Элдик Ташкенов, актёр: "НЕГИЗГИ КИРЕШЕМ АКТЁРЛУК ЭМЕС, БАЛЫК САТУУ"

Керемет көлүбүзгө барып сууга чумкуп, чалкыган асман менен көгөргөн көлдүн чектешкен жерине тигилип ырахат алган кандай сонун. Айрыкча мага жээкте уктоо абдан жагат. Адатымча чырм этип алайын деп жатып көзүм илинип кетиптир. Аңгыча өзгөчө рифма менен ыр айтып, балыгын мактап элди күлдүрүп жүргөн бир соодагер уйкумду бузду. Жүзүн көргүм келип карасам кепканы баса кийген, жапалдаш бойлуу, 40тын кырына барып калган киши экен. Көзүмө тааныш учурады. Көрсө, ал тасма аркылуу элге жүзү таанылып калган актёр экен.

– Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз? Сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам...
– Аты-жөнүм Элдик Ташкенов. Мени көп киши көргөндө эле "сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам" дешет. Мунун себеби мен бирин-экин тасмага тартылып калганымдан. Режиссёр жана актёр Азамат Арыков менен таанышып калып, ал тарткан "Аят-3" жана "Ишен" тасмаларында роль жараткам. Экөөндө тең терс каармандын ролун жараттым. Жалпысынан 4 тасмага тартылдым, экөө анча таанымал эмес. Ошондой эле "Шабдан баатыр" тасмасына да кастингден өтүп, баш кесер Чотондун ролуна тандалгам. Бирок бул долбоор ишке ашпай калды. Алдыда дагы бир тасмага фотопробадан өтүп койдум. Буюрса, чакыруу келип калса, элдин эсинде калгыдай дагы бир роль жаратсам деп турам.

– Абак артын көрүп чыккан адамдын образын жаратуу кыйынга турган жокпу?
– Тасмада абак менен байланышкан образдарды жаратуу мен үчүн оңой болду. Жаш кезде мен да шоктук кылып, темир тор артын көрүп чыккам. 1991-жылдары каатчылык заман келди. Элдин баары жокчулуктун айынан ар түрдүү иштерге барып, ууру-кески да көбөйүп кеткен. Бала кезимден тартынбаган, бир ойдон кайтпаган тайманбас болуп чоңойдум. Менде коркуу сезим деген жок болчу. Ошол каатчылык заманда бирөөлөрдү тоноп жиберип колго түшүп калдым. 4 жылдык убактым темир тор артында өттү. Ал жактан көргөн-билгенимди эркин жашоодо кайталабоого аракеттендим. Абак арты жаман нерсе. Эркиндикке чыккандан кийин адамдарга аралашуу кыйын. Ошон үчүн тасмадагы образымдын өзүмдүн жашоомо тикелей болбосо да окшоштук жактары бар. Мени кинодон көргөн жаш балдар ал образымды кайталабасын деп кайрыла кетейинчи. Көп угуп калам, жаш балдар өздөрүн "крутой" сезгиси келип, терс каармандарды туурашат деп.

– Кайсы жактын кулунусуз? Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Мен 1974-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулгам. Келинчегим экөөбүз эрте баш кошконбуз. 4 эркек, 3 кыздуу болуп, 7 баланы тарбиялап чоңойттук. Алды мени келиндүү кылса, 1 кызым күйөө балалуу кылды. Балдарды ушинтип балык сатуу менен багабыз. Алар дагы жардам беришет. Учурда үй-бүлөм менен Балыкчы шаарында турам.

– Канча жылдан бери көл жээгинде балык сатасыз? Кардар тартуу ыкмаңыз да башкача экен...
– Бул сезондуу жумуш да. Жайкысын Ысык-Көл миңдеген үй-бүлөнү багат. Мен 1994-жылдан бери балык сатам. 22 жылдын жүзү болуп калды. Ушунча жылдан бери адамдын көзүнө карап туруп эмне самап жатканын билип, психолог да болуп калат экенсиң. Мисалы, мен балык ала турган кардарымды бир карап эле билип коём. Эгер ал балыкты жегиси келип, бирок акчасына арсар болуп турса, товарымды мактап-жактап, бир аз баасын түшүрүп бергенге аракет кылам. Көлгө кимдер гана келип эс албайт? Ар түрдүү адамдарды кезиктиресиң. Акчасына чиренгендер бар. Ал тургай унаасына түнөп болсо да эс алып кеткендер бар. Туристтердин түрү келет. Аларга да орусчалап ыр токуп, балыгымды сатам. Сулуу кыздарга, айымдарга "көздөрүңүз бакырайып сулуу экен, көз айнек тагынуунун кажети жок" деп комплимент айта салам. Бул да болсо соода-сатык кылуунун жакшы жолу.

– Балыкты өзүңүз ыштап, туздайсызбы?
– Башында өзүбүз жергиликтүү балыктарды атайын балык чарбалардан алып, ыштап сатчубуз. Бул пайдасыз экен. Анткени жергиликтүү балыктар кымбат. Аны алып туздап-ыштаганга да бир топ убакыт кетет. Сен аны туздап машакаттангыча көлдүн сезону өтүп кетет, убакыттан уттурасың. Азыр болсо сырттан келген балыктарды алып, үстүнө бир аз акча кошуп сатабыз. Эртең менен пансионаттардын алдына дүңүнөн алып келишет. Мага окшогон алып сатарлар тобубуз менен барып бөлүшүп алабыз да, көлдү жээктей жөнөйбүз. Өтүмдүү балыктар горбуша, жерех, сельд жана башкалар. Ыштаганда майы сыртына чыгып, тузду да жакшы сиңирет.

– Быйылкы сезон кандай болуп жатат?
– Быйыл жаан-чачын көз ачырбай жатат. Мындайда билесиңер, көлдүн жээгине эч ким деле чыкпай, номерлеринде жата беришет. Ал учурда биз кантебиз, балыгыбызды чардак менен каргага сатмак белек, убакыттан уттуруп жатканыбызга шыпшынып, корголоп үйдө жатмай. Жакшы болгондо бир күндө 50-60тай балык сатам.

– Тасмага тартылуу, сезондо балык сатуу... Башка учурда эмне менен алектенесиз?
– Жогорку окуу жайды деле бүткөн эмесмин. Тасмага Кудай берген талант менен эле тартылып калдым. Үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы – сезондо балык сатуу. Ал эми тасмага акча үчүн эмес, өзүмдүн талантымды жерде калтырбайын деп эле тартылам. Берген гонорарды алам, башка сурабайм, талап койгудай мен профессионал эмесмин да. Мындан сырткаркы учурларда тааныштар менен бригада болуп алып курулуш иштеринде иштейм. Тасма айдыңына келип калганыма ичимден кубанып жүрөм. Буга чейин кырс мүнөз, каардуу адам болчумун. Кинодо роль жараткандан бери мени эл таанып, сөөмөйү менен көрсөтүп, шыбырашып калгандарын угуп, үлгү болууга аракет жасап калдым. Мүнөзүм жакшы жакка өзгөрдү десем болот.

"Аят-3" тасмасында Карт деген зөөкүрдүн ролун жараткам".


"Ишен" тасмасындагы Элеңбаш аттуу каармандын ролунда.


Гүлжан Асанкожоева
Адилет Бектуров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Көл жээгинде балык сатып үй-бүлөсүн баккан актёр
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
flow23
2016-08-25 16:52:11
Саян менен Безруков чакырды деп жакшы тамашалаптыр. Бирок аракет кылып кор балким чындыгында чогуу тартылып калаарсын
-1
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан