II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө өтүүчү 10-эл аралык төкмө акындардын айтышына Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев катышуудан баш тартышты. Себеби төкмө акындарды тандоо туру калыс өтпөй, нааразычылык жараткан. Бул тууралуу Жеңишбек Жумакадыр: "Маселе Аалы экөөбүздө эмес, мыкты ырдаса да өтө аз упай алып өтпөй калган Идирис, Баян баштаган жаштарга болгон мамиледе. Мен да окуучуларыма жан тартам, бирок мынчалык эмес. Менин уруксатым жок эле мени барат деп кошуп коюшуптур. Аалы экөөбүз намыс үчүн кышында казактарга барып, мейманкана беришпей көчөдө калсак да айтышып, кечирим суратып келген учурлар болгон. Бул жолу кечирим сурайбыз, бирок бара албайбыз",- деген оюн билдирди.
Кыргыз төкмө акындарынын арасында чыккан түшүнбөстүктү маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаковго өкмөт тарабынан териштирүү тапшырмасы берилди.