“Ак кеме” командасынын капитаны Жаныш келечектен келген экен. Аны Эрмек Нурбаевди сактап калсын деп жиберишиптир.
Жашы – «СССРде 1,5 жыл жашагам».
Бою – 9 карыш (1 карыш = 0.79 тапан, 1 тапан = 22,5 см).
Салмагы – “Таразага түшсөм 3 сом деди”.
Лакап аты – Балдар - Жаамщүт, кыздар - Жанардо ди Каприо дешет.
Дежур сөзү – “Ко-о-ой?!”
Кызыкканы – Тамак бышыруу, бийлөө жана лепёшкага майонезди кооздоп сыгуу.
Жактырган тамагы – оБЫЖЫаю беш бармак.
Жактырган көйнөгү – Тетиги биринчи текчеде турган...
Девизи – “Беттин тарамыштары ар дайым тартылып турушу керек!”
Жактырган оюну – Fotoshop'то бетти чоюп ойноо.
Максаты – Кыргыз деген сөздү жердин ар бир кычык-пычыгына таанытуу.
Мотуевдин уюлдук телефону Моторола экен. Жандырган сайын: “Хэлло, Мотуев!” деп турат имиш.
Кыргызcтандык футболчулар Дүйнө чемпиондугунда финалга чейин жетишиптир. Анан администратор келип: “Эй, убакыт!” деп аларды компьютердик клубдан кууп чыгыптыр.
Жигит кызга кайрылып жатат:
– Чоң кыз, атыңыз ким?
– Атым ким эмес, фамилиям – Ким. Атым – Наташа.
Дүйнөлүк премьера “АВАТАРды” Таласта «АВАТРРРР» деп көрүп жатышыптырррр!