Мээрим деген ырчы бар экенин «Кара жоргону» ырдап чыккандан кийин кеңири биле баштадык. Фольклор менен эстраданы айкалыштыра ырдаган дастанчы Мээрим Карыпованын чыгармачылыгына, жеке жашоосуна кызыгып көрдүк.
– Саламатсызбы, Мээрим? "Кара жорго" ырынан кийин чыгармачылыкта катуу иштеп жатканыңыз байкалууда...
– Саламатчылык! Ооба, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, жаңы формаларды тиктирип тынбай эле иштеп жатам. Анын үстүнө балдарым да чоңоюп, чыгармачылык менен алектенгенге мүмкүнчүлүк кеңейди.
– "Кара жоргону" кантип, кимдин сунушу менен ырдап калдыңыз эле?
– Манасчылар «Манас» эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизгени барганда казактар менен «Кара жоргону» биздики деп аябай талашышкан экен. Ошону уккан Ырыс Окенова бул ырды ырдап чыгышымды сунуштады. Ырды укканда эле мага тааныш учурады, анткени өзүмдүн атам сынма бийди бийлеп жүрчү. Бир айга жетпей клибин тартып чыгардык, эл жакшы кабыл алды. Андан кийин эле Асел Касмакунова ырдап чыкты. Бирок менин аткаруумдагыны жактыргандар көп экен. Бул ырды ырдоо менен менин чыгармачылыгым бир тепкичке көтөрүлдү десем болот.
– Интернетте да активдүү болуп жатасыз...
– Интернетке мурда такыр кызыкчу эмесмин. Бир күнү мени кытайлык кыргыз байке издеп келиптир. Мага жолугуп, «секетиң кетейин, ырларыңды интернетке жүктөп койчу, сени таппай издеп келдим» деди. Көрсө, чет жактагы кыргыздар биздин ырларды тамшанып угушат экен. Ошондон кийин интернет менен достошо баштадым. Бул тармакты жакшы билген сиңдилеримдин жардамы менен жеке баракчаларымды ачып, сүрөт жүктөп жатам. Өзүмдүн убактым жок болгондуктан көбүнчө сиңдим отурат.
– Ыр жаздырып, клип тарттыруу, форма тиктирүү, фотосессия, айтор, мунун баарына оңбогондой каражат кетет. Же демөөрчүңүз барбы?
– Эч кандай демөөрчүм деле жок. Чыгармачылыгыма каражат керек болгондо туура эле жолдошума барам. Ага тааныштар «келинчегиң таланттуу, анын өнөрүн унутпай, колдой жүр» деп кулагына күмүш сырга тага берип чыгармачылыгыма көңүл буруп калды. Азыр чыгармачылык боюнча кайрылсам жок дебестен, оозумду ача электе баарын аткарат. Өзүм деле жолдошун минип алган аялдардан эмесмин. Той-топурда ырдап каражат таап, чыгымдарды жапканга аракет кылам. Формага аябай маани берем, эч кимдикине окшошпогон кийим кийгенди жактырам. Ошондуктан атайын дизайнерлер менен иштешем.
– Ушул жерден жолдошуңуз, үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Жолдошум Турат экөөбүз шаардагы сейил бактардын биринен таанышканбыз. 19 жашыбызда кычыраган кышта үйлөнүп, элдин баарын «шок» кылганбыз. Чүйдөн Көлдүн Тоңуна келин болуп барганыма быйыл 14 жыл болду. Уулубуз 13тө, кызыбыз 7 жашта. Жолдошумдун кесиби архитектор, жогорку билимдүү, азыр жеке ишкерлик менен алектенет. Кайын журтум да чыгармачылыгымды колдоп турушат. Өткөндө силердин гезитке кичине мен жөнүндө маалымат кеткен экен, кайненем мага чалып «сен «Супер-Инфого» чыгыпсың, айылдагылар айтып жатышат» деп тим эле бактылуу болуп алыптыр. Үйдө улуу келинимин, мен келин болуп барганда кайненем 39 жашта эле. Азыркыга чейин кайын журтумдун көзүнчө жоолугу жок, шым кийип көргөн эмесмин. Айылдан конокко жөнөсөк, кайненем «шым эле кийип алчы, айылдын келиндери кычырап шым кийип, жылаңбаш жүрүшөт» дейт. «Жок, апа, мен антип жүрө албайм» дедим. Бул да болсо тарбиядан болуш керек. Шаардан баратканда Ысык-Көл облусу деген жазуу чыкканда жоолук салынам, келе жатканда Чүй облусу дегенде жоолугум чечилет.
– Ыймандуу кызды тарбиялаган ата-энеңиз жөнүндө да билгибиз келип турат?
– Ата-энем карапайым эле жумушчу болгонуна карабай беш баласын тең жогорку билимдүү кылып тарбиялады. Атам «мен силерди бир тепкичке көтөрсөм, силер балдарыңарды эки тепкичке көтөргүлө» деп көп айтчу. Кейиштүүсү, балдарынын баары турмуштан өз ордуларын тапканда ийгиликтерибизди көрбөй кете беришти. Мен атама аябай жакын элем, калп айтпасам, бой жеткенче атамдын жанына жаттым.
– Чыгармачылык сизди качан, кантип өзүнө тартып алды эле?
– Кичинекейимде ырдайын деген оюм жок болчу. 4-класста окуп жүргөндө класс жетекчим «бир сынак болот, сен ырдайсың» деп Токтогул Сатылгановдун китебин алып келип «Санат терме» деген дастанды жатта» деди. Жаттап келсем, бир эжей комузду карматып үйрөттү эле, 1 жуманын аралыгында үйрөнүп кеттим. Ошентип Кара-Балта шаарындагы сынакка катыштырып коюшту. Толкунданып сахнага чыгып комузду кармасам колум эп келбейт десеңиз. Азыр ойлосом эр жүрөк экем, комузду черте албасам да окшоштуруп актёрдук чеберчиликке салып дастанды айтып образга кирип кеттим. Бир маалда элдер тура калып кол чабышты. Баары «сонун ырдадың» деп макташты. Ошондо сахнаны аттаганда эле Гран-прини жеңип, эки миң рубль алгам.
– Ырчы Роза Аманова менен устат-шакирт болуп жүрөсүз, эже менен кандайча иштешип калдыңыз эле?
– Роза эже мени бир сынактан көрүп калган экен. Эже келе жатса балдардын баары курчап калды, мен тартынып четте турсам, эже басып келип «сен жакшы ырдайт экенсиң, сени шакирт кылып алайын. Мен гастролдоп жүрөм, мени менен чогуу бул жакта кал» деп ата-энем менен байланышып, мени алып калды. Гастролдон келгенден кийин эже салтын кылып дасторконун жайып ата-энем менен таанышып, «кызыңарды мага бергиле, музыкалык мектепке окутуп өзүм таптайын» деп уруксат сурады. Ата-энем «11-классты бүтүп, кесибин өзү тандасын» деп макул болбой коюшту. Бирок жайы-кышы эжени ээрчип сабак алып жүрдүм. Экөөбүз ээрчишип жүрсөк эжеден «кызыңбы?» деп сурай беришчү. Кийин турмушка чыкканда чын эле кызы болоюн деп өкүл апа коюп алгам.
– Демек, ата-энеңиздин каршылыгына карабай ырчы болгон экенсиз да?
– Үйдөгүлөр "кыз бала артист болбойт" деп мени милиция кызматкери кылабыз дечү. «Окууга тапшыртканы алып барабыз» десе, бир күн кечке «милиция кызматкери болбойм» деп балкондо ыйлап отурдум. Анан түңүлдү окшойт, «мейли анда, каалаганыңа тапшыр» деп уруксат беришти. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна кабыл алуу бүтүп калыптыр. Улуттук консерваторияга барып, ректору Муратбек Бегалиев агайга кирсем, «студентибиз болосуң, бирок 7 жыл окуп каласың» деп кабыл алды. 2 жыл даярдоо курсун окудум, анткени ал жакка музыкалык билими бар студенттерди кабыл алат эмеспи.
«12 жашымдан бери устатымды ээрчип жүрүп турмушка чыкканымда өкүл апа коюп алгам».
Замира Рахманбердиева
star@super.kg