Кубик Калыков: “ЭНЕ МЭЭРИМИНЕН ЭРТЕ АЖЫРАГАМ”

Апам жапкан нанды сагынам

Бала биринчи көзүн ачары менен апасын көрөт экен. Ошол мээримдүү апа баласы жыгылса чаңын күбүп, мүдүрүлсө тургузуп, ыйласа жашын сүртөт тура. Бул жолу эне тууралуу балладага өз үнүн кошкон ырчы, куудул Кубик Калыков болду.

“АПАМ ТООЛУК КЫЗ ЭЛЕ”
– Менин апам... Апамды эстегенде жүрөгүм туйлай түшөт. Апам Бурулай сегиз бала төрөптүр. Мен жетинчи баласымын. Мен Жалал-Абаддын Базар-Коргонунан болот эмесминби. Апам тоолуу аймакта чоңойгондуктан, апамды тоолук деп коюшчу. Ошондуктанбы биздин айылдын аялдары билбеген көп иштерди билчү эле. Оймо-чийме түшүрүлгөн туш кийиз, шырдак, жууркан-төшөк жасоодо алдына киши салчу эмес. Кайсы жерде кыздын себи жасалып жатса апамды чакырышчу.
Апамды эстегенде балалыгымдын бактылуу күндөрүн эстейм. Кыш күндөрү эрте туруп апам байкуш уй саап, сүт тартып, очокко от жагат. Биз көзүбүздү жылтыратып апамдын ар бир кыймылын тиктеп жата берчү элек. Атам бизди зериктирбей комуз чертип "качан наның бышат? Качан чайың кайнайт?"деп бир нерселерди кыңылдай берер эле. Биздин ар бир таңыбыз ушундай шаңдуу башталчу.

“МҮНӨЗҮ...”
– Апамдын мүнөзү мага окшош болчу. Көп унчукпай, күлүп коюп эле жумушун кылып жүрө берчү. Башкалардын аялдарына окшоп бир да жолу атама үнүн көтөргөнүн уккан эмесмин. Анан эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Бирөөлөр чакырып калса өз ишин токтотуп коюп барчу. Эми сегиз баланын түйшүгү оңойбу? Баш тартып деле койсо болот да. Баса, бир жолу апамдын жини катуу келген. Кыш күндөрү болчу. Үй-бүлөбүз менен шахматты укмуш ойночубуз. Улуу агам оюндун эрежеси менен ойнобой, мени чычалатып жиберди. Мен куру калбай, айтор, ызылдашып эле калдык. Апам байкуш күйпөлөктөп отун күйгүзө албай жаткан. “Эшикте кар, үй болсо тар, эмне мынча ызылдайсыңар? Ушул силердин шахматыңарды?..” деп туруп шахматты мешке салып жиберген. Апамдан эч качан мындай жорукту күтпөгөн жаныбыз отуруп эле калдык. Ага чейин апам чаап же катуу айткан жан эмес эле да. Жазаны да, тарбияны да атабыздан алчубуз. “Атаңар келе жатат. Азыр силердиби?..” деп коркутуп калчу.
Апамдан дагы бир мураска алган нерсем – сүрөтчүлүк. Бир жолу апамды отургузуп алып сүрөтүн тартканым эсимде. Окшоштубу, окшошподубу, билбейм, бирок ошондон кийин сүрөтчү болсом деп эңсеп калгам. Кийин апамдын шырдакка деген оймо-чиймелеринин үлгүсүн мен тартып берип жүрдүм.

“ТАМАГЫ...”
– Апам нанды тандырга жапчу. Акырында мага арнап кичинекей кылып күлчөтай жасап койчу (жука жабылган кытыраган нанды бизде ушинтип атайт). Анан ысык нанга сары майды куюп туруп мыкчып жасайт го. Мына ошол мыкчымасынын даамы бир башкача. Эсимде калган апамдын дагы бир тамагы толто болчу. Сары майды сызгырып, чөбөгөсүн алып ага талкан, кант, бал, жумуртка кошуп койчу. Азыркы шоколаддардын даамындай. Жасаган тамагын талашып жеп жатсак өзүнө-өзү ыраазы болор эле.

“ТАБЕРИК...”
– Апамдын буюмдарын карап, кээде катуу сагынганымды байкайм. Өз колунан чыккан жакшы буюмдары бар. Менде болсо апамдын казаны эстеликке калган. Өкүнүчүм, апам эч нерсени көрбөй кетти. Менин ийгиликтеримди, жакшылыгымды, урматымды көрбөдү...

“АПАМА АРНАЛГАН ЫР...”
– Апам катуу оорунун айынан мен 15ке чыкканда көз жумду. Ошондо гана апам биздин жашоонун жарыгы экенин туйдум. Менин эң биринчи сахнадагы ырым да апама арналган эле. Ырдап баратып эле муунум бошоп, апамды элестетип кеткенде мукактанып кетчүмүн. Кийин өзүмө оор болуп, ал ырды ырдабай да калдым. Апам каза болгондон кийин оор түйшүк түштү. Улуу бир туугандарым көбү турмуш куруп кеткен. Үйдө иним, атам, мен гана калганбыз. Кир жууп, тамак жасап аялдын жумушун кылып, аз убакта эле жүдөп кеттик. Ошондо атама “ата, аял албасаңыз ого бетер кыйналып калабыз го” дедим. “Жок, балам, маркумдун ашы өтмөйүнчө аял албайм” деп койду. Кызыгы, кийин атама өзүм аял алып бердим. Мен бир жакшы эжени көздөп жүргөм. Бирок атам: “Балам, ал актив чалыш аял экен (мурда контордо иштегендерди ушинтип айтышчу), ал силерге жакшы көңүл буруп жарытпайт го. Мага жөнөкөй эле аял тап”,- деди. Атам өзү мектептин директору болуп кычырап жүргөн киши болчу. Анан мектепте пол жууп иштеп жүргөн 20 жаштагы келинди ылайык көрүп, өзүм барып сүйлөшүп келдим. Турмуштан жолу болбой жүргөн экен, экөөнүн ортосундагы жаш деле тоскоол болгон жок. Ал эжебизден атамдын алты баласы бар. Ошондо туура иш кылган экенмин деп калам. Жаңы апабыз жакшы аял чыкты. Атамды кор кылган жок.

“КААЛОО...”
– Эх, карындашым, апамды эстетип катуу ойлонттуң. Эненин ыйыктыгын сөз менен түшүндүрө албайм. Андан көрө жалпы энелерге ыр саптары менен каалоо айтып кетейин.
Аралап тамыр кан келер,
Адамга дайым жан берер.
Алтындан кымбат асыл жан,
Ардактуу апаң бир келер...

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
минура
2010-03-09 14:31:12
эх..... тубун тушкур дунуйо , Кубиктин айткандарын окуп толуп/толуп кеттим. Айла жок ....
Аябай жуунумду бошотуп салдыныз го ...
Озумдун апамды аяп кеттим...
0
Mira.24.
2012-07-14 12:19:39
эх менда алыстамын апамды сагынып кеттим.
0
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан