КҮЙӨРМАНДАРЫНЫН КӨПТҮГҮНӨН БАШЫ АЙЛАНГАН "ЕХО"

Альбомдору сатык боюнча 5 жыл бою рекорд жаратып келген "ЕХО" тобунун күйөрмандары күн санап өсүүдө. Быйыл бул курам концертин алты күн катары менен берип, анын ар бирине 100 миңдей көрүүчү келген. Дүйнөнү дүңгүрөткөн бул топ өспүрүмдөр арасында "эпидемияга" айланды. Алардын ийгилигинин сыры эмнеде? Бирге көз жүгүртөлү...

"ЭКЗОПЛАНЕТАДАН" ЧЫККАН ЖЫЛДЫЗДАР

"EXO" – Түштүк Корея жана кытай ырчылары биргелешип түзгөн топ. Топтун аталышы "экзопланета" деген сөздөн алынган, бизче которгондо "күн системиндеги жарык жылдыздар планетасы" дегенди түшүндүрөт. Алардын популярдуулугун ушундан билиңиз, бул курам Түштүк Кореяда 12 жыл бою жаралбаган рекордду ойготуп, "XOXO" ("Kiss&Hug") аталышындагы алгачкы альбому чыккандан 3 ай өтпөй 1 миллионго жакын нускада элге тараган. Курамдагы балдардын ырдаган стили, кийген кийимдери, атүгүл дене мүчөлөрү бир калыпка салгандай окшош. Алардын табигый сулуулугу деле көңүл кубантарлык. Топтун жигиттери чоң сахнага чыгууда гана кымбат кийимдерди кийип, беттерине макияж жасатышпаса, жашоодо боёксуз эле жүрүшөт. Учурда топтун күйөрмандары алардын "Lotto" аталышындагы альбомунун дагы бир жолу жарыкка чыгуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

БИР ЫРДЫ ЭКИ ТИЛДЕ ЖАҢЫРТЫШКАН "EXO-K" ЖАНА "EXO-М"

"EXO" тобу эки кичи тайпага: "EXO-K" (K-pop) жана "EXO-M" (Mandarin-pop) бөлүнүшөт жана кытай, корей тилдеринде ырдашат. Демек, эки элдин сүймөнчүгү десек болот. Топ жаңы түзүлгөндө курамында 12 жигит болчу. Кийин кытай улутундагы үч ырчы: Крис, Лухан, Тао 2014-2015-жылдары бөлүнүп кетишкен.

КОРЕЙЧЕ ЫРДАГАН "EXO-K" ТАЙПАСЫ

КИМ ЖУНМЁН (СУХО)


Туулган жылы
– 1991-жыл, 22-май
Бою – 176 сантиметр
Топтогу кызматы – "EXO-K" кичи тайпасынын лидери
Сухо айымдардын жүрөгүн тез багындырат. Ал эми бош убактысында диванда чалкалап жатып сыналгы көргөндү жакшы көрөт.


БЁН БЭКХЁН

Туулган жылы
– 1992-жыл, 6-май
Бою – 174 сантиметр
Топтогу кызматы – Башкы вокалист
Топтогу эң көп белек алган Бэкхён: «Эгер мен «Чыныгы эркектер» шоусуна катышсам, байгелүү орунга ээ болмокмун",- деп келет.

ПАК ЧАНЁЛЬ


Туулган жылы
– 1992-жыл, 27-ноябрь
Бою – 185 сантиметр
Топтогу кызматы – Башкы рэпер
"EXO’го" мектеп курагында эле мүчө болгон. Чанёль битбокстун чебери.


ДО КЁҢ СУ (ДО)

Туулган жылы – 1993-жыл, 12-январь
Бою – 180 сантиметр
Топтогу кызматы – Башкы вокалист
2012-жылда "EXO’го" расмий түрдө 8-мүчө катары кирген D.O. (сахнадагы лакап аты) ар дайым линза кийип жүрөт.

КИМ ЧОҢИН (КАЙ)


Туулган жылы
– 1994-жыл, 14-январь
Бою – 182 сантиметр
Топтогу кызматы – Вокалист, бийчи, рэпер
Бош убактысында китеп окуп, музыка уккан Кай балет менен машыгууга да жетишкен.


О СЕ ХУН (СЕХУН)


Туулган жылы – 1994-жыл, 12-апрель
Бою – 181 сантиметр
Топтогу кызматы – Рэпер, вокалист, бийчи, макнэ
Топтун эң кичүүсү Сехун 12 жашынан баштап эле белгилүү корей компанияларына сырттан менеджерлик кыла баштаган.

КЫТАЙЧА ЫРДАГАН "ЕХО-М" ТАЙПАСЫ

КИМ МИНСОК (ШИУМИН)


Туулган жылы
– 1990-жыл, 26-март
Бою – 176 сантиметр
Топтогу кызматы – Башкы бийчи, вокалист Шиумин таттуу токоч жегенди жакшы көргөндүктөн аны топтогулар "булочка" деп эркелетишет.


ЧЖАН ИСИН (ЛЭЙ)

Туулган жылы
– 1991-жыл, 7-октябрь
Бою – 179 сантиметр
Топтогу кызматы – Вокалист жана башкы бийчи
2016-жылдагы Лондондо өткөн "China Britain Film Festival" сынагында «ЕХ-Files-2" фильминде жараткан ролу үчүн "Экинчи пландагы мыкты актёр" наамын жеңип алган.

КИМ ЧОНДЭ (ЧЕН)

Туулган жылы – 1992-жыл, 21-сентябрь
Бою – 178 сантиметр
Топтогу кызматы – "ЕХО-М" кичи тайпасынын башкы вокалисти
Стилисттер "Ченге кыздардын кийимин кийгизип койсо деле жараша берет" деп күлүп калышат. Себеби ал топто эң арык жигит.



ТОПТУН АР БИР ЖАРАТКАН ЧЫГАРМАСЫ ХИТКЕ АЙЛАНАТ

  • K-pop тарыхында PSY'дан кийинки экинчи орундагы дүйнөнү багынткан топ катары таанылган.
  • Курамдын "Monster" аталышындагы ыры интернетке чыкканынан 10 күн өтпөй 20 миллионго жакын көрүүчү топтогон.
  • "EXO'нун" "Overdose" чыгармасы бир жыл ичинде Ютубдан 60 миллионго жакын көрүүчү топтогон.
  • Топтун өзү эле белгилүү болбостон, EXORUN аталышындагы жаңы интернет оюн чыгып, ал азыр Кытай өлкөсүнөн башка бардык жерде ойнолуп жүрөт.
  • Команданын мүчөлөрү эң кымбат модель катары бааланып, алар жарнамалаган товар дароо элдин көңүлүн бурат.
  • Япониянын Tokyo TV каналында "EXO Channel" шоусу ачылган. Көрүүчүлөр ал жактан команданын кызыктуу жаңылыктары менен тааныша алат.
  • Топтун негиздөөчүсү 64 жаштагы Ли Суман өткөн жылдагы концертинде кубанганынан жаштар менен кошо ырдап, атүгүл бийлеп да жиберген.
  • Түндүк Америкада тайпанын "EXODUS" аталышындагы альбому чыккан күндөн бир жума өтпөй 6000 нускада тараган.
  • Топтун жигиттери алгач сахнага кийме чач менен чыгышканын айтып күлүшөт.

Күйөрмандарын сагындырбай тез-тезден концерт берип турушат.


Жазгүл Кенжеева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Medina..
2016-08-22 14:10:59
Жакпайт!Кызга окшоп бир эжем айтмакчы" бир соксом турбай калат"дейт.)))
+7
danilka
2016-08-22 15:06:43
Кичинекей кезимде ушу корейлер менен ооруй берет сулуулугуна суктанып,азыр наоборот жакпайт балдары..)))
0
gulzar_gulu
2016-08-22 15:18:30
"Не бальа деген группа а, не бальа деген?" дегендей экен да )
-3
Kusha
2016-08-22 15:26:19
жунмен эмес Чунмен Cюминдин дагы суротун туура эмес коюптурсунар жакшылап карасанар болмок
0
Эльвира Караева
2016-08-22 17:02:59
Kusha,сиз белгилеген ысым орус тилинен эмес, англис тилинин ариптеринен жазылды: 김 준면 - Kim Joon Myun
0
Эльвира Караева
2016-08-22 17:19:04
Kusha,Сюминдин анкетадагы сүрөтү оңдолду. Рахмат ^_^
0
asuman
2016-08-22 18:40:29
Педиктер(((
-2
AKCAHAT
2016-08-22 20:10:59
Назик жигиттер жакпайт негизи.
-4
Danik
2016-08-22 21:33:47
Кандайча звер жигиттер. Менда ушуларга окшогум келет (*_#)
-1
Danik
2016-08-22 21:34:59
Менда ушуларга окшогум келет
-3
lexus47
2016-08-23 16:34:35
Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы демекчи... эркектинда эркектей болгону жакшы. буларга тийсен эчнерсени эптей албаса керек хаха)
-2
over
2016-08-25 18:55:27
менда биринчи жолу угушум буларды
-1
kanykei95
2016-08-26 10:45:01
биросун еле таныйт екем я помню тебя деген кинодон коргом
0
yoona96
2016-08-26 13:16:04
Мага жагат бул группа эхо класс
+2
yoona96
2016-08-26 13:17:00
Ырлары да оздору да жагат эхо
+2
Zarijun
2016-08-30 16:31:00
D.O нун уну да обону да бар. Калгандары анча деле эмес. Супер инфо BEAST- 비스트 группа жонундо дагы маалымат жазгылачы.
0
yoona96
2016-09-06 18:11:20
Супер инфо girls generation 소녀시대 жана got7 группалары
жонундо да маалымат жазгылачы
+2
admin_superstan
2016-09-07 09:57:01
yoona96, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан