БИР БҮРКҮМ

  • Бийликти күч менен басып алууга шектелип камакка алынган БЕКТУР АСАНОВ менен КУБАНЫЧБЕК КАДЫРОВДУН иши сотко өткөрүлдү. Аталган иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат.

  • Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму жарыялаган ИННОВАЦИЯЛЫК ӨЛКӨЛӨРДҮН рейтингинде Кыргызстан 128 өлкөнүн арасында 103-орунду ээледи. Коңшу Казакстан 75, ал эми Тажикстан 86-орунда.

  • Акыркы 5 жыл ичинде кыргыздар тарабынан МОСКВАДА ташталган 58 бала Кыргызстанга алып келинген. Алардын 33үн башка адамдар багып алса, 7син өз үй-бүлөлөрү алып кетишкен. 18и учурда балдар үйлөрүндө.

  • 7 ай ичинде №47-АБАКТА 14 адам каза тапкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдайт.

  • Калифорния университетинин окумуштуулары 70 жылдан соң глобалдык аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу бир катар шаарлардын катарында Бишкекте да Олимпиада өткөрүүгө мүмкүн болорун айтып чыгышты. Мындан улам 2084-жылкы ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДА оюндары Бишкек шаарында өтүшү мүмкүн.

  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өлкөнүн аймагындагы абактарга азык-түлүк сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, азык-түлүктүн жалпы баасы 42 МИЛЛИОН сомдон ашат.

  • Кыргыз Республикасынын Орусиянын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу ТӨЛӨНБАЙ КОЖОБАЕВ кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2012-жылы дайындалган болчу.

  • КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ачылышына билеттер 300 сомдон 3800 сомго чейин болот. Ал эми жабылуу аземине билеттер 300 сомдон 2000 сомго чейин бааланмакчы.

  • Келечектеги МИГРАНТТАРДЫН абалын жакшыртуу үчүн жогорку класстагы окуучуларга техникалык билим берүү каралууда. Маселен, кыздар мектептен медайымдыкка үйрөнсө, чет жактан бул жумуш үчүн 1500-2000 доллар маяна алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

  • Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы БООМ КАПЧЫГАЙЫНДА 16-25-август күндөрү саат 9дан 15:00гө чейин таштар кулатылмакчы. Бул аралыкта жолдун бир тарабы жабылуу болот.

  • Бишкек, Ош шаарларындагы 10 МЕКТЕПКЕ "Дин маданиятынын тарыхы" аттуу сабак пилоттук негизде киргизилүүдө. Бул тууралуу Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев билдирди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан