ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Акыры мен үйгө Маржаныма колума бала көтөрүп кирип келдим. Ага баарын айтып бердим. Болгону унаадагы экинчи жансыз наристе тууралуу ооз ачпадым. Ал аны укса бушайман болмок.
"Үйүбүздүн алдына таштап кетиптир" деген болдук да, кызды өзүбүзгө каттатып багып алдык. Кызга Жанна деген ысым ыйгардык.
Жанна чоңоё берди. Маржандын жашоосунун маңызы ошол кыз болчу. Мен аларды кем кылбай багуу үчүн болгон аракетимди жумшап, ишкерликти үйрөндүм. Абдан жакшы жашап баштадык. Маржан ар убак Жаннага кийимдин жакшысын кийгизчү, тамактын мыктысын берчү. Анын айтканы менен болуп, көзүнүн агы менен тең айланар эле.
Жаннаны жалаң байдын балдары окуучу мектепте окуттук. Ал дайыма ээн-эркин жүргөндү жакшы көргөн, айтканынан кайтпаган көк бет, мүнөзү татаал кыз болуп чоңойду. Кыязы жетиштүү жашоо, чөйрөсү аны азгырып кетти окшойт. Кыскасы, бир ирет ал менин капчыгымдан акча уурдап жатканда кармап алдым. Маржандын айтканы менен болуп Жаннага Москвадан өзүнчө батир белек кылган элем. Буга эмне жетишпейт деп жиндендим. Көрсө, ал баңги болуп кеткен экен. Биз байкабай жүрө бериптирбиз... Жанна Маржанды аяп да койгон жок. Байкуш Маржаным көз алдымда алсырап, санаа тартып чөгүп жатты.
Мен бардыгын ачык айтып берейин деп чечкем силерге. Ачык эле айтайын, акыры бир күн Жанна өлөт деп билип жүргөм. Баңгилер көп жашабайт... Бирок Жанна өлүп калса, Маржаным биротоло жок болуп кетет го дегенде көзүм тумандап, жашагым келбей кетчү. Маржан жашоосун Жаннага, а мен бүт өмүрүмдү Маржанга арнап койгон болчумун. Бирок Жанна башкалар үчүн жоопкерчиликте экенин сезип койгон жок.
Бир ирет жумушумдан чыгып, ресторанга бардым. Билбейм, жалгыз тамеки түтөтүп, коньяк жутуп отургум келди. Мына ошол жерден мен кереметтүү нерсеге кабылдым. Ресторанда Жаннага куюп койгондой окшош официант кыз жүргөн экен. Мен адегенде аны Джи экен деп ойлоп, бирок кыздын жүзүнөн баңгизат аттуу нерсеге жакындабаганын байкап, анан калса улам бир сөздү кыргызча сүйлөп курбусу менен баарлашканын көрдүм. А Жанна орусча гана билчү... Мен үчүн мунун жандырмагы оңой эле болчу.
Өткөндү эстеп дароо түшүндүм. Көп жылдар мурун оодарылып жаткан унаанын ичинде мен жардамсыз калтырып кеткен, мен жансыз деген наристе тирүү болгон экен, жашап жатыптыр. Билбейм, аны кимдер таап алганын, бирок ал кайсы бир күнү бир дозанын айынан өлүп кала турган Жаннанын ордун баса алмак. Мен ушундай өзүмчүл, ушундай мыкаачымын... Ушуну ойлонуп жибердим. Себеби Маржан баягыдай бактылуу боло алмак. Маржан жашамак. Бул сырды эч кимге айтпастан, Жанна өлүп калса, анын ордун кантип тиги кыз менен алмаштырам деп бушайман боло баштадым. Керек болсо Жаннаны өзүм эле жок кылдырып, тиги кыз менен алмаштырып коюунун да жолун издедим.
Андрей Николаевич – ал адамдын баш мээсин ачып, жумулган көздөрү менен кайсы жерде кайсы нерв, кайсы булчуң бар экенин айтып бере алчу мыкты врач болчу. Ал мен куруп жаткан үйлөрдүн биринен батир алып жатканда таанышкам. Оюма ошол келди. Бир ирет аны кечки тамакка чакырып, мас кылдым. Кызыккан кишидей эле "башка адамды "сен андай эмессиң, сен ал эмессиң, сен мындайсың, сен булсуң" деп таптакыр башка адам экендигине ишендирип мээсин буруп коюуга болобу?" деп сурадым. Ала көөдөн Андрей Николаевич андай нерсе болорун, бардыгы психологияга байланыштуу экенин айтып мактанды. "Жасай алам" деди. Аны кантип жасайт, башымды ооруткан жокмун.

ххх

Ал күн да келди. Маржан акыркы убакта санаадан уктай албай калган. Мен анын тамагына уктатуучу дары кошуп койчумун. Бир аз эс алып алсын деген ой менен ошентем. Адаттагыдай тамагына дары кошуп уктаткан соң Жанна чалып калды. Алсам:
– Апа, жардамга, күйүп жатам!- деп кырылдады. Аны телефон номуру аркылуу эле таап бардым. Бир нече гастарбайтер Жаннаны сойку катары сатып алышыптыр. Алардын батирине мен жетип барганча эле кыз каза тааптыр. Тигилер көздөрүн алайтып коркуп калышкан экен.
Мага көп адамдар карыз. Алардын кээ бири карыздарын бергиси келбейт. Ошондойлорго жибериш үчүн менде бөрк ал десе баш алган 4-5 жигит кызмат кылышат. Мына ошол жигиттердин бири Калыс аттуу кыргыз жигит болчу. Мен аны түрмөдөн сууруп чыккам.
Жаннанын өлгөнүн мына ушул Калыс экөөбүз гана билдик. Ага болгонун түшүндүрүп бердим да, Москванын четиндеги бир үйдүн жер төлөсүндөгү муздаткычка Жаннанын сөөгүн салдырттым.
Ойлорду ишке ашырыш керек болчу. Калыс Жаннага окшош кыздын артынан түштү. Андрей Николаевичке мен ал түшүндө да көрбөгөн акча сунуштадым. Ал баш тарта алмак эмес. Баш тартса аны өлтүрүп деле коюуга мүмкүн болчу. Кыскасы, Андрей Николаевич кыз башынан катуу жаракат алышы керектигин, калганы анын жумушу экенин айтты. Ал тиги кызды түз мааниде айтканда, Жанна кылып жасап чыкмак болду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
pochtalyonin
2016-08-22 09:06:27
Экинчи учунчу менен бактылуу боло кор
-2
Begimkyz.
2016-08-22 09:37:12
тобоо, ушундай да мыкаачы адам болобу а? бир аял учун башкаларды азапка салганын.
+10
dobrajelatel
2016-08-22 09:41:40
Адам оюнчук экен да буга.
+6
fanatkg
2016-08-22 11:38:23
Бул жагы окшошпой баратат...
+5
Tansuluu09
2016-08-22 12:10:05
Арууке менен Жаннаны окшош олтурушконбу ошондо Жанна мусорго таштап кетсе аруукени баякы Калыс башына бир коюп мусорго таштап кеткен элего кыскасы бул жагы баш айланма же окшошпой калган же мен
+1
aikol87
2016-08-22 15:52:19
Тушунуктуу эле болуп туратко.муздаткычта жаннанын соогу салынган,кийин Калыс балдарга мусорго Аруукени ыргытабыз деп ыргытып кийин алмаштырып койгон Жанна менен.кышында тонуп олду деп.
+1
Siren90
2016-08-22 16:53:23
Бул жагы денени дүркүрөтөт го
+1
Nazikbaigazy
2016-08-23 01:55:32
Ошого Калыс Аруукени стенага суздуруп каттуу кыйнаган екенда, ушунун баарын Арууке мн Жанарга кантип айтып берип жатат
+1
Shumkarbek777
2016-08-23 09:01:05
Мыкаачы, жаман киши турбайбы. Өзү жасап алган фамилия, өзү жасап алгысы келген кыз.
+2
Oshken26
2016-08-23 14:13:26
Баарибир багып алган дааааааа.
-2
mishonia8077
2016-08-26 09:34:18
Аруукени классташы Айбек беле,ошол балдарга салып берди жле го
0
taiir000
2016-08-28 14:55:35
Бутту окшойт
-1
Shumkarbek777
2016-08-28 19:38:13
taiir000,
(Уландысы кийинки санда) - деп туратко
0
ApSaLaM_KaRyBeK_UuLu
2016-08-29 00:36:22
Аягында жакшы болуп бутконуно шугур деймин!
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан