SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

11-август:

ТЕКЕБАЕВ БИЙЛИКТИН КОРООСУНА ТАШ ЫРГЫТТЫ

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы. Депутат бүгүн маалымат жыйынында "президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты бийликти ээлеп алды", "Конституция чыныгы муктаждыкка жараша эмес, президенттин тегерегиндеги адамдардын кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлгөнү жатат" деп билдирди. Эң узак убакыттан бери саясатта жүргөн Текебаевдин мындай билдирүүсү бийликти тынч уктаттыра койбойт. Чачыранды, аты бар, заты жок оппозиция азыр лидери жок бир-бирден "сынып" жаткан учуру. Эгерде бийлик тактикасын өзгөртпөсө, анда оппозиция Текебаевге лидерликти сунуштап, келерки жылда өтүүчү президенттик шайлоого бата бериши мүмкүн. Окуянын мындай нукта өнүгүүсү бийлик үчүн өтө опурталдуу, анткени ажонун канатына калкаланып жаткандар бийликке оппозиция келсе башка жакта жатып калышы толук мүмкүн. Ошондуктан жакынкы күндөрү бийлик менен оппозициянын ортосундагы "согуш" Текебаевди өздөрүнө тартуу үчүн жүрөт. Бирок бийликте "Б" планы да бар экени талашсыз. Ал план – Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартып, күчүн мураскер операциясына жумшоо. Бийлик үчүн коркунучтуу жери – уктап жаткан оппозицияны кайра "уктатууга" кеч болуп калышы мүмкүн.
Бийликтин шашылыш түрдө Конституцияны өзгөртүү демилгесин экс-президент Роза Отунбаева дагы айыптап чыкты. Конституцияга 2020-жылга чейин кол тийбеши керектигин, ушундай өзгөрүүлөргө 2010-жылы адамдар өмүрүн арнаганын айтып: "20 жыл президенттик башкаруудагы Конституция менен жашадык. Ал жарабайт экен деп, парламенттик Конституцияга өттүк. Эми дагы бул жарабайт экен, башкача кылалы десек, анда бул укуктук чөлкөмдү бузат",- деди. Ошентип, Атамбаевдин Апрель окуясына чейинки революциялаш достору ага каршы чыгышты. Бири президентти тегерегиндеги адамдардан сак болууга чакырса, экинчиси Атамбаевди бийликке алып келген 2010-жылкы кандуу окуяны эскертип өттү...

12-август:
БООМДОГУ КӨЧКҮЛӨР КАРТА ОЙНОГОН ЧИНОВНИКТЕРДИ КОРКУТА АЛБАЙТ

Боом капчыгайындагы кырсыктар Транспорт жана жол министрлигине эми жетти. 11-августта министрликтин коллегиялык жыйынында транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров Балыкчы-Бишкек жолунун курулушунда мүчүлүштүктөр кеткенин айтып, жолдун айрым бөлүктөрүнө түтүктөр коюлбай калгандыктан жамгырдан кийин жолду суу каптап жатканын билдирди. "Бул кимдин күнөөсү – куруучулардыкыбы же долбоордук уюмдукубу?" деп кайра суроо узатты министр. Өкмөттүн абалы ушундай. Боом капчыгайындагы кырсыктан июль айынын соңунда 1 адамдын өмүрү кыйылды, көптөгөн кооптуу учурлар жаралды. Расмий маалыматтарга таянсак, жыл башынан бери трассага 7 жолу таш түшкөн. Трассаны суу каптап жатышы, жолго түшүп жаткан көчкүлөр курулуштагы кемчиликтердин кесепети экени элде айтылып эле жүрөт. Жооптуу министрлик азыркыга чейин жол куруудагы катачылык кимден кеткенин билбегени кызык. Ушунча убакыттан бери күнөөлүү тарапты таап, мүчүлүштүктү жойбой эмне кылып жүрдү? Көрсө, министрликтин кызматкерлери карта ойноодон колдору бошобой жатыптыр. Айдаров жыл башынан бери кол алдындагы 12 кызматкерине дисциплинардык эскертүү бергенин айтып: "Биз министрликтин кызматкерлеринин эртеден кечке компьютерден карта ойноп отуруусуна жол бербейбиз",- деди. Булар күнөөлүүнү издеп тапкыча капчыгайда дагы канча адамды көчкү басып каза болору белгисиз. Жол жүрүүчүлөрдүн Боомду аралап өтөрдө тобокел кылуудан башка айласы калбады...

16-август:
МЕКТЕПТЕР ИНТЕРНЕТСИЗ ОКУУСУН УЛАНТЫШАТ

Жаңы технологиянын доорунда интернет элдин жашоосуна терең сиңип баратат. Бирок келерки окуу жылында өлкөбүздөгү жүздөгөн мектептерде окуу интернетсиз улана бермекчи. Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларынын саны 1 миллионго чукул, бул өлкөдөгү жалпы калктын санынын алтыдан бирин түзөт дегенди билдирет. Эгерде мектептер интернетке кошулса, анда окуучулар Кембриж, Стенфорд, Москва мамлекеттик университети жана башка абройлуу жогорку окуу жайларынын китепканаларынын сайттарына кирип, керектүү китептерди, маалыматтарды таап, мындан тышкары аларга белгилүү окутуучулар, чет өлкөлүк студенттер менен сүйлөшүүгө шарт түзүлмөк. Мындай шарттарды түзүү үчүн республикалык бюджеттен 163 миллион 600 миң сом бөлүнүп, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жайында 600 мектепти интернетке туташтыруу боюнча тендер жарыяланган эле, бирок сынакка катышуу боюнча интернет-провайдерлерден арыз түшкөн жок.
"Менчик провайдерлер кандайдыр бир себептерден улам бул тендерге аралашпоону чечишкендир. Анан да бизге "мамлекет менен алака түзүүнү каалабайбыз" дешти",- деди тиешелүү министрликтин башчысы Эльвира Сариева. Анын айтымында, бир гана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому арыз берип, бирок бул мекеме талап кылган каражат бюджеттен бөлүнгөн акчадан жогору болгондуктан министрлик макул болгон эмес. Буга байланыштуу тендер кайра жарыяланды. Көңүл бөлчү жагдай: буга чейинки шарттарга өзгөртүү кирген эмес жана сумманын көлөмү да ошол бойдон калган. Мындан улам "Министрлик 1-тендерден жыйынтык чыгарбай эмненин негизинде көшөрүп жатат?" деген суроо туулат.
Бул аралыкта "өлкөдө интернеттин басы 2-3 эсе кымбатташы мүмкүн" деген маалымат кызуу талкууланууда. Бишкектеги ири провайдерлердин бири сайтына "Бизден жогору турган провайдер интернеттин баасын жогорулатып жаткандыгын маалымдайбыз. Компания бааны өзгөртпөөгө бардык күчүн жумшоодо. Бирок сүйлөшүүлөр күтүлгөндөй жыйынтык бербесе, биздин да тариф өзгөрүлүшү мүмкүн" деп жазды.
Мектептерди интернетке туташтырууга бөлүнгөн 163 миллион 600 миң сомду провайдерлер аз деп министрлик менен иштешүүгө макул болбой жатканы көрүнөт. Ошол арзан баага макул болбой жаткандан кийин эми интернеттин өзү кымбаттаса анда эмне болот?

17-август:
САЯСИЙ ИНТРИГА КЫРГЫЗДЫН ТӨКМӨЧҮЛҮК ӨНӨРҮНӨ ЖЕТТИБИ?

Саясий интрига кыргыздын төкмөчүлүк өнөрүнө жеттиби?.. 15-августта Бишкек шаарында өткөн Х эл аралык айтыштын тандоо туру акындардын арасында нааразычылыктарды жаратты. Төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр, Идирис Айтбаев, Баян Акматовдун аз упай алып, тандоо турунан "жыгылып" калышы көпчүлүккө күтүүсүз болду. Мындан кийин төкмө акын Аалы Туткучев калыстар калыстыктан тайганын айтып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө өтүүчү Х эл аралык айтышка катышпай турганын жарыялады.
Калыстар тобунун курамында болгон акын Элмирбек Иманалиевге "өзүнүн шакирттерине тартты" деген доомат айтылууда. "Мен деле окуучуларыма жан тартам, бирок мынчалыкка бара албайм",- деген Жумакадыр чырдан кийин 8 эмес, 12 акынды катыштыруу чечими чыкканына карабай айтышка чыкпасын билдирүүдө. Айтыштардын көркүн чыгарып, салмагын арттырган кыргызда саналуу эле төкмө бар экени чындык, ошондуктан көпчүлүк "Жеңишбек менен Аалы катышпаган айтыш, айтышпы?.." деп нааразы болууда. Өкүнүчтүүсү – бул окуя төкмө акындардын ортосунда ажырым жаратканын интернеттеги "айтыштар" даана көрсөтүүдө. "Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт", акындардын нааразычылыгы да жөн жерден эмес. Чырды өз ара териштирип алышар. Башкысы – көчмөндөр оюнуна казак акындары мыкты даярдыкта келет, кыргызды намыска жыгууда алардын эки көзү төрт экени далай айтыштарда далилденген. Элдердин достугун бекемдөө ураанына негизделгени менен, эл аралык айтыштын маңызы – намыс талашуу, атаандашыңдан күчтүү экениңди далилдөө. Андыктан кыргыз эли өзүнүн төкмөлөрүнөн кызыктуу айтыш, намыс коргоо аракетин күтөт. Жеңишбек менен Аалынын айтышка чыкпай калышы – "Барселона" клубун атактуу футболчулар Месси менен Неймарсыз элестетүүгө тете экенин айткандар чыкты...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан