(Башталышы өткөн сандарда)
– Мен тоого чыгып кыйкырам, булар менин артыман кеткенде силер тез жөнөгүлө. Неберелерим менен гана коштошо албай калат экенмин да...
Аксакалга көрсөтүп айылдагы агамдын телефон номерин ташка жазып койдум, "ушул номерге чала бериңиз" деп.
Ал колумду катуу кысып коштошуп, караңгыга сиңип кетти. Дрондордун бирөөсү көрүнбөйт, экинчиси чапандын үстүндө окшойт, үнү чыгып жатты. Аксакалды байкап калышпаса экен деп Кудайдан тиленем. Саат да бирден өтүп калыптыр, он мүнөттөй өттү окшойт, бир убакта бийик жерден аксакалдын кыйкырган үнү чыкты. Чапандын үстүндө турган дрон дароо ошол жакка учуп кетти, беркиниси телефон жакта жүргөн окшойт, менден беш метрдей жерден учуп өтүп, ал да тоону көздөй кетти. Автоматтын атылган үнү угулду, эки адам да келип калган окшойт, тезирээк качпасак болбойт эле бул жерден. Чуркап Алимдерге барсам, Алим үшүгөнбү эжеси кучактап отурган экен, ээрчитип алып кайыкка келип экөөнү тең отургузуп, кайыкты суу белимен келген жерге чейин түртүп барып, чыгып отурдум да калак менен аркы жээкке сүзүп жөнөдүк. Жай көрүнгөнү менен аябай эле катуу агат экен, калак менен араң башкарып бараттым. Ортосуна жетип деле калдык окшойт, караңгыда эч нерсе көрүнбөйт. Бир маалда жээк көрүндү, он метрдей эле калыптыр. Ылдыйдан жарык көрүнгөндөй болду, жээктен көп алыстабай агып келе бердик. Туура эле көргөн экем, эки жүз метрдей жерден жарык үч жолу өчүп-күйдү. Дароо жээкке бурдум кайыкты, себеби дрондордон корктум, аксакалдын телефонуна чалынган номердеги телефонду оңой эле таап алышмак. Ушунча жерге учуп келген дрон, ушул жерге жетпей калмак беле?! Жарык чыккан жерге 100 метрдей жетпей жээкке чыктык. Алим менен эжесин түшүрүп, кайыкты сууга түртүп барып оодардым, кайык чөгүп кетеби десем чөкпөдү. Үстүнө чоңураак таш коюп койдум, бул жерден алыстап кеткенче көрүнбөй турса болду. Чыккан жерибиз тоонун бүткөн жери, караган коюу болуп өсүптүр. Жарык чыккан жерден кичине дөңчө тосуп турат. Алимдерди чоң таштардын түбүнө "кыймылдабай отуруп тургула" деп калтырып коюп дөңгө чыктым.
100 метрдей жерде бир жеңил машинанын карааны көрүнөт, жанында бир адам турат окшойт, маал-маалы менен фонарик күйгүзүп коёт. Дрон келген болуш керек, кантип тиги адамга белги берсем болот? Эмне кылышты билбей жаттым, арт жагыбызда жакын эле жерде бир айыл бар окшойт, көп жарыктар күйүп турат. Бул жерде жата берсем болбойт. Дронго кармалгандан көрө ошол айылга бара берейин дедим. Күткөн адам кете берсе керек, бир аз күтүп. Эмнеси болсо да тажиктерге келип алдык, өзүбүздүкү. Кайра Алимдерди калтырган жерге барып, аларды ээрчитип тоонун капталы менен сууну бойлоп жогору кеттик. Өтө абайлап, дрондордон, чек арачылардан этият болуш керек эле, карагандарды аралап келе жаттык. Өчөшкөнсүп ай да чыгып алды. Суунун аркы өйүзү даана көрүнүп турат. Бир чакырымдан ашыгыраак жүрдүк окшойт. Алимдин эжеси Жыргал артымда келе жаткан, жеңимен тартат, карасам колу менен аркы жээкти көрсөттү. Жээкте ачык жерде бир машина, чыйылдактыкы окшойт, үч адам турат. Бирөөсү аксакал эле, чөгөлөп отуруп калыптыр, кийими окшош экен, жанындагысы чыйылдак, үнү анда-санда угулуп жатты. Аксакалды далысына бир тепти эле, жыгылып калды. Чыйылдак бакырып бир нерселерди айтып дагы тепти окшойт. Алимди карасам эки колу менен оозун жаап алып ыйлап жатат, Жыргал инисин кучактап, кулагына бир нерселерди шыбырап жатты, акыры үнү чыкпай калды, өзү да ыйлап кирди окшойт. Карагандын ичинде тургандыктан Алим туруп чоң атасын карап коёт да, кайра эңкейип үнү чыкпай калат. Эмне кылышты билбей калдым, чыйылдак аксакалды өлтүрүп коюшу да мүмкүн эле. Неберелери минтип ыйлап жатса кетип кала албадым, Жыргалга:
– Силер ушул жерден жылбай отургула. Бирөө жарым көрүп калбасын, мен азыр чоң атаңарды алып келем. Жыргал, дрондор түндө да жакшы көрүшөт, кыймылдабай отургула,- дедим.
Рюкзакты чечип беш пачка долларды баш кийимиме салып катуу байладым да, сууну бойлоп жогору карай 200 метр басып сууга кирдим. Суу өтө эле муздак экен, эптеп аркы жээгине сүзүп өттүм. 100 метрдей жогору чыгыптырмын, бекинбей эле туура жөнөдүм. Машина жүрүп турган экен, мен барганча бирөөсү айдап кетип калды. Аксакал жерде жатат, жанында чыйылдак телефондо сүйлөшүп мага артын салып отурат, кайсы тилде сүйлөп жатканын түшүнбөдүм. Мени байкабады, жакындаганда акырын үн чыгарбай басып барсам артында автомат жатыптыр. Алып, затворду тартып октосом чочуп кетти, артын карап мени көрүп көзү алайып туруп калды. Аксакал да мени көрүп ордунан туруп, чыйылдактын колтугунда пистолети бар экен аны алып, менин жаныма келип:
– Эмнеге келдиң, неберелерим кана, жолуктуңбу күткөн адамга?
– Жок, жолуга албадым.
– Эмне, кетип калыптырбы?
– Коркпоңуз, неберелериңиз коопсуз жерде, жүрүңүз биз менен, сизди алып кеткени келдим,- деп, эмне болгонун айтым бердим.
– Өмүрүңдү тобокелге салып келбей эле койбойсуңбу, макул эми шашпай тур, биринчи мобу акмак менен бир жаңсыл бололу.
– Азыр, аксакал...- баш кийимимдеги акчаны алып чыйылдактын алдына таштадым. Атып салабы деп коркуп, чөгөлөп эки колун бооруна алып жалына баштаган адам атпашыбызды түшүнгөндөн кийин акчаны шашып-бушуп чөнтөгүнө салып алды.
Аксакал оозун ачып мени таң калып карап калды:
– Эмне кылып жатасың?
– Акчаны алып оозун жапсын да, жүрүңүз, аксакал, эртерээк кетип калалы. Неберелериңиз да күтүп калды.
– Аа, балам, сен бул акмакты билбейсиң да, биз артка буруларыбыз менен атат же бир нерсе кылат. Сен эртерээк бар неберелериме, мен кете албайм сени менен...
(Уландысы кийинки санда)