Өткөн жылы удаасы менен үйлөнүшкөн тамашоучу жигиттер быйыл катарынан наристелүү болушууда. Досторунун катарын толуктап, 12-август күнү Эмил Эсеналиев уулдуу болуп, кубанып жүргөн чагы. "Ата болгон сезимдеримди сөз менен айтып жеткирүү кыйын, аябай толкундандым. Уулумдун атын чоң атасы экөөбүз кеңешип Хамза деп койдук",- дейт сүйүнүчтүү кабары менен бөлүшкөн Эмил.
Андан кийин эле тамашалуу ырларды катыра ырдаган "Жоролор" тобунун мүчөсү Жылдызбек Абдраимов да 16-август күнү уулдуу болду. "Тун уулум менен кызым төрөлгөндө жаш болчумун да, наристенин ушунчалык ширин болорун сезбептирмин. Бул уулум жарыкка келгенде төбөм көккө жетип сүйүндүм. Наристеге Байхан деген ысым ыйгардык",- дейт Жылдызбек.
Жигиттердин учугун улап, жарыкка келген наристелердин өмүрү узун болсун!