ПАРОДИЯЛАР ПАРАДЫ

Кыргызда «күлкү – өмүрдүн мүлкү» деген жакшы кеп бар эмеспи. Бул ирет элдин жүрөгүнөн түнөк таап, хитке айланган ырларга пародия жазып көрүүнү туура көрдүк. Максатыбыз ырларды маскаралоо эмес, элдин көңүлүн көтөрүү.

"СИЗ ЖӨНҮНДӨ" (Эрнест Бөрүбаев)


Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо – бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо зор бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.

ТҮРМӨДӨГҮ КҮЙӨӨСҮНӨ ЖАЗГАН АЯЛДЫН КАТЫ

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Күндөр калды кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Колдоруңуз, буттарыңыз тушалуу.

Сизге эми бара албаймын эми мен,
Кечириңиз, эркиндикте ишим көп.
Түнкү саат 1 болгонун карабай,
Тажатпаңыз чала берип "сүйөм" деп.

Каттар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм кылмышкер деп сизди мен.
Күтүп, зарлоо – бактысыздык, чоң кайгы,
Жаңы жашоо – зор бакыт деп түшүнөм.

Сиз түрмөдө, эркиндикте эмессиз,
Сезим өчтү, мындан ары бөлөкпүз.
Сагынбаңыз, саргайбаңыз эми көп,
Сүйүп калдым башка жанды мен эпсиз.

 

"ТУУЛГАН КҮН" (Нурлан Насип)

Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат,
Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап.
Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам,
Ар жыл сайын, ай, уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Туулган күн шаңга бөлөнөт.

Кайырма:

Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Амандыкты тилейли,
Ден соолукта жүргүн.
Ачылсын ар дайым
Жаштык өмүр гүлүң,
Бактың, сүйүүң.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Ата-эне бир тууганга,
Алтын башты ийгин.
Жашоонун кадырын
Узак жашап билгин,
Ойноп-күлгүн.

Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап,
Жакындарың кымбат белек алып камданат.
Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп,
Куттук сөздөр, ай, арналат.
Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген
Эх, кандай сонун салтанат, эй.

КРЕДИТ АЛГАН АДАМДЫН АРМАНЫ

Чөнтөк толуп, үй-бүлөң баары кубанат,
Жүргөн эле көп карыздар бүтүн кубалап.
Банктан кредит алгам, достор менен майрам,
Аттиң, ай, бир ай уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Ушул күн кайра кубарат.

Кайырма:

Бүгүн, бүгүн, бүгүн,
Кредит төкчү күнүм.
Амандыкты тилейли,
Досум, аман жүргүн.
Ачылсын ар дайым,
Жолуң, ишиң жүрсүн,
Карыз бергин.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн,
Кредит төкчү күнүм.
Ата-эне, бир тууганга,
Алтын башты ийгин,
Акчанын кадырын,
Эми чындап билдим,
Ойноп-күлдүм.

Түшүп маанай, дасторкон үстү куру жалак,
Банктагыларың үйүмдү алууга камданат.
Дос-тууган топтолуп, кайын журт козголуп,
Жардамдар мага арналат.
Кредитти эптеген, эсиңден кетпеген,
Эх, кандай сонун салтанат, эй.

Асхат Cубанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
begai93
2016-08-22 15:14:12
Ха ха Нурлан Насиптики соонун чыгыптыр ))) Аттин ай бир ай уланат, жардамдар мага арналат деген жерлери жакты )))
+4
Abdyrashit.Satylganov
2016-08-22 20:21:31
Асхат молодец... Нурлан Насиптин пародиясын ырдап чыга турган экен
+2
Kadyrbek09.10.2015
2016-09-01 18:38:55
Сонун боптуго
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан