Жабырлануучу: "ҮЙ КУРУП БЕРЕМ ДЕП АЛДАП БҮТҮРБӨЙ ЖАТЫШАТ"

"Борбор калаада эптеп эле баш калкалаар үйүм болсо" деген жарандарыбыз миңдеп саналат. Ошондой изги тилек менен "жаңы конуштан жер тилкесин алып берем" деген алдамчыларга алданып калгандар көп. Эми бул алдамчылык "көп кабаттуу үйдөн арзан батир алып берем" дегенге өсүп жеткендей.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ

2016-жылдын 8-август күнү Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда 9 кабаттуу бир нече үйдүн курулушу 1 жылдан бери токтоп турганына нааразы болгон жарандар биздин редакцияга кайрылышты. Алардын маалыматына караганда, Көк-Жар конушунда 2012-жылы үйлөрдү кыргыз-араб "Аль-Хнейзи" жоопкерчилиги чектелген коомунун буйрутмасынын негизинде "О.П.П.С. Строй" курулуш компаниясы куруп баштаган. Кардарларына куруучулар үйлөр 1 жыл 2 айда толугу менен бүтөрүн убадалашкан. Бирок курулуш иштери бүтпөй, ушул убакытка чейин токтоп турат. 9 кабаттуу үйлөрдүн айрымдары 6-кабатка чейин курулса, айрымдарынын пайдубалы түптөлгөн боюнча турат.
Батир сатып алуу үчүн жергиликтүү 300 адам катталган. Алардын айрымдары 15 миң доллардан баштап 60 миң долларга чейин акча төлөшкөн. Арасында банктан насыя алып, үйгө төлөгөндөр да болгон. Айрымдары үйү жок, батирге жашайын десе тапкан акчасы банктагы насыясынан артпай, айла жоктон жетекчисине айтышып, бала-чакасы менен иштеген жеринде жашап жаткандары да айтылды. Эми алар же каражаттан жок, же турак жайдан жок, 5 жылдан бери тийиштүү кызматтарга кайрылып, оңгулуктуу жыйынтык чыгара албай келишет. Белгилүү болгондой, курулуш жүрүп жаткан 1 гектар 75 сотых жер мэрия тарабынан "Аль-Хнейзи" жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылга ижарага берилген.

"300 КИШИ АЛДАНЫП КАЛДЫК"

Нааразы болгондордун бири Алиса Исманалиева акчасынан кантип кол жуугандыгын айтып берди:

– 2014-жылы жаңы батир алайын деп өзүмдүн батиримди саткам. Көк-Жар конушунда жаңы үйлөрдү куруп жаткан "О.П.П.С. Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Руслан Хамдамов аттуу кишиге жолугуп, документтерин карасам, үй салууга уруксат берген мэриянын токтому бар экен. Ошого ишенип ал компанияга 1 бөлмөлүү батир алуу үчүн алдын ала 15 миң доллар бергем. Калган акчаны кийин бөлүп төлөп турмакпыз. Бизге "үй 2015-жылы күздө курулуп бүтөт" деп убада беришкен. Бирок үй алигиче бүткөн жок. Мен эле алданган экем десем, дагы 300 киши алданыптыр. Арасында акчасын төлөп, 2012-жылдан бери күтүп жүргөндөр бар.
2015-жылы курулуш иштери толугу менен токтоп калды. Бул убакытка чейин насыяга үй алгандар 70 пайыз, айрымдары 100 пайыз акчасын төлөп коюшкан. Болжол менен компания элден 5 миллион долларга чейин акча алган. Руслан Хамдамов бизди 2 жолу инвесторлорду алып келип алаксытты. Биринчиси "Консалтинг Групп" деген компаниянын өкүлү Максим Альянов деген киши "Орусияда, Казакстанда инвесторлорубуз бар, үйдү толук бүтүрөбүз" деп алдап, ар бирибизден 90 доллардан баш-аягы 100 миң доллардай чогултуп, ал дагы бүтүрбөй кетип калды. Биз эптеп үйүбүз эрте бүтсүн деп сураган акчасын берген элек.
Ал эми андан кийинки "инвестормун" деп келген "На и Ко" компаниясынын өкүлү Наргиз Дадаханова деген аял биздин акчабызга алынган техникалык шаймандарды, курулуш материалдарын үй курулуп жаткан аймактан эч кимден уруксат сурабастан алып чыгып кетти.
Биздин өкмөттөн суранарыбыз, бул ишти көзөмөлгө алып, үйүбүздү бүтүрүп берсе же ишеничтүү инвестор таап берсе жакшы болмок. Азыр Руслан Хамдамов бул иш боюнча убактылуу камакта. Ал го бир аз суралып чыгып кетет, а биз акчадан кол жууп кала беребизби?

АСАНОВДОН "АКЦИЯ": "50 СОМГО БАТИР АЛ!"

Жогорудагы көрүнүш алгачкысы эмес. Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын 26-июль күнү 700гө чукул адам Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы сейил багында "Мага үй керек" аталыштагы митинг уюштурушуп, өкмөттөн арзан турак жай менен камсыз кылууну талап кылышкан. Эгер талаптары аткарылбаса, борбордук аянтка барып жол тосушарын билдиришкен. Жыйынтыгында митингге чыккандардын 33ү Биринчи Май РИИБине жеткирилген. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту митингди уюштурган 5 адамга административдик чара колдонуп, экөөнү 4 суткага, үчөөнү 3 суткага камаган. Ошондой эле 5 адамга 500 сомдон, 23 адамга 300 сомдон айып пул салынган эле.
Элди митингге алып чыккан башчылардын бири Нурлан Асанов аттуу жаран убактылуу камакка алынгандардын арасында болгон. Арадан ай айланбай бир нече адам анын үстүнөн милиция кызматкерлерине арызданышкан. Себеби Нурлан Асанов алардан "арзан үй алып берем" деп акча алып, кайтарган эмес. Ошондой эле жогоруда аты аталган "ак көңүл" адам 2016-жылдын май айынан тарта бир топ кишиге өзүн "Турак жай куруу кооперативдеринин коалициясы" (ТЖКК) аталыштагы коомдук уюмдун жетекчиси жана Жогорку Кеңештин профсоюзунун төрагасымын деп тааныштырып (иш жүзүндө андай болгон эмес), бир топ кишиден акча чогултуп алган. Ал өз "курмандыктарына" "SINOCOST" аттуу кытай курулуш компаниясы менен сүйлөштүм. Биз өкмөт менен тыгыз иштешебиз жана "Жеткиликтүү турак жай" долбоорунун алкагында жакын арада жогорудагы кытайлык курулуш компаниясы тарабынан Бишкек шаарына үй курулат, анын чарчы метри 100 доллардан (чындыгында борбор калаада батирлердин чарчы метри орточо эсеп менен 600-700 доллардын тегерегинде) болот. 4-6 миң долларга бир бөлмөлүү батирлүү болосуздар. Үйлөр биздин коомубузга – ТЖККга мүчө болгондорго гана берилет" деп, коомго мүчө болгондордон ай сайын 50 сомдон акча алып турган. Натыйжада мындай "мүмкүнчүлүктү" колдон чыгаргысы келбегендердин саны 10 миңден ашкан. Алар "келечектеги үйүнө" 50 сомдон 2 айга төлөгөндө эле
1 миллион сом чогулуп жатпайбы.
Мындан тышкары Асанов ТЖККнын мүчөлөрүн 30 пайыздык алдын ала төлөнүүчү акыны, тагыраак айтканда, 1-2 миң доллар акчаны беришсе, калганын 15 жылдын ичинде кытайлык курулуш компаниясы төлөп берет деп ишендирген. Ал эми "SINOCOST" курулуш компаниясы Нурлан Асанов чындыгында эле Кытайга барганын, эгер ал кыргыз өкмөтү үй курууга уруксат берсе, компания жардам берерин айтышканын билдиришкен. Бирок Асанов менен кытайлык компаниянын ортосунда эч кандай келишим түзүлбөгөнүн, алардын компаниясынын атын колдонуп элден акча чогултууга Асановдун акысы жок экендигин маалымдашкан. Ал эми каарманыбыз болсо бүгүнкү күндө социалдык тармактарды активдүү колдонуп жаткан чагы. Байланышып, жогорудагы окуя боюнча өз чындыгын угалы дегенибизде, ал жооп берүүдөн баш тартты.
17-августта ТЖККнын мүчөлөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Нурлан Асанов өзү катышпагандыгына байланыштуу анын кайрылуусун окуп беришти. Кайрылууда "Жеткиликтүү турак жай" долбоорун ишке ашырууда бийлик тарабынан бут тосуулар болуп жатканы айтылат.

"ҮЙ КУРУП БЕРЕМ ДЕП АЛДАГАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ"

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовго кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Акыркы кезде "үй куруп берем" деп алдаган фактылар көп катталып жатат. Ал эми жогоруда сөз болгон Нурлан Асанов аттуу жаран боюнча айтсак, ал митингге элди алып чыгып, жол тоскондугу үчүн кармалып, кайра коё берилген. Кийин да жарандар анын үстүнөн "үй куруп берем деп алдап акчабызды алды" деп арызданышкандыктан Нурлан Асановдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, суракка чакырылып, көрсөтмө берген. Эгер арыз жазгандардын айткандары далилденсе, ал камакка алынат. Алдангандардын акчасы кайтарылабы же кайтарылбайбы, аны сот чечет. Анын үстүнөн мурда да "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, белгисиз себептерден улам токтоп калган экен. Азыр анын бардыгын тактап, эмне себептен кылмыш иши токтогонун иликтеп жатабыз.

Бишкек ШИИББи кылмышка шектүү Нурлан Асановдон жабыркагандар болсо, арыз менен кайрылууларын эскертет.



Көк-Жар конушундагы толук бүтпөй токтоп калган үйлөрдүн бири.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
80 миң долларга чейин акча берген 300 жаран үйсүз калды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
gutler
2016-08-22 15:06:48
Сабыр кыла тургула,бутуп калар уйунор. Бирок менде силердей нак акчам болгондо, шаардагы даяр эле уйлордон тандап туруп алмакмын
0
barakcha
2016-08-26 18:24:20
Акыркы 2жылда мындай мошенник компаниялар кобойду инфляцияга байланыштуу.
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан