ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-августтан 28-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кой жылдызынын алдында туулгандар өздөрү күтпөгөн маселелерге тушугушат. Күтүлбөгөн жерден чыккан бул маселе бир топ эле түйшүккө салат. Сарсанаа болбогонго, шашылыш чечим кабыл албаганга аракет кылыңыз. Жыйынтыгында ден соолугуңузга залакасы тийүү менен кабыл алган чечимиңизге өкүнүп калбаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ден соолукту чыңдоо үчүн ыңгайлуу учур. Өзүңүздү жакшы сезесиз, бирок ооруну алдын алуу үчүн санаторийге барышыңыз мүмкүн. Бирок кандайдыр бир жаракатка кабылуу коркунучу бар. Жагымсыз окуяларга туш болбоо үчүн абайлап жүрүүнү унутпаңыз. Финансы жагынан маселе жаралышы күтүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көпчүлүк эгиздер жеке жашоосун жакшыртууга аракет кылып, убактысын жеке тылга жумшашат. Романтикага жык толгон апта десек жарашат. Бойдоктор жаңы таанышууларга туш болуп маанайы көтөрүлөт. Ал эми жумуштагы өнөктөштөр менен пикир келишпестик келип чыгат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бөйөндөргө алдыда кыла турган иши туурасындагы маалыматтарды тактоого, аныктоого туура келет. Болбосо олуттуу иштерде алданып калуу коркунучу бар. Жетекчилик менен болгон мамиле жакшырат. Жеке жашоо үчүн мыкты учур. Таарынычтарды унутуп, мамилени жаңылайсыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Арстандар көп энергия жумшоо менен интенсивдүү эмгектенишет. Арстандар үчүн үй-бүлөсү баарынан бийик тургандыктан, убактыларынын көп бөлүгүн балдарына жумшашат. Жаңы иш баштоо үчүн сунушун жетекчиликке жеткирүүгө ыңгайлуу учур. Бирок долбоор чийки болуп калып, кайрадан иштеп чыгышыңыз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиздин организм үчүн жөн салды учур эмес. Оор жумуш кылуу менен өзүңүзгө кандайдыр бир оору арттырып алышыңыз мүмкүн. Бел омурткаларыңызга күч келтирип алуудан абайлаңыз. Коомдук жерлерде этият болуңуз, капчыгыңызды же буюмуңузду жоготуп алышыңыз мүмкүн. Алыстан туугандарыңыз келиши мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кылган ишиңиздин баары сиздин пайдаңызга чечилчү мезгил. Эгер жагымсыз адаттарыңыз болсо, андан алыстоого аракет кылыңыз. Жыйынтыгы азыр болбосо кийин билинип, бир топ маселе жаратат. Жакшы тааныштарыңыздын бири чогуу иштешүүнү сунушташы ыктымал. Арты жаман болбойт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул апта баары туман болгондой башталат. Кайсы ишти баштабаңыз аягы эмне менен бүтөрүн билбей башыңыз маң болот. Ошол себептен азырынча эч бир иш баштабай, өзүңүзгө кам көрүп, акыл-эс кампаңызды кеңейтип гана отурууну жылдыздар сунушташат. Сырткы келбетиңизди өзгөртүүгө мезгил келгенин сезип, сулуулук салондоруна кадам таштайсыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Акча жаатында иштегендер үчүн жакшы апта. Соодасы жүрүшүп, алдыга койгон максаттары чегинен аша аткарылат. Чыгармачылык менен эмгектенгендер үчүн да ийгилик кушу жылмаят. Сиздин позитивдүү энергияңыз жаныңыздагыларга жакшы маанай гана тартуулабастан, пайда да алып келет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада текечерлер башка бирөөнүн акчасына ээлик кыла алышат. Балким, түгөйүңүздүн акчасы же карызыңыз колго тиет. Балким, мураска калтырылган мүлктү сатып, акчасын аласыз. Бирок ал акча сиздин капчыгыңызда көпкө турбайт. Кайра эле короо-жайды оңдоп-түзөө иштерине жумшайсыз. Сиздер үчүн 26-август сак болуучу күн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сизде көп нерсеге кызыгуу пайда болот. Жумушуңузду которууга да аракет кыласыз. Мамлекеттик жумушта иштесеңиз сатуу иштерине байланышкан, өзүңүзгө өзүңүз бий болгон жумушка киресиз. Тил үйрөнүү курстарына да бара баштайсыз. Анын арты менен сиз күтпөгөн жумуштарга чакыруу аласыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Акча табуу үчүн ыңгайлуу апта. Эң башкысы кесиптештериңиз, жетекчиңиз менен айтышуудан алыс болуңуз. Өз колу менен бир нерсе жасап эмгектенгендер үчүн ийгиликтүү апта. Мүлк сатып алам дегендерде алданып калуу коркунучу бар. Андыктан юридикалык билими бар адамдар менен кеңешип иш кылыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан