Аскарбек Беделбаев, тарыхчы: «АТАМ ҮРКҮНДӨ БЕДЕЛ АШУУСУНДА КАЧЫП БАРАТКАНДА ТӨРӨЛҮПТҮР»

Үркүнгө 100 жыл болду. Ал кездеги тозоктун азабын тартып качкандар азыр арабызда жок. Ата-энесинен улуттук боштондук тууралуу, ач-жылаңач азап тарткан окуялары тууралуу уккан урпактары арабызда арбын. Алардын бири – Аскарбек Беделбаев. Анын атасы Үркүндө качып баратканда Бедел ашуусунда төрөлгөн.

«УУЛДАРЫБЫЗДЫ АСКЕРГЕ ЖИБЕРБЕЙБИЗ ДЕП КӨТӨРҮЛҮШКӨН»

– Чоң атам Орозобай Байдөбөтов Үркүндө Кытайга качып барып келген. 1972-жылы 104 жашында каза болду. Анын айтуусу боюнча, Кеминдеги көтөрүлүш мындай башталыптыр. 1916-жылы августтун башында Казакстандын Узынагашынан Кеминге чабарман «баштагыла, биз көтөрүлүшкө чыктык» деген кабарды алып келет. Ошондо эл Боом капчыгайынын кире беришиндеги орустардын почта бекеттерин талкалап, мал-мүлктөрүн тартып алып кубалап башташат. Кеминдиктер алгачкылардан болуп Новороссийское кыштагын курчоого алып, кол салардан мурун орустарга «биз силерге тийбейбиз, эки сааттын ичинде курал-жарагыңарды таштап чыгып кеткиле» деген талап коюшуптур. Ага орустар макул болбой, эл айылды камоого алып башташкан. Салгылашуу 20-августка чейин созулган. Алматыдан замбирек менен куралданган аскерлер келишкенде кыргыздар качууга аргасыз болушкан. Ыбрайым Төлө уулу баштаган мергенчилер орус аскерлеринин жолун тосуп, эл Чоң-Кеминге топтолуп мал-мүлкүбүздү айдап качып жөнөгөнбүз деп эскерчү атам.

«БЕДЕЛГЕ ЖЕТКЕНДЕ БОРООН-ЧАПКЫН БОЛУП МАЛ-ЖАН КЫРЫЛГАН»

– Эл Беделдин белине жеткенде (Бедел ашуусу - Какшаал тоо тизмегинде. Суук-Кыр жана Кара-Бел тоолорунун аралыгында) ал жерде кадимкидей кыш болгон. Эл түтөк болуп дем ала албай, мал чарчап өлө баштаган. Ашуунун берки тарабына жеткенде кыргыз аксакалдары кытай тарап менен сүйлөшүп келели деп кетишет. Ошол учурда чоң энемдин толгоосу башталат. Чоң атамдын айтуусу боюнча, бурганактап кар жаап, суук болуп турган экен. Абысындары асканын бооруна алып барып төрөтүп жатканда «артыбыздан жоокерлер кууп келатат» деген кабарды угушат. Төрөөр замат баланын киндигин кесип, чоң атамдын үстүнкү кийимин чечип тондун белин бекем бууп суу боюнча коюнуна салыптыр. Чоң энемди атка мингизип, кулап калбасын деп үзөңгүгө буттарын байлап белди ашып жөнөшүптүр. Бел көк муз болуп, аттар тайып басалбай туруп калганда чарчап калган бодо малды союп, терисин сыйрып музга таштап өтүп, эптеп белди ашып кетишет. Чоң атам ашуунун аркы өйүзүнө өткөнчө коюнундагы баласын карап да койбоптур. Адам болсо болду, болбосо жок деп жан үрөп кете бериптир. Атамдын өмүрү бар экен, аман калып, атын Беделбай деп коюшуптур. Ал Улуу Ата Мекендик согушка да катышып аман келген. 8 балалуу болуп, 71 жашында каза болгон.

«КЫТАЙДАН ЭРТЕ КАЙТКАНДАР ТОҢУП ӨЛҮШКӨН»

– Турпанга барганда жергиликтүү уйгурлар кыргыздардын мал-мүлкүн тартып алууга ашыгышып, болбогон акчага колундагы буюмун, малын берүүгө аргасыз кылышат. Чоң атам туугандарына тийишкен уйгурларды сабап койгону үчүн аны терекке таңып сабашат. Аны Орозобай балбан дешчү. Ачууланып жулкунганда жашыраак терек экен, тамыры жулунуп кетейин дептир. Ошондо бай уйгурлардын бири аны бошотуп коноктогонун айыл аксакалдарынан да угуп калдым. Ал окуядан кийин чоң атам жергиликтүү калк менен жакшы мамиледе болуп туугандарын ачарчылыктан, кордуктан сактап, мал-мүлкүн аман алып калыптыр. 1918-жылы совет бийлиги орноп мекенге кайтып жөнөшөт. Сүйүнүчтүү кабарды угуп эрте жөнөгөн кыргыздар ашууда тоңуп өлүшкөн дечү эле. Биздин туугандар күн жылыганда кайтып аман-эсен келишиптир. Алар менен чогуу келгендердин арасында баса албаган ата-энесин Кытайга таштабай кыргыз жерине чейин көтөрүп келгендер да болгонун уккам.

«АТАМ ТӨРӨЛГӨН БЕДЕЛ АШУУСУНА БАРЫП КЕЛДИМ»

– 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгына карата ашууда каза болгондордун сөөгүн көмүү боюнча иш-чара уюштурулган. Ошондо барган 100 чакты адамдын катарында мен дагы болуп, атам төрөлгөн жерди көрүп келдим. Карасай чек ара бөлүгүнө жетип экиге бөлүндүк. Бир бөлүгүбүз Ак-Шыйрак тарапка, экинчи бөлүгүбүз Бедел тарапка кеттик. Бедел ашуусу деңиз деңгээлинен 4260 метр бийик. Ал жерде суу кайнабайт. Биз 29-июнда барсак кар жаап, эртең менен суунун бети муз болуп туруптур. Ашуунун кырына чыгайын дегенде сөөктөр көрүнүп баштады. Улам жогорулаган сайын сөөктөр жер жайнап жатканына күбө болдук. Баргандардын айрымдары жерге жашыралы десе, кээ бирлери тарых болот, тим коёлу дешти. Талашып-тартышып сөөктөрдү жерге жашырууга токтолдук. 3 күн сөөк жыйнадык. Дарыгерлер малдын сөөктөрүн өзүнчө бөлүп, аларды ташка корумдап жаттык. 3 күндө адамдардын сөөгүн 7 кап кылып жыйнап жерге берип, куран окуттук. Эртеси Карасай чек ара бөлүгүндөгүлөр «түндө дайым муңдуу үндөр, адамдардын ыйлаганы угулчу, бүгүн түнү тынч болду» дешти. Ак-Шыйрак тарапка баргандар да ошол жөрөлгөнү аткарышты. Алар тоңуп жаткан адамдын сөөгүн көрүп, бийик жерде болгондуктан ала албаганын айтышты.

Ашууда төрөлгөн Беделбай ата балдары, неберелери менен.


Султан Төрөбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ilgis1991
2016-08-23 23:20:53
Аябай таасирдуу тарых экен.
0
bema_bema
2016-08-26 22:18:06
Ой журогум жаман ооруду
0
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-26 23:01:40
Сактайм десе карачы Кудайдын Кудуретин!
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан