ТЕМИР САРИЕВ КОНСТИТУЦИЯНЫ ШАШЫЛЫШ ӨЗГӨРТҮҮГӨ КАРШЫ

Экс-премьер Темир Сариев Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеген Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерине кайрылуу жасады. Анда ал Конституцияны өзгөртүү аракетинин тегерегиндеги талкууларга дыкат көз салып турганын жана 1 ай мөөнөт талкуулоого аздык кыларын айтат.
"Коомдук талкууга деп силер сунуштаган 1 айлык мөөнөт өтө аз. Бул убакытта талкуу жүргүзүү, бардык сунуштарды топтоо, аларды экспертизадан өткөрүү, аларды Конституциянын долбооруна киргизүү же киргизбөө чечимин кабыл алуу кыйын. Эгерде бүгүнкүнү коомдук талкуу десек, анда элдин сунуштарын ким топтоп, ким баалайт? Муну менен бийликтеги партиялар алектенсе, анда мындай процедуралардын легитимдүүлүгү шек жаратат. Ошондуктан атайын орган – Конституциялык кеңешме түзүү зарыл. Ага бийликтин өкүлдөрү эле эмес, оппозиция, белгилүү эксперттер кириши шарт. Ошондо гана коомдук талкууну толук кандуу деп айтууга болот. Бардык коомдук-саясий күчтөрдүн, компетенттүү адистердин пикирин угуу кажет",- дейт Темир Сариев. Буга катар экс-өкмөт башчы: "2010-жылдагы кандай кандуу окуялар орун алганы жана Конституцияны кандай оор жол менен кабыл алганыбыз баарыбыздын эсибизде. Элибиз Баш мыйзам үчүн жетиштүү эле деңгээлде азап чекти. Ошол себептен бардыгыбыз бул документ үчүн жооптуубуз",- деген оюн билдирип өткөн.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан