Фабрика» тобунун экс-солисти Сати Казанова жеке жашоосун сыр тутуп, эл көзүнө көбүнчө кесиптештери же достору менен чыгат. Жакында Сатинин 55 жаштагы "Росводоканалдын" президенти Александр Шенкманга турмушка чыгары тууралуу маалыматтар тарады.
Маалыматтарга таянсак, өткөн жылы Александр Сатинин колун сураганда ал макулдугун берген. Сүйүшкөндөрдүн үлпөт тою ушул жылы болмок. Бирок Казанова салтанатты убактысынын тардыгынан улам жылдырган.
Түгөйлөрдүн мамилеси жашыруун болбой калса да, Сати Шенкман менен болгон романды жайылтууну каалабайт. Ырчы айым муну көптөн бери ишеничтүү эркекке жолуга албай келгени менен байланыштырат.