ЖАРАНДАР ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК ЖАЙДАН БАШ ТАРТЫШУУДА

Мамлекеттик "Жеткиликтүү турак жай" долбоорунун алкагында үй алуу үчүн жарандардын кирешеси 26 миңден 46 миң сомго чейин болуш керек. Маселен, ипотекалык насыя алган бишкектиктер ай сайын орточо эсеп менен 19 миң сомдун тегерегинде насыя төгүп туруусу керек. Бул үчүн үй-бүлөнүн кирешеси 46 миң сомду түзүшү кажет. Ош шаарында жашаган жарандардын кирешеси 36 миң, ал эми аймактарда жашагандардын кирешеси 26 миң сомдон кем болбоосу керек. Ипотекалык насыя берүүдө мына ушундай критерийлер да каралат.
Бирок Мамлекеттик статистикалык комитет "өлкөдөгү айлык акынын суммасы араң 13 миң сомго чукулдайт" деп маалымат берип келе жатат. Демек, орточо айлык алган үй-бүлө Мамлекеттик ипотекалык компанияга үмүт артпай эле койсо болот. Буга чейин мамлекеттик ипотекалык компаниядан 126 гана адам насыя алууга жетишкен. Жалпысынан 4684 адамдан арыз түшүп, бирок алардын 526сы каражатынын жоктугунан насыядан баш тартышканы белгилүү болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан