем келишет.

ТАМАКТЫ ЧАЛПЫЛДАТЫП ҮН ЧЫГАРЫП ЖЕГЕНДЕР

Тамакты шорулдатып ичип, сагызды чалпылдата чайнагандар жеңил ойлуу, анча-мынчага маани берип, баш ооруткусу келбегендер. Башкалардын ою алар үчүн түккө арзыбайт. Башкысы убагында курсагы тойсо болду.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Shat.88
2016-08-24 12:17:14
Туурасы да туура эмеси да бар экен, мен таттууну квндай жакшы корсом ачууну да ошондой жакшы кором, этти жолдошум жакшы корот бирок андай эме
0
dervisha
2016-08-24 23:33:39
Тамакты жай жеген,эт азыктарын суйгондорго кирем.100% мен жонундо туура айтылыптыр.
0
chika-chika88
2016-08-25 13:14:10
Мага этту тамактар олло жагат...
0
Takai
2016-08-25 16:04:24
Баарынан да ТАМАКТЫ ЧАЛПЫЛДАТЫП ҮН ЧЫГАРЫП ЖЕГЕНДЕР деген туура экен. Ошону коп ойлочумун)
0
bekmaral
2016-08-25 22:12:59
чалп чулп дегенди туура айтыптыр.бир эжеге аябай жиним келчу ошентип жегенде.карап корсом жагорудагыдай сапаты бар экен.
0
sajida
2016-08-26 16:00:37
таттууну да ачууну да жакшы короом
0
akmatov99
2016-08-26 23:39:29
Кызык мен ачууну таттууну сүт эт азыктарын жесем кандай болуп калат?
0
Manas230595
2016-08-27 00:22:36
100% ишенбейм 100% чыкпайт ке бир жерлери окшошуп кетет калганы аллага таандык
0
Samat1992SM
2016-08-27 14:09:37
Эх таттууга олло очмунда....
0
Gaika
2016-08-27 17:31:48
Эт азыктары жонундо бир да созу жанылыш эмес 100%туура.
0
Guzi88
2016-08-29 05:31:28
Мен таттуунуда ачуунуда сут азыктарында баарын жакшы коромгоо устасыга паркы жок дегендей ха ха ха
0
sajida
2016-08-29 08:38:26
мен да ачууну да таттууну да жакшы кором анда кандай болот
0
Emirulan
2016-09-11 18:04:46
Туура жазыптыр. Мен тамакты жай жегендерденмин.
0
Tuke88
2017-01-17 02:36:22
Ачууну өтө суйомго чиркин
0
aylin_kg
2017-02-12 21:44:51
Мен аччууну да таттууну да этти,сутту баарын жакшы кором.Ошондо мен кандай адаммын?
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан