КЫШКА ДАЯРДЫК: КАРА ӨРҮК

Кара өрүк – эң пайдалуу мөмө. Андыктан учурда төгүлүп бышып жаткан бул мөмөдөн кышкыга даамдарды жасап, кампаңызды витаминдерге толтуруңуз.

КАРА ӨРҮК+ЖАҢГАК КЫЯМЫ


Керектелүүчү азыктар:

  • Кара өрүк – 1 килограмм
  • Кумшекер – 600 грамм
  • Жаңгактын маңызы – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кара өрүктү жууп, сабак жагына калем сапты сайып данегин түртүп чыгарабыз. Жаңгактын маңызын 4 бөлүккө бөлүп, анын бирин данектин ордуна салабыз.
2. Кара өрүктү сыр идишке салып үстүнө кумшекер кошуп, ширеси бөлүнүп чыкканча тыныктырып коёбуз.
3. Эми идиши менен отко коюп 5 мүнөттөй кайнатып алабыз да, оттон чыгарабыз. Кыям муздаганда кайра дагы бир жолу 5 мүнөттөй кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга жаап коёбуз.

КАРА ӨРҮК+ШОКОЛАД КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:

  • Кара өрүк – 600 грамм
  • Кумшекер – 300 грамм
  • Какао – 1 аш кашык
  • Ванилин же корица – 10 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кара өрүктү жууп, данегинен ажыратып алабыз да, үстүнө кумшекерди салып салкын жайга ширеси чыкканча коё турабыз.
2. Ширеси чыккан соң какаону жана ванилинди кошуп, жай отто 15-20 мүнөт кайнатабыз.
3. Алдын ала бууланган банкаларга куюп жаап салабыз.

ТКЕМАЛИ СОУСУ

Керектелүүчү азыктар:
(0,5 литрлик 3 банка үчүн)

  • Кара өрүк – 1 килограмм
  • Кызыл болгар калемпир – 5 даана
  • Сарымсак – 2 баш
  • Ачуу калемпир – 1 даана
  • Кумшекер – 2 аш кашык
  • Туз – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кара өрүктү жууп, данегинен ажыратабыз. Ал эми болгар калемпирин, ачуу калемпирди, сарымсакты тазалап жууп алабыз да, баарын эт өткөргүчтөн өткөрөбүз.
2. Даяр болгон аралашмага туз, кумшекерди салып аралаштырып, 15 мүнөт жай отто кайнатабыз. Соусубуз даяр. Бул соус көп тамактарга мыкты татымал болуп бере алат.

КУРГАТЫЛГАН КАРА ӨРҮК –

Кара өрүктүн кагынын курамында В витамини, темир көп. Аз кандуулукта жана бөйрөк ооруларында пайдалуу. Организмдин стресске туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн күчөтөт. Калориялуулугу – 339 килокалория. Андыктан кант диабети жана ашыкча салмактуулук менен жабыркагандарга көп өлчөмдө жегенге болбойт. Кээде аллергияны чакырышы мүмкүн. Күнүмдүк норма 50 граммдан ашпашы керек.

КАРА ӨРҮК+ШАБДАЛЫ КОМПОТУ

Керектелүүчү азыктар:
(3 литрлик банка үчүн)

  • Кара өрүк – 10 даана
  • Шабдалы – 5 даана
  • Кумшекер – 200 грамм
  • Суу – 2,5 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Кара өрүк менен шабдалыны таза жууп алабыз да, бууланган банкага салабыз.
2. Кайнап жаткан сууну банкага куюп, капкак менен жаап 10-15 мүнөт коё турабыз.
3. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, ага 200 грамм кумшекерди кошуп кайнатып сироп даярдайбыз да, аны банкага куюп оозун бекитип коёбуз.

КАРА ӨРҮКТҮ КУРГАТУУНУН ЖОЛДОРУ

1. Күн нуру түз тийген жерге жайып кургатууга болот, бирок как катуу болуп калат.
2. Көлөкөдө кургатуу эң жакшы ыкма. Анткени жемиштеги бардык пайдалуу заттар сакталып, жемиш өтө катуу болбой кургайт. Бирок узак убакытта кургайт.
3. Электр мешине салып кургатуу башка ыкмаларга салыштырмалуу тез болгону менен, электр энергиясын коротуп ашыкча чыгым тартасыз. Табага пергамент кагазын төшөп, экиге бөлүнгөн жемишти тизип салып, 3-4 саат 50 градуста, андан кийин 75 градуска жогорулатып 10-12 саат кактоого туура келет. Айрымдар алтын күкүрткө ыштап да кургатышат. Мөмө бат кургап, сапаты жакшы көрүнгөнү менен, мындай как ден соолукка зыяндуу деп эсептелинет.

Кара өрүк заара айдоочу касиетке ээ. Бөйрөк, боордун иштешин жакшыртат.
Кара өрүк организмди оору жуктургуч бактериялардан коргоп, токсиндерди, шлак жана башка зыяндуу заттарды эң сонун айдап чыгат. Мындан сырткары ич катуунун душманы.
Жумушка болгон жөндөмдүүлүктү арттырат. В витамининин тобу организмди сергитет, күч-кубат берет, маанайды көтөрүп, эс-тутумду жакшыртат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Siren90
2016-08-22 17:23:03
Жаңгак м.н кыям жакты жасап көрүү керек, бирок данеги ручка м.н сайганда эле оңой чыкпайт го, башка да ыкмалары болсо жазып коюңуздар.
0
DNurgiza
2016-08-22 22:36:40
эртең тердирейинчи, бирок күнүгө эле эртең, эртең деп отурам го...
0
masenya
2016-08-24 21:45:43
Жакшы кенеш болду как салайын деп аткам кун тийген жерге жайыш керек деп жай камдап жаттым эле эми колоко жерди даярдашым керек экен.
0
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-26 23:10:00
Ит жебей эле эшикте жаткан кайналыда ушундай касиеттер камтылганын айт))
0
deva
2016-08-27 22:08:36
Мен жылына ушул компотту жасайм, заараны жакшы айдайт)))
0
Guzi88
2016-09-04 04:52:24
Кышкыга жабыла турган салаттар жонундо жазгылачы сураныч
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан