ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кыздын аты Арууке экен. Мен Калыска ишенгем. Ал өзүнүн достору менен барыптыр да, кызды кайсы бир батирге кыйнап алып келиптир. Мына ошол жерден ал көзүнөн айрылган. Кыз аны калем менен оюп алган экен. Азыр Калыстын Циклоп аталып жүргөнү ошондон. Көзүнөн айрылган Циклоп аз жерден кызды өлтүрө жаздаптыр. Ал өлтүрбөй, болгону башына катуу чаап залал келтириши керек болчу. Кызды араң сактап калдык.
Кыскасы, биз муздаткычтагы Жаннанын денесин Аруукеники кылып көрсөтүп койдук. Бул оңой эле болду... Арууке жашаган аймакка эле тоңуп турган Жаннанын сөөгүн полиция тапкыдай кылып таштап кеттик. Анын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү.
Ал арада "Джи табылды" деп Аруукени алып келип ооруканага жаткырдык. Мына ошол жерден Андрей Николаевич мени таң калтырды. Ал эмне кылганын билбейм, бирок кыз жадакалса өз атын да унутуп коюптур.
Кандай ойлойсуңар билбейм... Бирок мунун баары Маржан үчүн жасалды. Силер бул жакка качкандан кийин мен арга жок Маржанга баарын айтып бердим. Ал менин Маржаным да, менин жинди сүйүүмдү, акылсыз, өзүмчүл сүйүүмдү түшүнө алды. А силер мени псих деп ойлоп жатасыңар. Түшүнөм. Соо киши минтпейт.
Канчалык оор болбосун, Маржанга убада берген үчүн, Арууке, мен сенден кечирим сурайм. Мен Жаннаны өлтүргөн жокмун. Ал өз жиндилигинен эле каза тапты. Ал эми сени өлтүрбөгөнүм менен, сенин өмүрүңдүн бир учурун уурдаганга аракет кылдым. Мына ушул үчүн кечирип кой! Мунун баары жакшы көргөн адамым үчүн жасалган!
Мурат жеңилдей түшкөндөй болду. Анын бет маңдайында отурган Арууке көз жашын көлдөтүп, эмне деп сүйлөөрүн билбей жатты. А Жанардын муштумдары чыңалып, Мураттын кылган кылыктарына бир чети жини келип, бир эсе таң калып бүтө албай турду.
– Мен сизди кечирем!- деди анан бир убакта Арууке Муратка тике карап.
– Аруш?! Эмне дейсиң?!- Жанар түшүнбөй калды. Мурат болсо көздөрүн чакчайта оозун ачып туруп калды. Ал мындайды күтпөсө керек.
– Кечирем, Маржан апам үчүн кечирем!
– Арууке, токтосоң, биз аны түрмөнүн түбүндө чиритип коё алабыз,- Жанар шашып калды.
– Анан? Анан эмне болот? Бул түрмөдө чирийт. А Маржан апачы? Жалгыз калабы? Өмүр бою "Мурат менин айымдан ушинтти" деп өзүн жеп өтпөйбү?! Ал байкушта эмне күнөө? Күнөөсү – эне болуп баласын жакшы көргөнүндөбү? Ал мындай азапка татыксыз. Мен ошон үчүн кечирем. Менин бир тууганым Жанна, канчалык ачуу угулбасын, туура эмес кадам жасаган. Анын туура эмес кадамынын азабын баарыбыз тарттык. Болбосо бизде акыры бир убакта жолугуп калуу мүмкүнчүлүгү бар эле го. Мурат Адамбаевич, мага болгону бир нерсени айтыңызчы, сиз өрттөп жиберген документтерде менин чыныгы апам менен атамдын ысымдары кандай эле? Окудуңузбу?
– Азамат жана Нургүл. Мен өз булактарым аркылуу алардын Казакстанда жерге берилгенин аныктадым. Кааласаң бейиттерин көрсөтүп бере алам. Сенин ата-энең мен сыяктуу балдар үйүндө тарбияланган адамдар болгон экен...
Арууке шалдая түштү. Азыр ал чыныгы ата-энесинин бейишин гана тилеши керек. Ал муну түшүндү.
Чындык айтылып бүттү. Ортодо жымжырттык пайда болду. Ушул маалда бөлмөгө Маржан кирип келди.
– Апа!- көз жашы тыйыла элек Арууке анын кучагына жыгылды.
– Кызым! Апа деп койгонуңдан сенин! Суранам, мени жерибе... Апаң болуп эле жүрөйүнчү. Сага аябай көнгөн экенмин. Колуңдан келсе Муратты кечир! Мени кечир! Сени болгон энелик мээримим менен жакшы көрөм!- Маржан да ыйлап жиберди.
– Кечирдим, апа! Сенин күнөөң жок. Энелик кылып баласын жакшы көргөн да күнөө бекен? Кечирим сураба,- деди Арууке жооткотуп.

ххх

Гүлкайырлуу бейиттеги сүрөт өзгөрүлүп, эстеликке Жанна Муратова деген ысым жазылган таш орнотулду. Колдорун жая отурган Маржан менен Арууке дилинде Кудайдан Жаннанын күнөөлөрүнүн кечирилишин, бейиштен орун алышын тилеп отурушту.
– А бул гүлдөрдү ким эккен?- деди Маржан бир убакта бурулуп.
– Жанар...
– Аа...- Маржан баарын түшүндү. Жигитке ыраазы болуп кетти.

ххх

Бишкектин чок ортосундагы төрөт үйлөрүнүн биринин алдында өздөрүнчө эле кубанып, чечекейи чеч болуп алган топ адам жүрөт. Алар Калия, Кадыр, Маржан, Мурат, Зуура жана Жанар...
– Кудагый, небереңиздин ысымын ойлонуп турасызбы? Ким коёсуз?- Маржан Зуурага суроо салды.
– Ысымы даяр, кудагый. Уулум менен келиним эбак мага айтып дайындап коюшкан.
– Аа, жакшы. Ким коёсуз ошондо?- Калия да күлүп-жайнап сөзгө аралашты.
– Жанна. Ушинтип коёбуз деп жаштар чечишкен. Мага да жакты...
Баары үндөбөй туруп калышты. Аппак көйнөк кийген, колуна кооз гүлдөрдү, түркүн түстүү шарларды кармап турган Жанар баарын күлө карап: – Арууке ушинтип каалады. Мен колдодум. Менимче, абдан туура. "Кандай болгон күндө да бир өмүр бул дүйнөдөн өтүп, башка соолуп бараткан өмүргө мүмкүнчүлүк бериптир. Мүмкүнчүлүк алган өмүр жаңы өмүр жаратып отурат. Жаңы өмүрдүн аты Жанна болуш керек" деп түшүндүрдү Арууке.
Баары унчукпай турганы менен, ичтеринде мындан бир жыл мурун Кыргызстанга келип, эми бүгүн эне деген ыйык наамга ээ болуп отурган Арууке аттуу жакшы адамга ыраазы болуп турушту.
Бир убакта эшик ачылып, колуна апакай оромол көтөргөн Арууке чыга келди.
– Ураа-а, мен атамын!
Жанар менен Аруукенин кубанычында чек жок болчу!

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
raha84
2016-08-29 13:34:23
Аягы соонун бутуптур.Арууке молодец Муратты кечиргени.Баары чогулушуптур го.
+1
Shumkarbek777
2016-08-29 16:12:04
Башы кызыктуу,
Ортосу кайгылуу,
Аягы бактылуу.
+3
Aima94
2016-08-29 16:14:46
Сооонун. Бул автордон дагы да сериал кутом. Сизге чын дилимен ийгилик каалайм
+3
Aima94
2016-08-29 16:15:04
Соонун
+1
hanisa
2016-08-30 09:38:34
Жакшы
+1
pochtalyonin
2016-08-30 11:44:15
Супер инфого рахмат мен Кыргызстанга келгенде бутту го бул сериал))))))))
+1
aikera1992
2016-08-31 23:37:33
Автору ким?
0
japardos
2016-09-01 18:53:59
Жакшы. Акыры бутту аа
0
Belek2070
2016-09-03 03:10:12
Аруукени оз ата-апасынын мурзосуно да бардырып койбоптурда.
+1
taiir000
2016-09-06 01:06:32
Оа каникулда бутту
0
Gulya21
2016-09-11 17:22:10
Мен бул сериал мн москвага барып кайра келдим келгенимде буттуго аягы эн соонун бутту
0
Kadyrbek09.10.2015
2016-10-02 20:24:14
Ушул окуя болгонбу
0
kalykov
2016-11-09 20:13:55
Kadyrbek09.10.2015,оа болгон
0
kalykov
2016-11-09 20:13:09
Бул окуя адамды ыйлатып жибердиго.
Бул чыгарма жашоодон алган окуя окшойт
0
Nurbek.kyzy
2017-10-13 05:46:33
Окуп буткончо аябай ыйладым
0
demo009
2018-11-27 14:50:11
Кечинде окуп баштап,азыр бүттүм,кайталап окугум келди
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан