СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Мен сени туруп, жаныма отур деп жатам!- дедим үнүмдү өкүм чыгарып. Тилла илең-салаң туруп отургучка башын мыкчыган бойдон отурду.
– Тилла, сөздү узартпай кыскасын айтсам, мен жөнүндө көптү билет экенсиң! Эми ачыгын айтчы, өз оозуңдан угайын!-деп жүзүнө тигилдим.
Ошондогу анын абалын сураба, өңү бозоруп кетти. Байкуш көрүнгөн аны бир чети аяп, бир чети жийиркендим. Көзүмө тике карабай, башын жерге салды.
– Эмне унчукпайсың, айта турган сөзүң жокпу?! Нааразычылыгың бар экен. Мага берген мүнөздөмөңдү уктум! Баса, өткөн жумада жатакананын башчысына үстүмдөн арызданган экенсиң, ага да унчуккан жокмун. “Окуйт элем, Малика менен Бактияр тоскоол болуп жатат. Аны чыгарып же мени башка бөлмөгө которуп коюңуз” деп айтыптырсың. Беш жыл университетте бирге окуп, сенин окуюн, бир нерсени тереңинен билейин дегениңди уккан жок элем. Эми аракет кылып калганыңда жолтоо болуптурмун да, туурабы?! Сенден ажырап жатканыма кыпынчалык кейибеймин, бирок сага деген достук сезимимден айрыдың! Ошого ичим ачышып жатат! Сенин айыңдан мен эми эч качан бирөөгө ишенип дос күтө албайм. Сен досуктун шертин булгадың!- дедим. Ал дагы эле унчукпай отурду.
– Тилла, сен эки жолдун бирин танда! Шаардан кет же шермендеңди чыгарып, абийириңди төгөмүн, чыдайсың!
– Кетем!- деп дароо жооп берди. Кыязы, ойлонуп койсо керек.
– Анда мен азыр Бактиярдын жанына барып турайын. Сен буюмдарыңды жыйнап, бөлмөнү эмес, бул шаарды бошотуп кеткин! Айткандарыңды сураштырып-териштиргенге чамам жок,- дедим да, чыгып кеттим.
Ошол бойдон кеч киргенде гана Бактияр экөөбүз менин бөлмөмө келдик. Тилла буюмдарын жыйнап чыгып кетиптир. Мен берген кийимдердин баарын бүктөп, дивандын үстүнө калтырыптыр. Колумдагы сумканы ыргытып, бөлмөнүн ортосуна отуруп алып ыйлай баштадым. Тилла кетип калганы үчүн ыйладымбы же жакын курбумду жолдон чыгарып, аны мага каршы тымызын тукурган Канатка ачууландымбы, билбейм. Кантсе да Тилла менин сырдашым, көп жылдан бери коюн-колтук алышкан курбум эле. Менин баамымда ал мурда ушак сүйлөгөн да, мага каршы жаман пикири да болгон эмес. Турмушка тың, кара жумушка көнгөн сарамжалдуу кыз болчу. Мүмкүн Бактияр менен гана убара болуп, курбумдун менден алыстап кетишине өзүмдүн да күнөөм бардыр... Ыйлап бугун чыгарып алсын деди окшойт, Бактияр унчукпай отура берди. Бир топто гана суу алып келип ичирип, мени диванга отургузду.
– Жаным, болду эми ыйлаба, башың ооруп калат.
– Сен мени аяп жатасыңбы?! Мына, жалгыз калдым! Силер... Канат экөөңөрдүн ушагыңардын айынан мен курбумдан ажырадым! Тилла күнөөлүү эмес... Ал мындай кыз эмес болчу, аны Канат жолдон чыгарды! Жолдон чыкпаган сен калдың! Жок, сен да жолдон чыгып баратат окшойсуң! Сураштырбай туруп бирөөлөргө ишенип, мени урдуң, ээ?.. Сен да жогол!
– Жаным, кечир!
Бактияр мындан башка эч нерсе айткан жок. Бир аздан соң анын моюнуна асылып, көкүрөгүнө башымды жөлөп, көпкө чейин бозоруп отурдум.
Канат үч күн бою бөлмөсүн ичинен бекитип, сыртка чыкпай жатты. Албетте, корккондугу үчүн эмес, ишенген кызы айткан сөздөрүн далилдеп бере албай шаардан кетип калганы ага абдан таасир этти окшойт.
Биз бул кыянаттыктын, бузукулуктун да ашуусун эптеп аштык окшойт. Алдыда мындан да оор ашуулар күтүп жатканын акылым туюп, жүрөгүп сезип жатты...
Бактияр ичинде кири жок, ак көңүл, колу ачык берешен, бардык нерсеге жөндөмдүү уста да эле. Бөлмөбүзгө керектүү кийим илгич, китеп текче, идиш койгуч сыяктуу буюмдарды өзү жасап койчу. Андай буюмдар анын да, менин да бөлмөмдө бар эле. Кыздар Бактиярдын тың экендигин айтып, “болочок күйөөң менен турмуштан кыйналбайсың” деп калышчу. Кээде кошуна кыздар “Бактияр бизге китеп текче же идиш койгуч жасап берсинчи” деп келип калышат. Мен Бактиярды кыздардан кызганып, “анын колу бош эмес, башы ооруп жатат” же “балкасын жоготуп алган” деп түрдүү шылтоолорду айтып, акырын узатып койчумун. Кээде эшик такылдап калса, Бактияр үйдө экендигине карабай сыртка чыгып, жанагындай жоопторумдан айтып узатканча шашам. Кайра киргенимде Бактиярдын “эмнеге келиптир?” деген суроосуна китеп сурап келиптир деп жашырам. “Берген жоксуңбу?” десе андай китеп менде жок эле деп кутулам. Антсе да кээде Бактияр мени менен кошо сыртка чыгып, мен оозумду ача электе эле макулдугун берип коёт. Бактияр кишинин суранычын аткарбай койчу эмес. Мындай учурда кой десе болбой ага кошулуп барып алам. “Менсиз бул мык да ура албайт, кыздар” деп аларга сыр бербей тамашалайм. Анан Бактияр ишин бүтөрү менен кыздар дасторкон жайганына карабай, “азыр эле тамактанганбыз” деп Бактиярды алып кеткенче шашылам. Бул кылыктарымды байкаган ал мыйыгынан күлүп, “кызганчаагым менин, ансыз деле менин сенден башкага керегим жок. Башкалар мени сендей сүйө алышар бекен?” деп эркелетип калат. Бирок ал кызганганда менин кызганычым жолдо эле калчу. Канчалык эркелетип, канчалык көзүмө карабасын, кызганычтын айынан далай токмогун жеген күндөрүм да болду. Анын кызыл камчы, ачуусу чукул мүнөзүнө капа болчу деле эмесмин. Мени сүйөт, кызганат, ошондуктан өзүн кармай албай калат деп түшүнөр элем. Кыскасы, кызгануу биздин бирден-бир кемчилигибиз эле.
Жаз аяктап, жай да келди. Студенттердин сейили мурункудан көбөйдү. Биздин курсташ кыз-жигиттер чогулуп шаар четине, тоо коюнуна барып эс алып келүүнү адат кылып алган элек. Бул ирет Ала-Арчага бармай болдук. Мен кийим-кечегимди, керектүү буюмдарымды даярдап коюп, Бактиярдан уруксат сурадым. Ал «ойлонуп көрөм!» деп бурк этти. Анын ачык жообун албасам да, “спорттук шымым менен футболкам эски, муну менен кантип барам?” деп наалый баштадым. Бактияр мени базарга ээрчитип барды да, каалаганымдын баарын сатып берди. Буга кубанып, төбөм көккө жете түштү. Эртеси таң атпай туруп даярданып жатсам, эшик такылдады. “Кызык, таң эрте кимиси келип калды?” деп эшикти ачсам, уйкусурап Бактияр турат.
– Бактияр, тынччылыкпы?
– Жок, мен бүгүн кечинде бир жакка барышым керек. Кийимдерим кир, жууп, даярдап берчи!
– Бактияр, башка кийимдериң жокпу? Таң атпай эмне деген шылтоо таап келдиң?!
– Мен дал ошол шымды кийип баргым келип жатат.
– Мен кечигип жатам, баары күтүп калышты.
– Бара албайм, жумуштар чыгып калды деп айтып кой, кете беришсин.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан