Теледива Ксения Собчактын кош бойлуу экени тууралуу маалымат бир нече ай мурун коомчулукка тарай баштаган. Буга анын сүрөттөрү далил болсо да, тилинен чаң чыккан Ксения «өзгөчө» абалы жөнүндө журналисттерге үн каткан эмес. Биринчи жолу эне болуу бактысын күтүп жаткан Собчак жаңылыгын жашырбай калды. Ал Инстаграмдагы баракчасына кош бойлуу сүрөтүн жүктөп, ар түрдүү суроолорго чекит койду. Интернет колдонуучулар жылдызды колдоого алып, «кош бойлуулук ажарыңызды ачат экен, ичиңизди эми катпаңызчы» деген билдирүүлөрдү жаадырышты.
Ксения Собчак 3 жыл мурун актёр Максим Виторганга турмушка чыккан. Виторгандын биринчи никесинен Полина жана Даниель деген уул-кызы бар.