Жылдын чуулгандуу ажырашуусу деп Голливуд жылдыздары Жонни Депп менен Эмбер Хёрддукун атасак болот. 53 жаштагы Жонни менен 30 жаштагы Эмбер 3 айдан бери эки ажырым жолго түшө албай убара тартышууда. Актриса июнь айында эле жолдошу ага кордук көрсөткөнү тууралуу ачыктап, көгөргөн жүзүн интернетке жүктөгөн эле. Жакында актриса ошол күнү тартылган видеону таратты.
Эмбердин айтымында, Жонниге арак ичпөөсүн суранганда ал телефон менен бетке чаап жиберген. Ошол күнү актриса полиция кызматкерлерин чакырганы менен, алар зордук-зомбулуктун изин байкашкан эмес. Азыркыга чейин соттук отурум улам жылып, чечим чыга элек.