Бразилияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча беттештер 17-августта старт алып, анда кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта күчүн сынады. Ал алгачкы беттеште үй ээси бразилиялык Жойс Сильваны жеңип, чейрек финалдык кармашта Маарит Оллини 14:7 эсебинде тизе бүктүрдү. Эми эки беттешти утса алтын медаль күтүп алмак. Бирок...
Жарым финалдык таймашта чаалыгып калган биздин кыз орусиялык Валерия Кобловага утулуп калды. Эми индиялык атаандашты утуп, коло байгени илип кетүү зарыл эле. 3-орун үчүн беттеште балбаныбыз Индиянын спортчусу Малик Сакшини 5:0 эсебинде жеңип жатты. Бирок экинчи бөлүктө атаандаштын аракети ийгиликтүү болуп, коло медаль Сакшиге ыйгарылды. Беттештен соң Айсулуу апасына чалып, медалга жетпей калгандыгы үчүн кыргыз элинен кечирим сурагандыгы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан учур.
Балбан кызыбыз 5-орунду ээлегени менен, кыргыз эли үчүн медаль алгандай таасир калтырат. Анын ар бир беттешинде кашык каны калгыча кармашканы, дүйнөнүн мыкты балбандары менен тең тайлаша күрөшкөнү көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты. Кыргыз өлкөсүнүн курамындагы жалпы балбандар арасынан бир кызыбыз гана жарым финалга чыгышы калгандардын намысына тийгендей болду. Азырынча эркин күрөш боюнча балбандарыбыз беттештерге чыга элек, алар кандай көрсөткүч менен келерин күтүп туралы.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg