"КЫРГЫЗ ЖЕРИНДЕ ӨТКӨН ЭСТЕН КЕТКИС 10 КҮНҮМ"

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги окуучулардын дүйнөнү таанууга кызыгуусун арттыруу үчүн жайкы лагерь уюштурганын жазганбыз. Ага өлкөнүн ар бир районунан жана Ош менен Бишкектен, Малайзиядан келген мугалимдер жана окуучулар катышып, эс алууга да, көл жээгинде англис тили боюнча сабак алууга да жетишишкен. Мына ошол Малайзиядан Кыргыз жерине биринчи жолу келген окуучу кыздын сапар тууралуу жазган күндөлүгүн берүүнү туура көрдүк.

1-күн
"ЖАШООМДОГУ ЭҢ ТЫНЧ УЙКУ"

– Ичимдеги уйгу-туйгу сезимдер менен алпурушуп, аларды басаңдатууга аракеттене жаткан жеримден турдум. Ошол учурда, таңкы саат 5те жалгыз элестете алганым – бул 12 жаштагы сиңдимдин суроо артынан суроо жаадырганы болду. "Өзүңүздү жакшы сезип жатасызбы? Эгерде бара албасаңыз, мен сиздин ордуңузга барам, ээ?" деп жатты. Жоопкерчиликтүү болгонум үчүн анын соболдорун этибарга албай, чайкана калайын деп душка кирдим. Чыксам таңкы тамагым менен дары-дармегим даяр туруптур. Үйдөгүлөр менен коштошуп, унаада аэропортко жеткенче көзүм илинип кетиптир.
Shaine (Шейн) аттуу жакын курбумдун жанынан орун алганым ошол күндүн эң мыкты учуру болду. Өзүмдү дале ооругандай сезип, чыйрыкканым күчөгөндө курбум мага жардамдашып турду. Конорубуз менен мен үчүн күтүүсүз болгон жолугушуу орун алды. Камералар, микрофондор жана бейтааныш адамдар... Уялчаак болгонум үчүн эмне кыларды билбей, шашып калдым. Досторумдун тартынбай шыр аралашып кеткени мага дем бердиби, айтор, мен алардан кем калбайм деген ишеним пайда болду. Көп өтпөй мейманкананы көздөй жол тарттык. Жайгашкан соң баары кечки тамакка кетишти. Ошондо гана жаным жай алып, мен бейкапар жана таттуу уйкуга чөмүлдүм.

2-күн
"ЫСЫК-КӨЛГӨ УЗАК САПАР. ADELE (АДЕЛЬ), ОЙГОН!"

– Шейндин кишини чочуткан үнүнөн улам ойгонуп кеттим. Өңүмбү-түшүмбү түшүнө албай көзүмдү ачтым. Менин үйүм эмес го бул жер?.. Аңгыча баш оорум кечээги күндү эске салды.
Тарыхый музейи бар мектептен башка окуучулар менен жолугушуудан кийин түшкү тамакка жөнөдүк. Билгеним, 14 жашка созулган кыска өмүрүмдүн эң коркунучтуу сааттары көз алдыма тартылгандыгы... Мен эптеп-септеп автобустан түштүм. Шейн мени кармайын дегенде колумду тааныш жүздүү кыргыз эжей, мисс Алина өзүнө тартты. "Биз сени ооруканага алып барабыз, макулсуңбу?" деди ал жагымдуу кара көзү менен тигиле карап. "Хм, макул..." дедим мукактанып.
Ошентип, оорукананын керебетинде жатам. Колума бир канча ийнелер сайылды. Мисс Алинага рахмат, ал мага котормочулук кылып, врачтар сураганды кылып жатты.
Бишкектен Ысык-Көлгө чейин 7 саат жол жүрдүк. Жеткенден кийин баарыбыз мейманкананын каттоосунан өтүп жатканда мен өзүмдү ыңгайсыз сездим. Баш калкалоочу жайын жоготуп койгон адамга окшоп, анысы аз келгенсип колума кан болуп калган чүпүрөктү кармап алгам. Айланамдагылар мени таң калгансып тиктеп жатканын баамдап, аларга биринчи көрүшүүдө эле жакшы таасир калтыруу азыр мүмкүн эместей деген тыянак чыгардым.

3-күн
"УЙДУН ЭТИ ЖАНА КАРТОШКА"

– Жаркыраган күндүн көз уялткан нурларын тосуу үчүн гана таң агарары менен ордуман турдум. Уюлдук телефонумду ала калып, Шейнди ойготтум. Эмне үчүн дебейсиңерби? Саат болгону таңкы 6 экен. Керилип-чоюлуп алып, кийиндим да сейил бакта басып келүүгө чыктым. Бийик карагайлар менен бутактан бутакка секирген тыйын чычкандар арбын экен. Өтө тынч, салкын жана таптаза аба мемиреп турду. Бул жерди мен жөн гана сейил багы эмес, бейиш багы деп атамакмын!
Шейн экөөбүз эртең мененки тамактанууга чогуу чыгып, чоң залды көздөй тепкичтен көтөрүлдүк. Залда киши көп, тамактын даамдуу жыты табитимди ачып жиберди. Тамшандырган нандын жыты, таттуу чай менен сүт жана...
...уй эти жана картошка?
Жергиликтүү эл протеиндин негизги булагы болгон уй этин биз, малайзиялыктар тоок этин көп жегендей эле жешет тура. Күрүчтүн ордуна көбүнчө картошка жана нан жешет экен.

4-күн
"ДӨӨЛӨТ КАЧТЫ..."

– Мен буттарым менен колдорум ысып-күйгөн абалда ойгондум. Денем толугу менен күнгө күйүп калыптыр, тийген сайын ачыштырып жатты. Ысык-Көлдүн айланасына чыккан саякатта мисс Элса маанайыбызды бий менен көтөрүүгө аракет кылды. Биз да бири-бирибизди кубаттап ырларды ырдадык. Тил билбегендигим үчүн аларды түшүнө албагандыгыма, кошулуп ырдай албагандыгыма карабастан, алардын жүзүндөгү жылмаюуну көрүү мени бакытка бөлөдү. Калган күндү биз көл жээгинде өткөрдүк. Жаңы досторум мага таттуу шекер кебез сатып беришип, Ысык-Көлдүн муздак суусуна алар менен кошулуп түшүүмдү суранышты. Күндүн ысыгында муздак сууга бутумду малуу, ошондой эле жайдын адаттагыдай эмес салкын шамалы, керемет булуттар, күнгө күйүп, сепкил баскан, купальникчен адамдар, жээк болсо жумшак кум менен көгүш толкундарга бөлөнүп жатканы – бул бир керемет көрүнүш болчу.

5-күн
"КЕЧКИ ТАМАККА ТООКПУ? АДЕЛЬ, БИЗ ЭМИ БУЛ ЖЕРДЕБИЗ!"

– Биз эки саатка "Рух-Ордо" комплексине келдик. Туристтерди кызыктырчу бул жай чындап эле өтө кооз жана таза жер экен. Баарынан кызыктуусу – комплекстин алдында эле чокуларын кар баскан тоо турат, анын этегинде эч качан тоңбогон Ысык-Көл. Мен бир канча сүрөт тартуу үчүн эң мыкты жай экен деп ойлодум. Өзүнө тартып ала турган пейзаждары, "Рух-Ордонун" кооз архитектурасы өмүр бою эстелик болуп калчу сүрөттөр үчүн идеалдуу жай дегим келет.
Комплексти кыдыруудан кийин баарыбыздын шайыбыз ооп, ачка да болдук. Мейманканада бир сааттай эс алып, кечки тамакка жан талаша чуркап бардык. 5 күн бою биз бир гана уй этин жеп жатканбыз жана тооктун даамын сагына баштаган элек. Кечки тамакка күрүч менен куурулган тоок беришти, бул мен баарынан күтүп жаткан тамак болчу.

6-күн
"ЖАН КЫЮУГА ДАЯР ЖЫЛКЫЛАР ЖАНА ТИКЕНЕКТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР..."

– Бүгүн күн чакчайып тийди, бирок шамал согуп, аба таза болуп турду. Таңкы тамактан кийин холлдо чогулгула дешти. Бүгүн эмне кылат экенбиз? Жолго чыктык, жол өңгүл-дөңгүл экенин жана жээк бойлой өтө көп дарактар бар экенин көрдүм. Бул биздин аябай күтүп жаткан Чоң-Ак-Суу капчыгайына бара жатканыбызды гана билдирмек.
Таштак жерге түшкөнүмдө тоо артынан уланган тоолорго, ылдыйды көздөй шар аккан дарыяга жана жылкылар менен бүркүттөргө күбө болдум. Анан эле "лошадь" деген сөздү кайталай берген узун бойлуу киши жөөлөй баштады, жыйынтыгында мен анын жардамы менен аябай чоң атка миндим. Бардыгы өз алдынча атты башкарып жатканын көрүп, мен чочуп кеттим, себеби буга чейин бир да жолу атка минип көргөн эмес болчумун! Бирок көнүп кеттим. Кайсы бир учурда шар аккан дарыяны көздөй бараткан жан кыюуга даяр атты токтотууга туура келди, керек болсо токтотом деп кактуска окшогон өсүмдүккө бутумду тилдирип алдым. Ошентсе да мен эч качан өкүнбөй тургандай жаңы тажрыйбага ээ болдум.

7-күн
"КОНЦЕРТ КҮНҮНДӨГҮ КӨЗ ЖАШТАР..."

– Бүгүн бир командада болчу акыркы күн. Чынын айтайын, бир канча күн мурун жолуктурган досторум менен коштошууга убакыт келип жеткенине капа болдум. Мынчалык жакын болуп кетерибизди ким билиптир?
Концерттин убактысы келип, менин командам өзүн мыкты көрсөттү. Биздин команданын түстүү футболкаларына өз ысымдарыбызды жазып, унутпоо үчүн бири-бирибизге бердик. Досторумду, мугалимдеримди кучактап жатып өзүмдү кармай албай, көз жаш тыйылбай акты. Ыйлап да, күлүп да жаттык. Мен баарын сагынарымды билип турдум жана ар бири баарыбызды эстен чыгарбайт деп ишенем!

8-күн
"БИШКЕККЕ КАЙТУУ. БАЛДАР, СЫРТТАГЫ КООЗДУКТУ КАРАГЫЛАЧЫ!"

– Кайрадан терең уйкудан ойгонуп, өзүмдү кеч уктаганым үчүн жемеледим. Автобустун пардасын ачканга шаштым. Ошондогу Кыргызстандын жол боюндагы кооздугу мени таң калтырып да, суктандырып да жатты.
Жашыл, аскалуу тоолору бири-бирине айкалышып, ийнелүү бийик бак-дарактары мелтиреген жашыл океандай көрүнүп, көгүлтүр асманда булуттар калкып, тунук суусу шаркырап агып жатты.
Эгерде бул кооздук жөнүндө мурдараак билгенимде, мен баштыгымдан калем менен барак алып даярдап коймокмун. Андан соң көзүмө көрүнгөндү кагазга түшүрмөкмүн. Анткени андагы мен көргөндөр шедевр болчу.
Кечки тамакка тоо боорундагы ресторанга бардык. Ал жактан биз жылкы этинен жасалган даамдарды таттык. Таң калычтуу, бирок даамы абдан сонун. Андан сырткары биз даамы күрүчтөн жасалган шарапка окшогон улуттук суусундуктарды ичип көрдүк. Көпчүлүккө жакпаганы менен, мага абдан жакты.

9-күн
"ПАСПОРТ..."


– Бишкек шаарын кыдырууга, акыркы сомдорубузду коротууга жөнөдүк.
Биз демейде туристтер бара бербеген жергиликтүү базарга бет алдык. Базар ичи толтура улуттук кийимдер, буюмдар, музыкалык аспаптар жана башка көптөгөн нерселер сатылат экен. Дал ошол убакта мен сувенир алып жатып, чөнтөгүмдөн капчыгымды түшүрүп алганымды билдим. Эл абдан көп эле... «Менин капчыгым кайда?»
Ошол замат мен бул жөнүндө мугалимдерге кабарладым жана биз жакын аралыктагы милиция бөлүмүнө бардык. Милиция кызматкерлери менден капчыгымда эмнелер бар экенин сурашты. «Паспортум». Мен дүрбөлөңгө түшүп, көздөрүм жашка толо түштү. Паспортумдун табылып калышын, аман-эсен Малайзияга жетип алууну тиленип жаттым.
Түшкү тамакта ой басып турганда Айсулуу айым мени чакырып, колума дал меникине окшош капчыкты сунду. Менин капчыгым! Айсулуу айымды ушунчалык катуу кучактап рахматымды айтып жибердим.

10-күн
"АЯГЫ..."

– Бул жакшы адамдарды гана эмес, бул өлкөнү да көрө ала турган акыркы күн болчу. Биз кезектеги экскурсияга чыктык, бирок мен абайлап жүрдүм. Акыркы күндө туура эмес иш болуп кетишине жол бере алмак эмесмин, туурабы? Биз базарга эмес, супермаркетке соода кылууга бардык.
Аэропортко бара жатып ушул эле автобустагы биринчи күндү эстедим. Ушинтип эле баары бүтүп калабы? Бул 10 күн көз ачып-жумгуча өтүп кетти, бирок мен аны башкага эч качан алмаштырмак эмесмин.
Анда акыркы коштошуубузду айттык. Мен азыркыга чейин мугалимдин мага "Экинчи ооруба, Адель!" дегенин унута элекмин.

(Сүрөттө: солдо Шейн, оң жакта Адель)


"Буга чейин бир да жолу ат минип көрбөсөм да, мен эч качан өкүнбөй тургандай жаңы тажрыйбага ээ болдум".

"Бир канча күн мурун жолуктурган балдар-кыздар менен мынчалык жакын болуп кетерибизди ким билиптир?"


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2016-08-22 18:01:25
Жакшы сочинение жазыптыр.
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан