"Шорпо, шорпо, шорпо, шорпо ичкиле" деп ырдаган Жаныбек Алыкуловдун арабыздан узаганына эки жылдан ашты. 54 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан куудулдун артында пародия, сатира, ырлары калды. Атын өчүрбөс уул-кыздары бар. Куудулдун чыгармачылыгына дем-күч берген жубайы экөөнүн ортосундагы жалындуу махабат, жакшы жашоолору тууралуу бирде жашып, кайра күлүп айтып берди.
"КЫЗ-ЖИГИТ КЕЗДЕ САТЫП БЕРГЕН ӨТҮГҮ АЗЫР ДА БАР"
- Экөөбүз 1988-жылы Ош облустук филармониясында таанышканбыз. Филармониянын жетекчиси Токон Эшпаев баарыбызды чакырып, "Токтогулдан бир жигитти ишке алып жатабыз. Аябай таланттуу экен. Партиянын мүчөсү" деди. Атагын угуп келишин күтүп жүргөн күндөрдүн биринде чачы тармал, толук жигит келди. Жаныбекти "Мыскыл жана тамаша" берүүсүнөн көргөндүктөн, дароо тааныдым. Ачык-айрым мүнөзү менен кесиптештерге бат эле аралашып кетти. Мен ал кезде Эгемберди Талиповдун "Тоонун кечи" аттуу ырын ырдачумун. Ал ошол ырды аткарганымды көрүп, мени жактырып калгандыгын айтып бат-баттан киного чакырып баштады. Ал кезде кафе-ресторанга деле көп кирчү эмеспиз. Экөөбүз Ак-Буура дайрасын бойлоп басып жүрө берчүбүз. Кайталанган көрүнүштөн тажадыбы, бир жолу мени ресторанга чакырды. Барсам жанында Абдылда Иманкулов бар экен. Дасторконду жайнатып аябай сыйлады. Акчасын төлөгөнгө келгенде Абдылда "сыртка чыгып туралы" деп мени ээрчитип чыгып, алаксытыш үчүн бир нерселерди сүйлөп жатты. Жаныбек бир топ убакыттан кийин чыкты. Көрсө, официант туура эмес эсептеп, акчасы жетпей кармалып жаткан экен. Ал окуяны кийин айтып берген.
Бир жолу Ак-Талаа районуна концерт коюп бардык. Дүкөн кыдырып жүрүп Италияда тигилген өтүктү сатып алгым келди. Аябай кызыгып, кармалап көрүп кетип калгам. Мейманканага барсам Абидин Темиров "Азиза, сени Жаныбек чакырып жатат, биздин бөлмөгө барсаң" деп ээрчитип келди. Кирерим менен кол чаап, жагымдуу сөздөрүн айтып өтүктү бергенде аябай сүйүндүм. Ал бут кийим азыр деле сакталып турат.
"КАРШЫЛЫКТАРГА МОЮН СУНБАЙ БАШ КОШТУК"
- Бир жыл сүйлөштүк. Жакемдин акындык жайы бар болчу. Ооруп калып жумушка келбей жүрдү. Ошол учурда мага арнап жазган ырларын Абдылдадан берип жиберчү. Ал "сага ашык болуп ыр жазып, Байдылда Сарногоевди жолдо калтырмай болду" деп тамашалап ырларды алып келип берчү. Үйлөнгөндөн кийин ыр деле арнабай калды. 1989-жылы мени эжесиникине алып барып баш коштук. Башында менин ата-энем, туугандарым "сага бойдок жигит табылбай калдыбы, тийбейсиң!" деп катуу каршылык көрсөтүштү. Алардын каршылыгына моюн сунбай сүйгөнүмө турмушка чыктым. Ал учурда мен 20, жолдошум 29 жашта болчу. Ортобуздагы жаш айырмачылык деле билинген эмес.
Экөөбүз турмуш кургандан кийин борборго көчүп келдик. Жашай турган жерибиз жок, цирктин мейманканасынын бир бөлмөсүндө жашап калдык. Улуу балабыз ошол жерде жарыкка келди. Мен толгоо тартып жатсам, Абдылда уул, Жаныбек кыз төрөлөт деп мелдешип жатышат. "Эгер эркек төрөлсө, костюм-шым алып бересиң" деп Абдылда жолдошумду тамашалап, мени ооруканага жеткиришти. Кыйналып ары-бери басып жүрсөм, дарыгерлер кыраан-каткы түшүп, Михаил Горбачёвдун үнү угулуп калды. Жакшылап тыңшасам, жолдошум дарыгерлерге аны туурап берип жатыптыр. Ошентип мен кыйналып, ал элди күлдүрүп жатып эркек балалуу болуп, Абдылдага костюм-шым сатып бергенбиз.
"КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН КОЛ КӨТӨРГӨН УЧУРУ БОЛДУ"
- «Шорпо" деген ыры чыгып, элге аздыр-көптүр таанылып калган. Ал учурда деле күйөрман кыздар кат жазып, сахнанын артына келип кол тамга алып кетишчү. Күйөрмандарынан келген каттарды көзү өткөнчө сактап жүрдүм. Окуп берсем күлүп эле койчу. Сахнанын артына келип, менин көзүмчө эле сөзгө тарткан кыздар болгон. Андайда кызгансам да билгизбейт элем. Жаныбектин чыгармачылыгын колумдан келишинче колдогонго аракет кылдым. Жаш кезинде ойноктоп 3-4 күн үйгө келбей койгон күндөрү болду. Кайрылып келгенде таарынсам да, жаныма келгенине кубанчумун. Ортобуздагы кызганычтын айынан урушуп, мага кол көтөргөн учурлары болду.
"АКАЕВДИ ТУУРАГАНЫ ҮЧҮН БАШ БАЙГЕДЕН КУРУ КАЛГАН"
- 1992-жылы борбордо куудулдардын сынагы болгон. Аталган концертте Жаныбек мушкердин формасын кийип Аскар Акаевди туурап чыккан. Ал сынакта баш байге Күмөндөр Абыловго ыйгарылып, зал толгон эл Жаныбекти колдоп, баш байгени берүүнү талап кылып жарым саат кол чаап кетпей коюшкан. Айрымдары калыстарга нааразычылык көрсөтүп, сахнага чейин чыгып кетишкен. Толкуган элди маданият министринин орун басары араң токтоткон. Ал окуядан кийин жолдошум катуу сынды. Анан Жалал-Абадга көчүп кеттик. Гезиттерге "Жаныбек, биз сени менен!" деген макалалар чыкканда, эл президент куугунтукка алды деп ойлоп калышты. Бийлик тараптан үй-бүлөбүзгө эч кандай коркутуу болгон эмес. Тескерисинче, эки жолу Аскар Акаев алтын саат белек кылган. Ал жакта 4 жыл жашагандан кийин кайра Бишкекке көчүп келдик. Батирден батирге көчүп, көпчүлүк үй-бүлө кечирген турмушту өткөрдүк. 1998-жылы филармонияга 9 күн концерт бердик. Жарыя бергенде 7 күн дегенбиз. 7 күн тең залга эл батпай, 9 күн коюп, түшкөн акчасына азыр жашап жаткан үйдү алганбыз.
"25 ЖЫЛДЫК ЖАШООБУЗ 25 КҮНДӨЙ ЭЛЕ ТУЮЛАТ"
- Биз аябай бактылуу жашадык. Концерт, гастролдордо эле чогуу ырдабастан, үйдө дагы ырдай берчүбүз. Жаныбек бош болгондо эле аккордеонун ойноп калчу, мен жанына туруп ырдайт элем. Жаныбек аябай камкор болду. "Муздак сууга кол салба" деп жылуу суу киргизип, кир жуугуч машина сатып берип, "от жакпа, электр тогун колдон" дечү жарыктыгым. Балдар ооруп калса дароо ооруканага алып барып же дары алып келип берчү. Балдарына бир да ирет кол көтөргөн жок. Мыкты ата, жолдош болчу. Аны Жаке десем, мени Зюз деп эркелетчү. Урушуп кеткенде эле Азиза дебесе, калган учурда эркелетип кайрылат эле. Азыр бизге Жаныбек ушунчалык жетишпей турат (каарманыбыз жүрөк тушуна колун коюп жашып ийди)...
Тирүүлүктөн күтүүсүз кете берди. Сары-Челекке токтогулдук жердештери менен шеринеге барганга камынып жатканбыз. Күтүүсүздөн кан басымы көтөрүлүп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. 6 күн ооруканада жатты. Жанынан чыкпай, аман калышын тилеп үмүтүмдү үзгөн жокмун. Колумду кысып бир нерселерди айтып жатты. Бирок сөзүнө түшүнгөн жокмун. Көрсө, коштошуп жаткан экен. Көзү өткөндөн кийин күндө түшүмө кирчү болду. Андайда эч кимге айтпай көрүстөнүнө барып ыйлап, көкүрөктөгү ызамдан арылып алчумун. Азыр жалгыз барбай калдым, балдарыбыз менен чогуу барып турабыз.
Султан Төрөбеков
star@super.kg