Жашоодо адам баласына ар кандай сыноолор берилет. Элибиз "Жараткан жакшы көргөн пендесине оор сыноолорду берет" деп коюшат. Тилекке каршы, берилген сыноолорду, кыйынчылыктарды бирге көтөрбөстөн, аялын, оорулуу баласын таштап кеткендер да бар.
"ТАЛМАСЫ БИР КҮНДӨ 10-15 ЖОЛУ КАРМАЙТ"
– Атым Назгүл. Жашым 34тө. Уулум Жаныбек Бектуров эпилепсия жана балдардын шал оорусу (ДЦП) менен ооруйт. Денесинин бир тарабы иштебейт, жашы 13кө келгенине карабай бирөөнүн жардамы менен араң басат. Басканда да бутунун томугу менен сүйрөлүп басат. Басып баратып эле эсин жоготуп кулай берет. Талмасы бир күндө 10-15 жолу кармайт. Доктурларга "бул оорудан айыктырса болобу?" деп көрсөтсөк, "толук айыгып кетиши кыйын" дешти. Уулум тамгаларды тааныйт, бирок окуганда кыйналат, өзү теңдүүлөрдөн артта калган. №34-атайын мектепте окуган. Баламдын келечегин ойлогондо санаам санга, оюм онго бөлүнөт. Балам бир эмес, эки оорусу менен кантип жашайт, жашап кете алабы деп ойлоно берип жүрөгүм сыздайт.
"МЫНДАЙ БАЛАНЫН ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР, ТАШТА?!"
– 20 жашымда сүйлөшүп жүрүп эле өзүбүздүн Балыкчы шаарындагы жигитке турмушка чыккам. Бир жылдан кийин Жаныбек төрөлдү. Төрөлгөнүнө үч күн болгондон кийин эле талма оорусу кармай баштады. Доктурлар баланын оорулуу экенин айтышты. Жолдошум баланын ДЦП экенин уккандан кийин таштап кеткен. Туугандары "мындай баланын эмне кереги бар, ташта?!" дешкенде, өзү да алардыкын туура көргөн окшойт. Кудай берген кыйынчылыкты бирге көтөрбөстөн, жоопкерчиликтин баарын мага арта салып басып кетти. Баламдын абалы 11 айында абдан оор акыбалга келди. Талмасы да тез-тезден кармай баштады. Айла жок, апам экөөбүз Балыкчыдагы үйдү банкка күрөөгө коюп, насыя алып, баланы дарылатканы Бишкекке келгенбиз. Бишкекте батирде жашап, бала бакчада жардамчы болуп иштеп жүрдүм. Батирдин акчасы, баламды дарылоого акча каражаты жетишпей, эч бир жарыбай койдук. Насыяны төлөй албай, үйдү да тарттырып жибердик. Ошондо эмне кыларымды билбей, апам менен кеңешип баламдын дарысына акча тапканы Москвага иштегени кеткем. Москвада ким гана болуп иштеген жокмун, ресторанда идиш жуугучтан баштап, бардык оор жумуштарда иштедим. Айла жок, апам ооруп калып кайра кайтып келдим.
"ЭКИНЧИ ТУРМУШУМ ДА БОЛБОЙ КАЛДЫ"
– Күйөөм менен ажырашкандан кийин илгери үмүт менен 2013-жылы экинчи жолу турмушка чыктым. Бирок ал күйөөм менен балама, мага болгон ырайымсыз мамилесинен улам ажырашууга аргасыз болдум. Балам өзү оорукчан болсо, анан өгөй атасынан орой мамилени көрсө кантип болсун деп андайга чыдай алган жокмун. Ал күйөөмдөн дагы уулум бар. Ал азыр 2 жарым жашта.
Апам былтыр май айында уйку безинин рагынан улам каза болуп калды. Баарына эне түтөт эмеспи, өзү ооруп жатканына карабай оорукчан балама каралашчу. Апам баламдын бир аз болсо да оорусун жеңилдетип, массаж жасап, "өзүм эле айыктырып алам, талмасы эле кармай бергени жаман" дей берчү. Өзү да бул жашоонун жыргалчылыгын көрбөй, кыйналып жүрүп өтүп кетти. Байкуш апам өлөрүндө балдарын чогултуп, "эжеңерди карагыла, ара жолго, тагдырдын оор, тайгак жолдоруна калтырбагыла, ыйлатпагыла, баласы да оорулуу болуп калды. Тиги дүйнөдө тынчыраак жатайын" деген керээзин айтып кеткен.
"ДАРЫГА ЭМЕС, НАНГА ДА АКЧА ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ"
– Өзүм 5 бир тууганмын. Азыр Балыкчыда аскер кызматкери болуп иштеген инимдикинде турабыз. Жаңы эле үйлөнгөн, анын да өзүнүн оокаты бар. Үй беришсе деп Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилигине жардам сурап кайрылганбыз. 2009-жылдан бери кезекте турабыз, бизге кезек жетпей койду. Уулум Жаныбекке доктурлар жазып берген дарыларды күндө беребиз. Аларды акча жетпегендиктен дааналап алабыз же карызга эптеп алып беребиз. Дарыга эле эмес, нанга да акча жетпей келет.
"Үмүтсүз – шайтан" деп айтылгандай, Назгүл айым уулунун сакайып кетишинен үмүт үзбөй келет. Тоодой тоскоолдуктар, караңгы түндөр... Бирок алардын артынан сөзсүз жаркырап атчу таңдар да келет деген ишеними чоң.
Уулкан Бактыбекова
koom@super.kg