«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» II ЧЕЙРЕКТЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН БИЛДИРЕТ

«Centerra Gold Inc.» («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2016-жылдын II чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Биринчи жарым жылдыкта «Кумтөрдө» 184 168 унция же 5 728,27 килограмм алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери мамлекеттин казынасына 3,01 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

АЛТЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

2016-жылдын II чейрегинде «Кумтөрдө» №17 иш участогунан келип түшкөн жана өткөн жылы топтолуп коюлган запастардан руданы кайра иштетүү улантылган. 2016-жылдын II чейрегинде
97 724 унция алтын өндүрүлдү, ал эми 2015-жылдын ушул мезгилинде 122 111 унция алтын өндүрүлгөн. Өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү кайра иштетүү үчүн топтолуп коюлган запастардан жана №17 жумушчу аймактан курамында металлы төмөнүрөөк болгон руданы кайра иштетүүгө байланышкан. Өткөн жылы болсо, тескерисинче, компания 16-борттун төмөнкү баскычтарынан топтолуп коюлган байыраак руданы кайра иштеткен. Өткөн чейректе «Кумтөрдө»
1,6 миллион тонна же 2015-жылдын II чейрегине салыштырмалуу 4 пайызга көп руда кайра иштетилген. Фабрикалык кайра иштетүүгө келип түшкөн рудадагы алтындын курамы орточо 2,63 г/т, ал эми бөлүп алуу пайызы 71,9 пайызды түздү, ошол эле учурда 2015-жылдын II чейрегинде бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 3,26 г/т жана 77,5 пайызды түзгөн. Алтын ылгоочу фабриканын кубаттуулугун жогорулатуудан улам 2016-жылдын II чейрегинде суткасына орточо
17 700 тонна руда кайра иштетилген, ошол эле учурда 2015-жылдын бул чейрегинде 17 100 тонна руда кайра иштетилген.
2016-жылдын II чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 127 909 унция же 3,98 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 161,62 миллион долларды түздү.
«Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн «Кыргызалтын» сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргызстандын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.

ӨЛКӨ БЮДЖЕТИНЕ ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР

2016-жылдын II чейрегиндеги өлкө бюджетине салыктар, Социалдык фондго которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр
1 448 583 413,24 сомду түздү.

«Кумтөр» долбоору боюнча 2016-жылдын 6 айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр:


«ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.» ЧЕЙРЕКТИК ДИВИДЕНДДЕРДИ ТӨЛӨП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРЕТ:

«Центерра Голд Инк.» 2015-жылдын 26-июлунда билдиргендей, компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд (жалпысынан болжол менен 7,3 миллион АКШ доллары) эсептөөгө буйрук чыгарды. Бул дивиденд Торонтодогу биржада 2016-жылдын 11-августуна карата катталган бардык акционерлерге 2016-жылдын 25-августунда төлөнмөкчү. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.
«Центерранын» дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.
Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акциянын кармоочусу.

2016-ЖЫЛГА ПРОГНОЗ

Эсептөөлөргө ылайык, 2016-жылы «Кумтөрдө» алтын өндүрүү 500-530 миң унцияны түзүүгө тийиш, а мурда 480-530 миң унциядан өндүрүү пландаштырылган. Бул тууралуу компаниянын 2016-жылдын 5-майындагы маалыматтык билдирүүсүндө айтылган. Алтын өндүрүүнүн азыркы темптери 2016-жылы кен ишканасын эксплуатациялоонун жалпы планында белгиленген көрсөткүчтөргө дал келет. Бул план «Кумтөр» кен ишканасынын 2015-жылдын 20-мартындагы
NI 43-101 техникалык отчётунда камтылган, ал SEDAR системасында жеткиликтүү. Кен иштетүүнүн планына ылайык, 2016-жылы алтын өндүрүүнүн жылдык көлөмүнүн жарымынан көбү 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында камсыз кылынмакчы.
2016-жылы «Кумтөрдөгү» жалпы капиталдык чыгымдар (кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну эсепке албаганда), эсептөөлөр боюнча, 97 миллион долларды түзүүгө, башкача айтканда, мурда каралгандан 13 миллион долларга аз болууга тийиш. Компания чоң жүк техникасынын айрым түрлөрүнө
(7 миллион доллар) жана фабриканын жабдуусу (2 миллион доллар) үчүн мурда болжолдонулган ири жана майда ремонт иштеринен баш тартуу жана кийинкиге жылдырууга байланыштуу негизги фондуларды колдоп турууга чыгымдардын мурда пландаштырылган көлөмүн да 84 миллион доллардан 75 миллион долларга чейин кыскартты.
2016-жылы мурда пландаштырылган өндүрүштү өнүктүрүүгө чыгымдардын көлөмү да 26 миллион доллардан 22 миллион долларга чейин кыскартылды. Бул кыскартуу карьердин контурларынын уланып жаткан кеңейүүсү себебинен улам инфраструктуранын бир катар объектилерин көчүрүүгө чыгымдар сметасын азайтуу (2 миллион доллар өлчөмүндө азаюу) жана башка беренелер боюнча чыгымдарды (2 миллион доллар) кыскартуу менен байланышкан. Карьерди кеңейтүү менен байланышкан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга чыгымдардын акчалай курамы эмгек акыга жумшоолорду азайтууга жана дизель отунунун арзандашына байланыштуу, эсептөөлөргө ылайык, мурда каралган 122 миллион доллардан 108 миллион долларга чейин кыскартылмакчы. Кыртыш ачуу иштери капиталдаштырууга жалпы чыгымдар (эскирүүгө, жешилүүгө жана амортизацияга которууларды кошо алганда) 2016-жылы 145 миллион доллар көлөмүндө (мурда алар 162 миллион доллар суммада пландаштырылган) каралууда.

КОММЕНТАРИЙ

2016-жылдын II чейрегинде өндүрүштүк натыйжаларына комментарий берүү менен "Центерра Голд" компаниясынын башкы кызмат адамы Скотт Пери төмөнкүлөрдү белгиледи: «Өткөн чейректе «Кумтөр» кен ишканасы да жакшы иштеди, ал 97 724 унция алтын өндүрдү, бул биздин пландарга жана эсептөөлөргө толук дал келет. Негизги фондуларды колдоп турууга жалпы чыгымдар сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде жетиштүү атаандаштык деңгээлине – унциясына 768 долларга жетти жана бул биз баштапкы жылдык планыбызда карагандан бир топ төмөн. Кен ишканасынын тоо-кен иштеринин планынан озуу менен иштеши, ошондой эле быйыл пайда болгон кошумча өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр дизель отунуна жагымдуу баа жана оң акча-валюталык конъюнктура менен айкалышып бизге алтын өндүрүүнүн көлөмү боюнча, негизги фондуларды колдоп турууга жалпы чыгымдардын жана капиталдык чыгымдардын көлөмдөрү боюнча баштапкы эсептөөлөрүбүздү да оң тарапка кайра кароого мүмкүнчүлүк берди.
Алар жөнүндө биз бүгүн билдирип жаткан өндүрүштүк натыйжалар компанияга баштапкы пландык тапшырманын төмөнкү босогосун көтөрүү менен алтын өндүрүүнүн жылдык көлөмүн да оң жакка кайра кароого мүмкүндүк берет. Эми бул көрсөткүчтө 500-530 миң унция алтын өндүрүү каралган. Компания негиз катарында орточо маанисин алуу менен «Кумтөрдө» анын деңгээлин сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына 738 доллар, а бүтүндөй компания боюнча унциясына 800 доллар деңгээлинде белгилөө менен негизги фондуларды колдоп турууга жалпы жумшоолор боюнча тапшырманы 14 пайызга кыскартты. Мындан тышкары компания анын деңгээлин 140 миллион долларга жеткирүү менен жылдык капиталдык чыгымдардын жалпы суммасын (кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну эсепке албаганда) 48 пайызга кыскартты. Бүгүнкү күндө жетишилген натыйжалар алтын өндүрүү көлөмү жана өндүрүштүк чыгымдар боюнча бардык түзөтүлгөн жылдык көрсөткүчтөр ийгиликтүү аткарыла тургандыгынан үмүттөнүүгө бардык негиздерди берет. Анын үстүнө «Кумтөрдүн» тоо-кенчилери жакында эле SB зонасынын 17-участогунда руданын байыраак кору жайгашкан жерин ачышты».


«Кумтөр» кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2016-жылдын 30-июнуна чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 10,666 миллион унция же 328,8 тонна алтын өндүрүлгөн.
«Кумтөр Голд Компани» толугу менен «Centerra Gold Inc.» туунду компаниясы жана «Кумтөр» долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.
«Centerra Gold Inc.» («Центерра») өнүгүүгө багытталган Азияда, Канадада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү компания. «Центерра» түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. «Центерранын» жөнөкөй акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.


Кенен маалымат www.kumtor.kg сайтында

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан