ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Азыр, токтой тур,- деп чыйылдактын үстүндөгү чапанын, баш кийимин чечип өзү кийип, өзүнүн чапанын ага кийгизди. Анан белиндеги узундугу эки метрдей болгон бел боосун чечип, эки колун, эки бутун бир кызыктай кылып байлады. Чыйылдактын ээги эки тизесине тийип, эки колу бутунун түбүнө кирип кызыктай болуп отуруп калды.
– Болду, эми эч жакка бара албайт. Жүр, балам, сен тезирээк кетишиң керек. Сени узатып коёюн, тигилер келе турган маал болуп калды,- деп жообумду күтпөй эле алдыга түшүп сууга жөнөдү. Эмне дешимди билбей артынан ээрчип жөнөдүм. Жээкке барып, чапанынын ички төш чөнтөгүнө салган экен, беш пачка акчаны алып мага берет, албай койдум. Колумдан катуу кысып коштошту, шаштырганынан сууга түшүп аркы жээкке сүзүп өтүп кеттим.
Алимдер отурган жерге туура эле чыгыптырмын, эки жакты карасам эч ким көрүнбөйт, карагандарга чейин сойлоп барып ичине кирип кеттим. Бир аз жогорулап, аксакал калган жакты карасам эч нерсе көрүнбөйт. Чыйылдак отурган жерде да эч ким жок. Алимдерди таап, ээрчитип алып карагандарды аралап айылга жөнөдүк. 10 мүнөттөй өткөндө аркы жээктен тапанчанын эки жолу атылган үнү угулду. Айылга эки чакырымдай бар эле, чек арачылар келип калбасын деп дымыбызды чыгарбай отуруп калдык.
Айткандай эле айылдан эки машинанын: УАЗ Жип, анан Ладанын жарыгы чыгып, бизден жыйырма метрдей жерден өтүп кетти. Чек ара жактан аскерлердин үндөрү угулуп жатты. Саат түнкү үчтөн өтүп калыптыр, эмне кылышты билбей калдым. "Таң атканча ушул жерде отуруп туралы" дедим Жыргалга. Таң атса дагы көрө жатарбыз. Ушунчалык тоңуп калдым, дагы жакшы, күрмөм кургак эле, эптеп оронуп отурдум.
Аксакал чыйылдакты атып салды бекен, атса атып деле салышы мүмкүн. Кой, өзүмдү ойлоюн дедим, эмнеси болсо да Тажикстандамын, өзүмдү Кыргызстанга келип калгандай сездим. Айылыбыз тажиктер менен чектеш болгондуктан базарына тез-тез эле барып базарлык кылып жүрчүбүз. Эч кандай чек арада тоскон деле адам жок, аябай эле арзан болчу аларда.
Ойго батып кетиптирмин, Алим уктап калган экен, Жыргал менин жаныма келип:
– Асад аке, эми эмне кылабыз?- деп шыбырайт.
– Таң атканча ушул жерде отуруп турабыз.
– Кыргызстанга келдикпи?
– Жок, азыр Тажикстандабыз, эртең барып калабыз, буюрса Кыргызстанга.
– Чоң атам эмне болду экен?
– Чоң атаңдан кабатыр болбо, көп акча таштап келдим, баары жакшы болот. Телефондон сүйлөшүп турасыңар, кийинчерээк силерди сагынат баары бир, Кыргызстанга келет, көрөсүң го.
– Алим экөөбүз каякка барабыз, эми эмне болот, чоң атам жок?..
Боорум ачып кетти, үнү айласы жок калган адамдай чыкты.
– Коркпо, чоң атаңа сөз бергем, силерди жакшы карайм деп. Өзүңөрдүн үйүңөр болот, окуйсуң. Алим да окуйт, көнүп кетесиңер.
– Кыргызстанда согуш жокпу, чоң атам айтты эле "ал жак тынч" деп.
Байкуш төрөлгөндөн бери согуш көрүп жүрүп, бүт эле жакта ошондой тынчы жок жашоо деп ойлойт окшойт.
– Кыргызстанда жакшы, эч кандай согуш жок, коркпо, сага эч ким эч нерсе дей албайт. Бизде мыйзам менен жашайт элибиз, бирөөгө жамандык кылса, урса же бир нерсесин алып койсо камалат.
– Бирөөнү бирөө атпайбы?
– Атмак түгүл курал көтөрүп жүрө албайт көчөдө.
Унчукпай калды, карасам жер чукуп ойлонуп отуруп калыптыр. Паранжысын көрүп анан оюма келди, бизге чектеш тажиктер паранжы кийишчү эмес, мүмкүн, бул жактагылар паранжы кийишет. Эгер кийишпесе Жыргалды көргөндөр эмне дейт, Алимди карадым, анын кийимдеринен эч ким деле ойлобойт. Биздин жаш балдардай эле кийиниптир, эскирээк эле болбосо. Анан өзүмдүн кийимим эсиме келди. Эми эмне кылам?
– Жыргал, кийимдерибизден билип коюшат го бизди, паранжыны чечип коюшуң керек. Бул жакта паранжы кийишпейт.
– Чоң атам айткан, "жаныңды сактап калыш үчүн паранжыны чечкенге шариятта уруксат берилет" деп. Башка кийимим бар.
Паранжыны чечкенден коркот окшойт да, чечпейм деп туруп алса эмне кылат элем?.. Ушунусуна да шүгүр дедим, өзүм күрмөмдү, баш кийимимди чечсем, а калганын көрө жатарбыз.
Кичинемден эле суукка чыдамым жок болчу. Күн ысыганда сууга чөмүлгөнү барганда, сууга түшүп чыккандан кийин башкалар күнгө кактанып жыргап жатса, мен калтырап-титиреп отурчумун негедир. Үшүгөнгө титиреп чыктым тимеле же тезирээк эле таң атпайт. Чек арачылардын эки машинасы кайра айылга кетти, башка эч ким деле көрүнбөйт. Таң агарып калды кадимкидей, саат бештен өтүп калыптыр. Күрмөмдү, баш кийимимди чечсем деле эч окшошподу, чоң плакатка "Мен Ооганстандан келдим" деп жазып көтөрүп алгандай эле болуп калат экем. Эми эмне кылам, башым катып калды. Жыргал "азыр келем" деп карагандарды аралап кирип кетип, он мүнөттөн кийин келди эле, оозум ачылып калды. Менин алдымда кара-тору, узун бойлуу, арыкчырай келген, кашы-көзү кара, сулуу кыргыз кызы турду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
dobrajelatel
2016-08-29 09:07:09
эптеп жетип алса экен
+2
malika79
2016-08-29 09:40:34
ова
+2
miki-84
2016-08-29 09:47:11
Жыргалга уйлонот окшойт
+5
Nurbakg91
2016-08-29 10:17:22
Жакшы жерине келди
+3
belka
2016-08-29 12:26:28
Бул баланын озунун аты эсимен чыгып калды, окуп буткучо ага кошулуп тонуп калдым.
+3
zara-919
2016-08-29 13:21:38
Жыргалды сүйүп калат го..
+3
aydarken
2016-08-29 16:48:06
Менин да дароо ойум кетти Жыргалды жактырып калабы?деп ошон учун тема Ооганстандан белек окшойт.
+1
suluktinskiy
2016-08-29 21:54:10
эми экоо любовь любовь болот
+1
Aima94
2016-08-30 03:15:08
Эч тушунбойм ушул автордун сериалын
-1
bakaiBBBB
2016-08-31 03:29:12
Маани бербейт элем бир козум илешип калып баашынан баштап окуп чыктым
+1
Bibi2009
2016-09-01 07:26:42
Эми бул жагы романтика окшойт)))
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан