Кылычбек Султанов, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси: «КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ МЕНИН ЖАРАНДЫК ПОЗИЦИЯМА КАРШЫ КЕЛЕТ»

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов 17-август күнү отставкага кетүү тууралуу арыз жазды. Элчинин айтымында, ал Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине макул эмес.

«КОНСТИТУЦИЯНЫ КОРГОО ҮГҮТ ИШТЕРИНЕ КАТЫШУУНУ МИЛДЕТИМ ДЕП СЕЗЕМ»

«Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө макул эместигиме байланыштуу отставкага кетүү тууралуу арыз жазганым чын. Чоо-жайын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберген арызымда көрсөттүм»,- деп билдирген Кылычбек Султанов «Акипресс» агенттигине отставкасы тууралуу. Аз өтпөй элчинин колу коюлган арыздын тексти бир катар басылмаларга жарыяланды.
Кылычбек Султанов президентке жазган арызында: «2010-жылкы Конституция кабыл алынганда менде мекенимдин активдүү жараны катары бул Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөш керек деген терең ишеним болгон жана азыр да ошол позициямды карманып келем.
Азыр Сиз колдоп жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү демилгеси менин жарандык позицияма каршы келет. Ошондуктан учурдагы Конституцияны коргоо үгүт иштерине катышууну менин жарандык милдетим деп сезем жана мындан ары Кыргыз бийлигинин расмий өкүлү болууга моралдык укугум жок деп эсептейм. Буга байланыштуу мени өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотууңузду суранам»,- деп жазылган.
Көп өтпөй Кылычбек Султановдун арызы боюнча Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсү чыкты. ТИМдин билдиришинче, мамлекет башчынын тапшырмасы менен каржыны үнөмдөө максатында жана Кыргызстан менен айрым өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу 2016-жылдын аягына чейин кээ бир мамлекеттердеги айрым мекемелер, анын ичинде Малайзиядагы элчилик жабылып же кайра түзүлүшү ыктымал болуп келген.

«ТИМ ТУУРАЛУУ АЙТА ТУРГАН СӨЗДӨР КӨП»

Бирок бул боюнча Кылычбек Султанов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу: «Мени ТИМдин жообу таң калтырды: «Биз ансыз деле президенттин тапшырмасы менен элчиликти жапканы жатканбыз» дегени. Элчилик начар иштеп жаткан болсо, элчини алмаштырсын, кадрларды карасын. Же башка чечимдерди кылса болот да?
Ал эми өзүмдүн чечимим жөнүндө айтсам, мен кыргыз бийлигинин, президенттин ишеними менен элчилик милдетти аркалап жатам. Президенттин позициясына менин пикирим туура келбей калган учурда кызматка жабышып, «талкан жутуп» отура беришим керекпи?
Президент өзүнүн Конституцияны өзгөртүү тууралуу пикирин колдобогонума карабастан, ошондой эле андай демилгеге каршы үгүт кыларымды ачык айтканыма карабастан мага ишенимин чектебесе, кызматымды жан дилим менен уланта берем.
Ал эми мага ишеними жок болсо жана Конституцияны өзгөртүү демилгесине менин каршы аракет кыларыма каршы болсо, анда кызматтан бошотууга тийиш. Болгону ушул.
Ал эми ТИМ тууралуу айта турган сөздөр көп. Президент өзү кабыл алып, ал сөздөрүмдү укса, президентке да, мамлекетке да пайдалуу болмок. ТИМибиз президентибизди аңга жетелеп бараткан жокпу деген күдүк ой туулуп жатат...» деген билдирүүсүн жарыялады.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Кылычбек Султанов 2012-жылдын 6-сентябрынан 2013-жылга чейин социалдык өнүктүрүү министри болгон. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кызматын 2014-жылдан бери аркалап келген
.

 

Гезит басууга жөнөтүлөрдө элчинин отставкага кетүү тууралуу арызына президент кол койгону маалым болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан