«РИО-2016»: ГРЕК-РИМ БАЛБАНДАРЫ МЕДАЛГА ЖЕТКЕН ЖОК

«Рио-2016» Олимпиадасынын экинчи аптасында кыргыз спортчулардан медалдар үчүн күрөшкө жеңил атлетчилер менен балбандар киришти. Тилекке каршы, үмүт арткан грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыздын мыкты жыйынтыгы Арсен Эралиевдин 5-оруну болду.

КАЛЫСТЫГЫ ЖОК КАЛЫСТАР

Беттештер кезеги балбандарга жетип, 14-августта грек-рим күрөшү боюнча 59 килограмм салмакта Арсен Эралиев чыкты. Чү дегенде эле чүчүкулактын жыйынтыгында Арсенге атаандаш катары Дүйнө чемпиону Исмаэль Борреро Молина туш келди. Татыктуу күрөш өткөргөнү менен, балбаныбыз 6:3 эсебинде жеңишти алдырып, Борреро финалга дейре жеткендиктен коло үчүн беттешүүгө укук алды. Анда кытайлык Ванг Люминди 4:2 эсебинде утуп, өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадов менен 3-орун үчүн кармашты.
Бул беттеш күрөш эмес, кадимки салгылаш болду. Бири-биринен кем калышпаган спортчулардын тагдырын ортодогу калыс чечип салды. Биздин балбанды бир эмес, үч жолу партерге жаткырган калыс өзбек спортчусуна упай алсаң алып кал дегендей кылды. Биринчи бөлүктөн кийин 0:5 эсебинде күйүп жаткан Арсен экинчисинде чамданып, 6 упайлык ыкма колдонуп алдыга озду. Бирок калыстын партерге улам Арсенди коюп жатышы менен атаандаш эсепти 13:8 кылып, коло байгени илип кетти. Муну менен эмне үчүн күрөштү Олимпиададан четтетүү тууралуу суроо туулуп жатканы эске түштү. Олимпиададагы дээрлик ар бир күрөштөгү беттеш спортчулардын калыстарга болгон нааразычылыгысыз өткөн жок. Адилеттүүлүгү жок спортто беттешүүнүн кереги барбы деген ой туулат...

АЛГАЧКЫ БЕТТЕШ АКЫРКЫСЫ БОЛДУ

15-август күнү килем үстүнө 85 килограмм салмакта Жанарбек Кенжеев менен 130 килограмм салмак ченинде Мурат Рамонов чыгышты. Тилекке каршы, эки балбаныбыз тең алгачкы беттешинде утулуп, медалдар үчүн күрөштү уланта алышкан жок. Учурдагы Азия чемпиону Жанарбек Кенжеев германиялык Максимилиан Кудла менен кез келип, 2:0 эсебинде утулуп калса, Мурат Рамонов Орусиянын өкүлү Сергей Семёновго 8:4 эсебинде жеңишти тарттырып жиберди.
16-августта 66 килограмм салмакта балбаныбыз Руслан Царев алжирлик Тарек Азиз Бенайсса менен кармашып, 6:0 эсебинде жеңилди. Атаандашы финалга чейин жетпей, Руслан коло үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Үмүт арткан балбандарыбыздын алгачкы беттештеринде утулуп калуусу кыргыз күйөрмандардын шаабайын суутту.


800 МИҢ СОМДУК 7-ОРУН

12-август күнү 100 килограмм салмак ченинде дзюдочубуз Юрий Краковецкий беттештерин баштады. Ал алгачкы беттешинде Андре Бейтбартты иппонго салып утуп алса, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковдон мыкты болуп чыкты. Медалдар үчүн жол ачыла баштаганда чаалыга түшкөн Юра өзбек балбаны Абдулло Тангриевге жеңишти алдырып жиберди. Муну менен коло байге үчүн кармашка мүмкүнчүлүк түзүлгөнү менен, Юраны кубалык Гарсия Мендоза иппон менен утуп алды.
Мелдешти 7-орун менен жыйынтыктаган Юрий Краковецкий медалдар үчүн болгон күчүн сарптаганын билдирди. «Колдон келген бардык аракетимди көрдүм. Мени тааныгандар да, тааныбагандар да колдоп жатышты. Бардыгыңарга ыраазычылык. Эми кийинки оюндарга даярдык көрөбүз» деп айтты. Кыргыз өкмөтү тарабынан алдыңкы 8 орунга чейин сыйлык каралган, эми 7-орун үчүн дзюдочу 800 миң сом алат.

ДАРЬЯ МАСЛОВА 19-ОРУНДА

12-август күнү кыргыз спортчуларынын арасынан жеңил атлетчи Дарья Маслова 10 миң метр аралыкка чуркоодо күчүн сынады. Бул жарышка жалпы 37 өлкөнүн спортчулары катышып, Африка континентинин спортчулары башкы фаворит саналды. Кара континенттин жөө күлүктөрү эзелтеден бери алыскы аралыкка жарышууда алдына эч кимди чыгарбай келишет. Эркеги да, кыз-келиндери да.
Бул жарышта Кения менен Эфиопия өлкөсүнүн спортчу айымдары жарышты ортолоп калган маалда атаандаштарын дээрлик бир айлампага артка калтырып, жыйынтыгында эфиопиялык Аяна Алмаз 29 мүнөт 17,45 секунд рекорддук көрсөткүч менен 1-орунду багынтты. Экинчиде кениялык Вивиан Черуйот келсе, коло байгени дагы бир эфиопиялык спортчу Тирунеш Дибаба алды. Биздин Дарья Маслова 31 мүнөт 36,9 секунд менен 19-орунга илинди.

МАРАФОНЧУЛАРДАН МАЙНАП ЧЫКПАЙ...

14-августта кыз-келиндер арасында Олимпиаданын эң татаал мелдештеринин бири марафон старт алды. Катышуучу жалпы 156 спортчунун арасынан 3 спортчу Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоду. Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина 42 чакырым 195 аралыкты багынтууга белсеништи.
Чыдамкайлыкты талап кылган бул жарышта спортчуларыбыз алдыңкы 50 спортчунун катарынан орун ала алышкан жок. Юлия Андреева марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундда жетип 59-орунду ээлесе, Виктория Полюдина 62-орун (2 саат 41 мүнөт 37 секунд), Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунд). Кениялык жөө күлүк Жемима Желагат Сумгонг 2 саат 24 мүнөт 4 секунд көрсөткүчү менен алтын медаль тагынса, 2-орунду Бахрейндин өкүлү Юнис Жепикуруи Кирва, үчүнчү орунду эфиопиялык Маре Дибаба алды.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Myrza.
2016-08-27 19:48:06
Эч теке эмес бирде болот, бирде болбойт дегендей, маанайды тушурбой алдыны коздой аракет кыла бергиле.
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан